Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Эрте никеден запкы көргөн беш көкүл кыздар


Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоочулар жашы 18ге толо элек кыздардын никеге туруусуна тыюу салынганы менен мындай көрүнүш токтобой жатканын айтууда.

2016-жылы Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамда жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салынып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзам боюнча никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат. Бирок ошого карабастан жашы жете элек кыздарды турмушка берген учурлар бар. Маселен, ЮНИСЕФтин 2018-жылдагы маалыматтарында Кыргызстанда 20-49 жаштагы аялдардын 12,7 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыкканы айтылган. Ал эми 15-19 жашында төрөгөндөр көрсөткүчү боюнча КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжандан кийинки эле экинчи орунда турат. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарган.

Күйөөгө эрте чыгып кеткен кыздар мектепти таштап кетишет. Дарыгерлер жашы жете элек турмуш курган кыздардын ден соолугу дагы бузуларын айтат. Айталы, өспүрүм куракта төрөгөн кыздарды төрөттөн каза таап калуу коркунучу 20-24 жаштагыларга салыштырмалуу беш эсе көп.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылы өлкөдө 10 995 ажырашуу фактысы катталганын билдирген. Аялдар менен иш алып барган активисттер ажырашуу, запкы көргөндөрдүн көпчүлүгү эрте турмуш кургандар арасында көп экенин белгилейт.

"Кылмыш жоопкерчилигин эскертип, той токтотулду"

Жакында эле Кара-Суу районундагы Нариман айылында 17 жаштагы кызды күйөөгө узатканы жаткан ата-энеге эскертүү берилген. Той кыз 18 жашка толмоюнча токтотулду деди Нариман айылдык кеңешинин депутаты Лола Нишанова. Ага 17 жаштагы сиңдисин күйөөгө бергени жатышканын айтып, кыздын эжеси кайрылган.

"Биз кыздын үйүнө барып, ата-энесине кыз 18ге толмоюнча күйөөгө берүү кылмыш болорун эскерттик. Алардан тил кат да жаздырып алдым. Бирок алар "макул" деп коюшуп эле, тойго даярдык көрүп жатышканын угуп калып, кайра бардым. Бул жолу кыздын энеси менен апасы мени уккулары келбей, "кыз биздики, качан, канча жашында күйөөгө беришти өзүбүз билебиз" деп ызылдашты. Айлам кетип, участкалык милиционерди ээрчитип барып, экөөнө тең кылмыш жоопкерчилигин түшүндүрдүк. Сураштырсак, күйөө болуучу жигит кошуна айылда жашайт экен. Ал жакка дагы милиция кызматкери барып, күйөө боло турган балага эскерткенден кийин, тойду кыз 18 жашка толмоюнча өткөрбөй турган болушту".

"Билинип калбасын деп, расмий нике кыйылбайт"

Кара-Суудагы жарандык активист Дильфуза Атабаеванын айтымында, жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам күчүнө киргенден бери, мындай учурлар бир топ тыйылды. Бирок кээ бир ата-энелер түрдүү шылтоолор менен кыздарын эрте турмушка берүүгө аракет кылган учурлар бар.

Дилфуза Атабаева.
Дилфуза Атабаева.

"Бизде кыздын чоң атасы, чоң энеси же таятасы, таенеси ооруп жатат, көзү өтүп кеткенче "кызды тындырып коелу деп жатат" деген сыяктуу шылтоолор менен 18 жашка чыгышын күтпөй эле, күйөөгө берип салышат. Андай учурда билинип калбасын деп, расмий нике кыйылбайт. Келин кош бойлуу болгондо аны жеке бейтапканага алып барып, каттоого коюшат. Дарыгерлер менен да сүйлөшүп алышат. Дагы эң өкүнүчтүүсү - жыл айланбай жаш келин күйөөсүнө, же кайын-журтуна жакпай калса, төркүнүнө жиберип салат. Азыр кыздарды эрте күйөөгө берүү азайганы менен ажырашкан жаш келиндер, атасынын фамилиясын ала албай жүргөн балдардын да саны көбөйдү".

Ажырашкан келиндер расмий никеси болбогондуктан, мүлккө да ээ боло албайт дейт Атабаева.

"Ажырашкан келиндер бир-эки жыл атасынын үйүнөн чыкпай, стресске кабылат. Ата-энеси уялат, күйөө баласы алып кетеби деген үмүттө күтүп жүрө берет. Анысы башкага үйлөнүп алгандан кийин гана алимент алуу үчүн сотко берип, чуркай башташат".

Аравандын Тепе-Коргон айылынын тургуну, ардагер Нартожихан Шерматова буга ата-энелерди айыптады.

"Кыздардын эрте күйөөгө тийип, ажырашып, бактысыз болуп калышына ата-энелер күнөлүү. Мына, азыр 10-11-класста окуган кыздарды болочок күйөөсүнө кудалап коюшат. Кайсы кыздан сурасаң, кудалап коюшкан болуп чыгат. Андай кыздар окубайт, оюнун баары болочок күйөөсү, кайын-журту болуп жатса, кантип окуйт? Ошондуктан ата-энелер кыздарын окутуп, кесипке үйрөтүшү керек. 16-18 жаштагы кыздар али жаш, күйөөнүн, кайын-журттун талабына жооп бере алабы? Жаш кызды үйүнө келин кылып алган кайнене сабыр кылып, ага өз кызындай мамиле кылып, өзү каалагандай келин кылып тарбиялашы керек. Бирок антпей жатышат, келери менен эле "келинби, кызмат кылсын" деп талап кылганды гана билишет. Ажырашуу неге көп? Анткени келин келген күндөн баштап, талап коюлат, "таңкы саат 5те туруп, чоң ата-чоң эненин дааратына суу, кайната, кайненесине жана башкаларга чай даярда, эшик шыпыр, тамак жаса, талаага чыгып эгин чап, парниктеги көчөттү кара" ж.б. деген буйруктар бериле баштайт. Жаш кыз ага чыдайбы, бул маселе эч кимди кызыктырбайт. Анан ажырашат. Ошондон улам да, ата-энелер кыздарын окутуп, билимдүү кылууга кызыкдар болушу керек".

"Кыздар кыялданганды унутту"

Дильфуза Атабаева акыркы учурда кыздар мектепти бүтүргөн соң, окуусун улантып, кайсы бир кесип ээси болууга умтулбайт дейт. Көпчүлүгү алдына максат койгонду билбей деле калды деп кайгырды ал.

"Биз райондогу орто мектептерде жогорку класстарда окуган кыздардын арасында атайын сурамжылоо жүргүздүк. "Кандай кесипке ээ болгуң келет? Мектептен кийинки жашооңду кандай элестетесиң?" деген суроого кыздардын 70-80 пайызы "билбейм, ата-энем билет" же "үйдөгүлөр билишет" деп жооп берди. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Кыздарга түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү керек. Алар алдына максат койгонду да билишпейт. Он кыздан бир-эки кыз гана "окуйм, мугалим, дарыгер же дизайнер болом" дешет. Айрым "чебер болуп, кызымдын себин өзүм даярдайм" дегендери да бар. Кыздар азыр "күйөөгө тийсем, иштетпесе, машинасында алып жүрсө, ажыга алып барса, үстүмө экинчи аял албаса, айтканымдан чыкпаса" деп кыялданышат. Азыркы учурда биз жергиликтүү аялдар кеңешинин, активисттердин аракети менен кыздарга, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз".

Айыл чакан, ажырашкандар көп

Араван районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Тепе-Коргон айыл өкмөтүндө 24 миң чамалуу эл жашайт. Расмий маалыматтарга караганда тургундардын 79% өзбектер, 20% кыргыздар, 1 % башка улуттар түзөт.

Айылдык аялдар комитетинин төрайымы Самаргүл Бекболотованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, быйыл жыл башынан бери эле ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 80ден ашты.

"24 миңге жетип-жетпеген адам жашаган айыл өкмөттө жарым жылда жүзгө жакын үй-бүлө ажырашканы - өтө кейиштүү көрүнүш. Бүгүнкү күнү буга эмне себеп болуп жатат? Биринчиден, кыздардын эрте турмуш куруусу. Али үй-бүлөлүк жашоого, бөтөн бирөөнүн үйүнө барып оокат кылууга моралдык да, физикалык да жактан даяр болбой туруп, турмушка чыгуунун аягы ажырашууга алып келүүдө".

Самаргүл Бекболотова
Самаргүл Бекболотова

Самаргүл Бекболотованын айтымында, ажырашуулардын негизги себептеринин бири - кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле.

"Жакында эки ай эле жашап ажырашууга жетип калган жаш үй-бүлөнүн тагдырына күбө болдук. Биз барып ажырашуунун себебин аныктаганыбызда негизги себеп - кайненеси болуптур. Келинине ыраазы эмес экен. Биз ортого түшүп, түшүндүрүүгө кылган аракетибизден тилекке каршы, оң натыйжа бербей, үй-бүлө бузулду. Жаштар кайненин каалоосу менен расмий никеге да турушкан эмес экен. Эң өкүнүчтүүсү - мындай ажырашуулардан балдар жабыркап жатканы. Ошондуктан биз ЗАГС бөлүмүндөгү кызматкерлер менен чогуу ата-энелерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү баштадык".

Жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусунун алдын алуу үчүн айылдык аялдар комитети башка активисттер менен чогуу жакында кайнене келин мамилесине арналган "Үлгүлүү кайнене" аталыштагы форум-театр уюштурду. Ага айылдагы үй-бүлөлөр катышып, ажырашууга алып келип жаткан терс мамилелерди сахналаштырып көрсөтүштү.

Алардын биринде келини жумушка кетип, анын ордуна эшик шыпырып жаткан кайненеге кошунасы келип: "Ээ кошуна, окуган келин алам деп эми минтип карыганда өзүңүз эшик шыпырып жүрөсүз, окубаган келин алганыңызда түйшүктүн баарын ага жүктөп коюп, төрдө көк чайды чайкап ичип отурмаксыз",- деп шыкактаган жери көрсөтүлдү.

Бирок каарман кайнене: "Мага окуган, сабаттуу, иштеген келин керек" деп, уулума өзүм тандап алып бергенмин. Окуган келиндин балдары да сабаттуу, билимдүү болот. Биздин журттун тукуму билимдүү, сабаттуу болушу үчүн келиндерибиз билимдүү, окуган болушу керек",- деп жооп кайтарды.

Активисттердин белгилөөсүндө, ажырашуулардан запкы көргөн келиндер көп учурда өз укугун коргой албаган, мектепти да толук аяктабай туруп, турмуш курган кыздар болууда.

"Кыздарды ата-эне, мугалим, коомчулук коргошу керек"

Тепе-Коргон айыл өкмөтүндөгү жаштардын "Демге-дем" инновациялык борборунун консультанты Мухлисса Сайпидинова өзү иштеген мектептеги кыздардын эртелеп турмушка чыгуусуна каршы көп аракет кылып, учурунда алардын ата-энелерине жаман көрүнүп жүргөнүн, бирок натыйжасы кубандырып жатканын канааттануу менен айтып берди.

"Бир нече жыл мурун кыздарын 9-класстан кийин эле окутпай, "кесипке үйрөнсүн" демиш болуп, мектептен чыгарып алган ата-энелер көп эле. Окутса окутуп, окутпаса бат эле күйөөгө берип жиберишчү. Мен ата-энелердин ошондой кадамына каршы туруп, алардан "кызым 18 жашка чыкмайынча күйөөгө бербейм" деп тилкат жаздырып алып жүрдүм. Башында "кыз меники, ага ээ болгудай сен кимсиң?" деп оройлонгон ата-энелер да көп болду. Болбой эле тырышып, кыздардын таламын талашып жүрүп, жыйынтыктарга жетиштик. Азыр кыздарын окутууну каалаган ата-энелер көбөйө башташты. Азыр окуйм деген кыздарды өзүм кошо чуркап жүрүп, окуу жайларга киргизүүгө аракет кылып жүрөм. Аларды жалпы республикалык тестирлөөгө да ата-энелерине түшүндүрүп, чогуу даярдайбыз. Кыздарды эрте күйөөгө берип жиберүүнүн алдын алууга мугалимдин да салымы чоң болушу керек".

Мухлиссо Сайпидинова (солдон экинчи) "Демге-дем" инновациялык борборунун катышуучулары менен.
Мухлиссо Сайпидинова (солдон экинчи) "Демге-дем" инновациялык борборунун катышуучулары менен.

Тепе-Коргон айылында кыз-келиндерге кесип менен кошо укуктарын үйрөтүүчү "Демге-дем" инновациялык борбору ачылган. Бул борбордо кыздар атайын адистердин жардамы менен бейтап адамга алгачкы тез жардам көрсөтүүнү, тигүүчүлүктү жана компьютерде иштөөнү үйрөнө алышат.

Борбордун демилгечиси, "Жаш ниет" коомдук уюмунун төрайымы Нургүл Караева кыздар эрте турмушка чыгууга секелек кезинен эле психологиялык жактан даярдалып каларын белгиледи.

Нургүл Караева
Нургүл Караева

"Жеңелери да ошондой жаш кезинде келин болуп келишсе, эжелери да он сегизге толуп-толбой турмушка чыгышат. Үйдө, чөйрөдө кыз бала, турмуш тууралуу сүйлөнгөн сөздүн баары "кыздар эрте турмушка чыгып, эрте ордун табышы керек" деген мааниде жүрөт. Биз бир нече жылдан бери Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен иштеп жүрөбүз. Бул аралыкта түрдүү активист, келечекке үмүттүү караган кыздар, балдар көбөйдү. Мурда биздин долбоорго кызыкпаган балдар, кыздар кийинчерээк активдүү боло башташты. Арасында мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайына тапшырып, кесипке ээ болгондор пайда болду. Мисалы, Нариманды эле алалы. Биздин долбоорго катышып жүргөн кыздардын 30% жогорку окуу жайларына окуп калышты. Мисалы, ОшМУнун медицина факультетине, Ош мамлекеттик педагогика университетине тапшырышты. Медициналык окуу жайларда окугандары бар".

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG