Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Кыргызстанда эрте никеге каршы онлайн оюн-сериал даярдалды


Смартфондогу “Чабалекейлер” тиркемеси үчүн “Сары-Көл сырлары” деп аталган оюн-сериал даярдалды. Ал Кыргызстандагы жашы жете электер арасындагы нике темасын камтыйт. Бул тууралуу аны ишке ашырып жаткан "Айкын багыт" коомдук фондунан кабарлашты.

Интерактивдүү оюндагы окуялар Кыргызстандын түштүк аймагындагы тоолуу айылда өтөт. Оюнчу сюжеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизип, башкы каармандын тагдырын өзгөрткөн чечим чыгара алат.

"Сары-Көл сырлары" оюну – бул өспүрүмдөрдүн детективи: кичинекей айылда эки жигит, эки кыз жана алардын досу, Күнсары деген каймана аттуу сарала ат тоо көлүнүн айланасында болуп жаткан сырдуу окуяларды иликтешет. Сырды ачып, туулуп-өскөн айылын кырсыктан сактап калуу үчүн айылдын чоң тургундарын кызыктырбаган суроолорго жооп табууга туура келет.

Оюн 3-декабрдан иштей баштайт. Аны Play Market жана AppStore онлайн базарынан көчүрүп алса болот. Учурда 12 бөлүмдүн биринчи бөлүмү даяр. Жаңы бөлүмдөр болжол менен ар 10 күн сайын чыгарылып турат. Иллюстрацияларды сүрөтчүлөр Татьяна Зеленская менен Татьяна Дедикова тартышкан.

Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарын коргогон “Айкын багыт” коомдук фонду адистер менен бирге "Чабалекейлер" циклинде 2020-жылы биринчи оюнду жасашкан. Ала качуу көйгөйүнө арналган "Жазгы Бишкек" оюну Android жана iOS үчүн маркетке чыккан. Ошондон бери аны Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдөн 150 миңден ашык адам ойногон.

Долбоор ЮНИСЕФтин колдоосунда Евробиримдик менен БУУнун биргелешкен “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында ишке ашырылууда. Оюндун максаты - - көрүүчүлөргө жашы жете электе никеге туруу коркунучу, билим алуунун маанилүүлүгү, кыздардын дараметин көтөрүп, лидерлик сапаттарын өнүктүрүү жөнүндө маалымат берүү.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Эрте никеге жол бергендер үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган.

"Айкын багыт" коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова кластердик изилдөөнүн маалыматына таянып билдиргендей, Кыргызстанда аялдардын 13,3% 18 жашка чыга электе турмуш курган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG