Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

"Абакта жатканда сылык болчу". Күйөөсү кордогон Айзат


 Күйөөсү аёосуз сабаган келин. (Сүрөттөр Айзаттын макулдугу менен жарыяланды)
Күйөөсү аёосуз сабаган келин. (Сүрөттөр Айзаттын макулдугу менен жарыяланды)

Караколдо келинчегин аёосуз сабаган адам кармалып, камакка алынды. Милиция аялына коргоо ордери берилгенин маалымдады. Укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулуктун азайбай жатышы - мыйзамдык чаралардын жумшактыгынан деп эсептейт.

"Милиция алып кетет, кайра эле чыгып келип сабайт"

Күйөөсү көгала кылып сабаган Айзат Үсөнбаева учурда Каракол шаардык ооруканасында дарыланууда.

Милиция анын күйөөсү убактылуу камоочу жайга камалганын кабарлады. Бирок Айзат ал кайра чыгып келсе кайра эле кол көтөрөт деген коркунуч менен жашап жатканын айтууда.

"Менде милициянын коргоо ордеринен бир нече турат. Ачыгын айтайын, бирөөнүн дагы кереги тийген жок. Сабайт, арыздансам милиция кармап кетет, бир нече убактан кийин чыгып келип, "сен эмнеге милицияга бересиң" деп дагы сабайт. Өзүмдү эле эмес, 14 жаштагы майыптыгы бар баламды кошо сабап, ал да азыр ооруканада жатат".

Учурда ооруканада жаткан Айзат 5-классында мотоцикл коюп кетип, катуу жараат алгандан кийин 2-топтогу майып болуп калганын айтты. Анын айтымында, мурдагы күйөөсү да кол көтөрүп, сабап жүргөн. Андан эки баласы бар.

"Улуусу 14, кичүүсү алты жашта. Тун балам тубаса шал оорусуна чалдыккан, жакшы кыймылдай албайт, колдору ийкемсиз. Быйыл кышында күйөөм экөөбүздү тең сабаган. Бир жакка кетип кайра келгенде эшикти ачпай койсок, кыйкырып, "өлтүрөм" деп атты. Суук болчу, аягында тоңуп калганын айтып, "тийбейм" деп жалдыраганда киргизип алсак, дагы сабады. Баламды бөйрөккө катуу тээп койгон экен, ошондон бери үч жолу ооруканага жатып чыкты. ДЦПдан улам бат-бат дарылатып турчу уулумдун эми бөйрөгү да ооруй турган болуп калды. Мени болсо оозго тепкен, эриндерим айрылып, бети-башым көгөргөн. Алар айыккыча үйдөн чыгарбай кармачу. Милиция келгенде эле бутума жыгылып, "ит болдум, кечир" деп жалынып, бирок кайра эле сабачу".

"Милиция чыгарбай, камаганда мынчалык токмок жемек эмесмин"

Айзатты күйөөсү өткөн аптанын башында сабаган. Аргасы кеткен келин милицияга кайрылган. Милиция Айзатка коргоо ордерин берип, ал эми күйөөсүн бир нече сааттан кийин кое берген. Буга нааразы болгон Айзат укук коргоочу Камил Рузиевге кайрылган, экөө чогуу прокуратурага барышкан.

Айзат Үсөнбаева ооруканада. (Сүрөттөр Айзаттын макулдугу менен жарыяланды).
Айзат Үсөнбаева ооруканада. (Сүрөттөр Айзаттын макулдугу менен жарыяланды).

"Прокуратурадан чыгып, үйгө барсам, күйөөм сыртта жүрүптүр. Мени көрүп, "үйгө кир" деди. Мен коркуп, "жок, мен такси чакырып койдум, кредит төлөгөнү барам" дедим. Такси келгенде таксиге отуруп алып, мени менен чогуу банкка барды. Ал жактан мен милицияга чалып, "алып кеткиле, дагы сабаганы жатат" дедим. Үйгө келгенибизде участкалык милиция да келип калды да, "бир кагазга кол коюшуң керек" деп алып кетти. Бирок кайра эле кечинде саат жети жарымдарда келип алып, кечке сүйрөп жүрдү. Колумдан бекем кармап алып, "колуңду тартып алчу болсоң же элден жардам сурап кыйкырчу болсоң, майып кылып коем, мууздап салам" деп коркутуп атты. Коркконумдан унчуга албадым. Үйгө саат сегизден өтүп келдик, ошондон саат түнкү 12ге чейин токмоктоду. "Сен мени милицияга берип, кайра түрмөгө каматканы жатканыңды билем, бирок мени каматып коюп бул жакта жыргап жүрөм деп эч ойлобо, мен ал жакта жатып деле сени өлтүртүп коем" деп ызырынып, сабап жатты. Жерге сүйрөп жүрүп уруп, тепкиледи".

"Абакта жазасын өтөп жүргөндө тааныштык"

Бул Айзаттын экинчи турмушу. 2020-жылы, күйөөсү Жалал-Абад шаарында абакта жазасын өтөп жүргөндө телефон аркылуу таанышып калганын айтып берди.

"2020-жылы Караколдо мен жашап жаткан үйгө бирөөлөр келип, чарбакта иштеген. Алар менин телефонумдан "чалып алалы" деп бирөөгө чалышкан, кимге чалып, эмне деп сүйлөшкөнүнө деле кызыккан эмесмин. Кийинчерээк ошол телефондон мага бул (күйөөсү - ред) чалып, таанышып калдык. Телефондон жакшы сүйлөп жүрдү. Сылык сүйлөп, бат эле арбап алды. "Жаным" деп үзүлүп түшүп, "сени багам, айылда жерим, үйүм бар, иштейм, сага да там сатып берем" дечү. Чынында жакшы көрдүм. Ушинтип үзүлүп түшүп эркелетип турса, мурдагы күйөөмөн жалаң токмок жей берип жүрөгүм үшүп калган жаным "ии, чыныгы бактымды эми таптым окшойт" деп ойлогом да. Жалал-Абадга түрмөгө жолугушууга барып жүрдүм. Барган сайын тамак-аш, кийим-кече алып берем. Дээрлик күнүгө телефонуна 100-200 кээде 1000 сомго бирдик салып жүрдүм. Жолугушууга барган сайын да 2-3 миң сом таштап келчүмүн. Кийинчерээк Бишкекке 47-түрмөгө которулду. Ал жактан былтыр, январда расмий нике кыйдырдык. Түрмөдөн чыккыча мага бир да жолу жаман сөз айткан жок. Чыгары менен эле чыныгы жүзүн көрсөттү".

Айзат бирок бул турмушунда да жакшылык көрбөгөнүн, денесинен жана бетинен көгала кетпегенин айтып отурду.

"Былтыр июнда түрмөдөн чыгып келди. Бир айдан кийин Корумдудагы үйүнө алып барды. Ал жакта эч ким жашабайт экен, ата-энеси жок, эжелери анда-санда гана барышат экен. Ошол күнү үйүнө тааныштары келип, башка бөлмөдө отуруп, сөгүнүп-сагынып отурушкан. Мен арак ичип атышкан го дегем, бирок чогуу нашаа тартышканын кийин алар отурган үйдү жыйнаган учурумда билдим.

Күйөөм түндө алар менен кетип калып, таңга жуук өңү купкуу болуп кирип келди. Эшиктен эмес, терезеден кирип келе жатканын көрүп, аябай корктум. Ооз ачсам эле сабачудай болуп, катуу корктум. Ошол күнү төшөккө кусуп салып, мен аны ойготуп албайын деп башка жакка жатып алгам. Бир убакта ойгонуп алып, "неге куссам карабайсың, неге тазалап койбойсуң" деп сабады. Кетейин десем кетирбей, бетимдин көгаласы тарагыча кармап отурду. Ошондон кийин сабаганды адат кылып алды. Быйыл кышында майыптыгы бар уулумду кошуп катуу сабагандан кийин милицияга кайрылгам. Алар "жолобосун" деп, коргоо ордерин беришкен. Бирок, эртеси күнү бир тууган эжеси келип, жалынып жатып, үйгө киргизип кеткен. Ажырашайын десем да түрдүү сөздү айтып коркутуп жүргөн".

Айзат майыптыгы бар болгондуктан, эч жерде иштебейт, мамлекет берген пенсиясынан башка кирешеси жок. Эки баласы менен Каракол шаарында батирде ижарада турат. Негизги кирешени борбордук базарда кайыр сурап табарын, андан тышкары кайрымдуу адамдар да каралашып турарын айтып берди.

"Сүрөтү соцтармакка чыккандан кийин гана күйөөсү кармалды"

Айзаттын сабалганы тууралуу алгач 15-майда караколдук укук коргоочу Камил Рузиев жазып чыккан. Ал Фейсбуктагы баракчасына майыптыгы бар, ооруканага оор абалда түшкөн Айзат Үсөнбаева буга чейин да күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын билдирип, милицияны аракетсиздиги үчүн айыптаган. Укук коргоочу бул тууралуу "Азаттыкка" да билдирди:

Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

"Айзат майдын башында күйөөсүнөн токмок жеп, ооруканага түшкөн. Ошондо эле биз кийлигишип, Стамбул протоколун толтуртканбыз. Андан кийин деле иш жылган жок. Айзат сабалган күнү күндүз ал экөөбүз милициянын ишине нааразылык билдирип, облустук жана шаардык прокуратурага киргенбиз. Облустук прокурор өзү кабыл алып, Айзаттын иши үй-бүлөлүк зомбулук эмес, уруп-сабоо, кыйноо беренеси менен каралышы керектигин айткан. Шаардык прокуратурага жана милицияга тапшырма берген. Бирок ошол эле күнү күйөөсү Айзаттын үйүнө барып, сабап атпайбы. Айзат милиция чакырып, карматып койсо да, кайрадан чыгарып жиберишкен. Демек, иштешкен эмес. Эгер алар ошол күнү аны камап койгондо, Айзат минтип чалажан болгуча токмок жемек эмес. Сабаган күйөөсү да Айзат токмоктолуп, ооруканага түшкөндөн кийин, мен анын сүрөтүн соцтармакка чыгаргандан кийин гана кармалды".

"Келин жеңил жараат алгандыктан, кылмыш иши козголгон эмес"

Айзаттын сабалышы боюнча милиция алгач Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин ("Үй-бүлөлүк зомбулук") негизинде сотко чейинки териштирүү баштаган. Келинге коргоо ордери берилген. Кийинчерээк шектүүгө 138-берене ("Уруп-сабап кыйноо") менен да кылмыш иши козголуп, 15-майда кармалганын милиция 16-майда кабарлады.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов укук коргоочунун милициянын дарегине айткан сынын четке какты:

Сталбек Усубакунов
Сталбек Усубакунов

"Укук коргоочу келиндин мурда да сабалган учуру болгонун айтып жатат. Биз аны танбайбыз, милиция ал боюнча териштирүү жүргүзгөн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы келиндин алган жарааты "жеңил" деп чыккандыктан, кылмыш иши козголгон эмес. Азыр бул факты боюнча да кылмыш иши козголду. Учурда дагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошого жараша кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартылат".

Маалымат катчысынын айтуусунда Айзат Үсөнбаева милицияга эки жолу кайрылып, эки жолу коргоо ордери берилген. Ага чейин келин зомбулукка кабылганын айтып, милицияга кайрылган эмес.

Бул иш боюнча Айзаттын күйөөсүнүн жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Өткөн аптада Ысык-Көлдүн Бостери айылында 44 жаштагы аял денесиндеги көгала менен оор абалда ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Анын өлүмүнө шек саналып 50 жаштагы күйөөсү кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук милициясы териштирип жатат.


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган активисттер жазаны катаалдаштыруу зарыл экенин дайыма белгилеп келет. Азыркы мыйзамга ылайык, аялын ур-тепкиге алган эркек ашып кетсе бир канча суткага камалып же айып төлөп, боштондукка чыгат.

Социалдык иликтөөлөрдүн натыйжасында Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда соңку алты жылда эле жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунан каза тапкан. Көбү үрөй учурган окуялардын курмандыгы болгон.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.

Мындай өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG