Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Беш көкүл кызын күйөөгө берген эне жоопко тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын районунда 16 жаштагы беш көкүл кызын турмушка берген эне жоопко тартылды. Ал сотко караштуу пробация департаментинин көзөмөлүндө турат. Бул райондо эрте нике үчүн жооп берген бул төртүнчү учур.

36 жаштагы Айсулуунун кызы Сезимай былтыр, 2021-жылы мектепте 10-класста окуп жүргөндө турмушка чыккан. Күйөө баласы өздөрү жашаган Нарын районунун башка айылынан болот. Кызынан беш жаш улуу.

“Кызым сүйлөшүп жүрүптүр. Интернеттен таанышкам дейт. Оку десем болбой, “турмушка чыгам” деп туруп алды. Мугалимдери да айтышты. Болгон жок. Мен таптакыр каршы болуп туруп алсам, өз өмүрүнө кол салчудай. Анда да жооп берем да. Айла жок, күйөөгө узаттым", - деди кыздын энеси.

Айсулуунун турмушка чыккан кызы үйдүн улуусу. Балдарынын атасы төрт жыл мурда оорудан каза болуп калган. Ошондон бери ал беш баланы жалгыз тарбиялап жатат.

“Турмушка чыккан кызым атасына аябай жакын болчу. Атасы өлгөндөн кийин аябай түнт тартып кетти. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Эмне жөнүндө ойлоп жатканына кызыгып, аны ачык сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Бирок мага такыр ачылбай койду. Балким ага ата мээрими толук жетпей калдыбы деп ойлойм. Үч уул, эки кызым бар. Алардын курсагын ачырбай, кийимин бүтүн кылып чоңойтконго бар күчүмдү жумшап жаткандай болдум эле”.

Айсулуу айылдагы мектепте пол жуугуч болуп иштеп, 5000 сом маяна алат. Беш баласына өкмөт 6000 сом жөлөк пул берет. Жалгыз бой эненин турмушу өтө жакыр болбосо да ортодон жогору. Кызы 18ге толбой турмушка чыкканына байланыштуу ага Нарын райондук милициясы кылмыш ишин козгогон. Тергөө үч айга созулуп, сот Айсулууну бир жылга пробация органынын көзөмөлүнө койгон.

“Күйөө балам, кудагыйым үчөөбүзгө бир жыл беришти. Кудагый да жалгыз бой эне экен. Азыр пробация департаментине айына эки жолу барып катталып турабыз”, - деди ал.

Айсулуунун кызын алган бала 21 жашта. Мектептен кийин окуусун уланткан эмес. Азыр майда-барат күнүмдүк жумуштарда иштеп тирилик кылат. Учурда Сезимайдын алты айлык боюнда бар экен. Турмушка чыккандан кийин мектептеги окуусун уланткан эмес.

2021-жылы Нарын районунда мындай учур катталган. Анын төртөө боюнча кылмыш иши козголуп, пробация органынын көзөмөлүндө турат.

Перизат Өскөнбек кызы
Перизат Өскөнбек кызы

“Мындай учурда эки тараптын ата-энеси жана кызды алган бала жоопко тартылат. Бизде бир факт боюнча аларга нике кыйган молдого да кылмыш иши козголгон. Бир жыл ичинде алар мыйзам бузбашы керек. Биз көзөмөлдөп турабыз. Эгер бейбаштык кылып, эки жолу эскертүү алышса, биз сотко сунуш беребиз. Тартипке баш ийбесе, эркинен ажыратылат. Бирок биздин тажрыйбада мындай учур каттала элек”. дейт мекеменин адиси Перизат Өскөнбек кызы.

Бул эрте турмуш куруу үчүн сотко чейин жеткен бул сейрек учурлардын бири. Адистер көбүнесе иш эки тараптын макулдашуусу же жабырлануучу тараптын арызы жок тергелип, убагында сотко өтпөй каларын айтышат. Буга чейин маселени чечүү үчүн көтөрүлгөн расмий каттоосу жок нике кыйбоо демилгеси колдоо тапкан эмес.

2020-жылы Чоң-Алай райондук соту 16 жаштагы кызын турмушка берген ата-энени, күйөөсүн жана анын ата-энесин диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн эки жыл, алты айга эркинен ажыраткан.

Нарын шаардык социалдык коргоо башкармалыгын Үй-бүлө баалуулуктары бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Султаналиева эрте никеге турган учур акыркы жылдары көбөйүп жатканын белгиледи. 2021-жылы Нарында ушундай алты факты катталса, 2020-жылы эки учур болгон.

Гулмира Султаналиева
Гулмира Султаналиева

“Эрте никеге тургандар жону жука бүлөлөрдүн балдары. Ата-энесинин бири каза болуп калган же ашырашып кеткендер. Алар менен сүйлөшкөн учурда күйөөгө тийсек эле оор турмуштан кутулабыз деп ойлогонун айтып беришет. Бирок чынында андай эмес. Алар бала кезинен эле жашоонун оор турмушун моюнуна илип алышат. Өздөрү бала туруп, балалуу болушат. Мындай учурда алар балдарына татыктуу тарбия бере албай калышат. Адамдын курсагы тоюп, кийими бүтүн болгондон кийин өзүн-өзү өстүрүшү зарыл болот. Эрте никеге турган кыздардын көп болуп жатышы – бул үй-бүлө институтунун түптөлүшүнө залакасын тийгизип, чоң туңгуюкка кептеп жатат», - дейт Султаналиева.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Эрте никеге жол бергендер үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган.

Айрым көз карандысыз уюмдарын изилдөөсүндө Кыргызстанда аялдардын 13,3% 18 жашка чыга электе турмуш курары айтылат.

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13% түзөт. Элет жеринде мындай нике шаарга караганда 2,5 эсе көп катталат. Ошентип жыл сайын 7-9 миңдей өспүрүм кыз күйөөгө тиет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, эрте жашта турмушка чыгуу, төрөө жана бойдон алдыруу көрүнүштөрү 2011-жылдан бери азайа элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG