Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Өзбекстан менен Казакстан коронавируска каршы чараларды жандантты


Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын көбөйгөнүнө байланыштуу Ташкенттин 12 районунда COVID-19га каршы адистешкен атайын бейтапканалар иштей баштады. Бул тууралуу 29-июнда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, атайын бейтапканаларда коронавирусту аныктоо үчүн экспресс жана ПЧР-тесттерди тапшырса да болот. Мындан тышкары ал жайларда бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, аларды "тез жардам" унаалары менен ооруканаларга жеткирүү, ошондой эле рентгенологиялык изилдөө жүргүзүүгө шарттар бар.

Акыркы бир жуманын ичинде Өзбекстанда күн сайын болжол менен жүздөй кишиден коронавирус аныкталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 28-июнга карата өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 240 667 кишиге жетсе, алардын 237 995и же 99% сакайып чыккан.

Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны көбөйө берсе, беткап режими киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.

"Эмдөөдөн өтүү – азыр негизги маселе. Азырынча кооптуу абал жок, бирок ооругандар көбөйө берсе, беткап режими кайра киргизилиши мүмкүн. Азыр суткасына жүз кишиден вирус аныкталып жатат", – деди ал.

Акыркы күндөрү Казакстанда коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканы байкалууда. 30-июнда эртең менен жарыяланган расмий маалыматка ылайык, өткөн суткада өлкөдө COVID-19 жуктурган 137 жаңы учур катталган. Алардын 77си Алматы, 26сы Нур-Султан шаарларында аныкталган.

Кыргызстанда статистика боюнча 30-июнда коронавирус жуктургандар катталган жок. Буга чейинки статистика боюнча 201 миң кишиге вирус жугуп, анын 2991и каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG