Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Кыргызстанда Курман айт 9-июлда белгиленет


Айт намазга чогулган кыргызстандыктар. 2-май, 2022-жыл. Бишкек.
Айт намазга чогулган кыргызстандыктар. 2-май, 2022-жыл. Бишкек.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айт 9-июлда белгиленерин билдирди. Муфтият тараткан маалыматта “30-июнь Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 8-июль арапа күнү, 9-июль Курман айт”, - деп айтылат.

Коронавируска байланышту эки жылдык чектөөдөн кийин 2-майда Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулган. Ага болжол менен 50 миңдей киши чогулуп, президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышкан.

Кыргызстандык зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы ажылык сапары 16-июнда башталган. Ажылык сапарга бара тургандарды каттоо 11-майда жыйынтыкталып, бардык квота берилип бүткөн.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жатканын билдирген. Кыргызстанда буга чейин ажалык сапарды уюштуруп өткөрүү жана топтолгон каражатка байланыштуу чуулуу окуялар катталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG