Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Милиция: блогер “Массалык башаламандык” беренеси боюнча кармалды


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү маалымдады.

Учурда Адилет Али Мыктыбек убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. Милиция блогер кайсы массалык башаламандыкка байланыштуу кармалганы тууралуу маалымат берген жок.

Адилет Али Мыктыбек 30-июнда түшкө чейин милицияга суракка чакыртылганы белгилүү болгон. Ал милицияга күбө катары 11-апрелде чакырылып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен козголгон иш боюнча суралганын айткан. Суракта ага Next TV телеканалы боюнча да суроолор берилгенин билдирген. Блогер муну оппозициялык маанайдагы ишине байланыштырган.

Ал Бишкектеги ар кандай нааразылык акцияларды, митингдерди социалдык тармактарда түз эфир аркылуу чагылдырып жүрөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG