Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Украинанын чыгышында Орусиянын чабуулдарынын жаңы толкуну башталды


Украина. Луганск облусу.
Украина. Луганск облусу.

Украинанын Лисичанск шаары бүгүн, 30-июнда да орус армиясынын тынымсыз артиллериялык аткылоосуна кабылууда.

Жергиликтүү бийлик Украинанын чыгыштагы акыркы ири таянычы болгон аймак бомбаланып жатканын, орус аскерлери Донбасстын жүрөгү деп эсептелген бул өнөр жай секторун, Украинанын стратегиялык маанилүү шаарын ири калибрлүү куралдан улам аткылап жатканын билдирип жатат.

Өткөн аптада Москва украин күчтөрүнүн айыгышкан жана узакка созулган каршылыгына карабастан Лисичанскинин жанындагы Северодонецк шаарын басып алган.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус армиясы Лисичанскиге чабуулун улантып жатканын, калкы 100 миң Северодонецк шаарында азыр 15 миңдей жай тургун калганын, көбү коопсуз жактарга чыгып кеткенин айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG