Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Төрөттөн кийин майып болуп калган келин боюнча териштирүү уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Төрөттөн кийин ден соолугу начарлаган келиндин иши боюнча дайындалган комиссиялык соттук-медициналык экспертиза уланууда, жыйынтыгы азырынча чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда “Азаттык” радиосуна шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Назгүл Озконбаева быйыл январда Бишкектеги №4 Төрөт үйүндө төртүнчү баласын кесарево жолу менен төрөгөн. Операция учурунда ичегиси жабыркап, андан бери эки жолу Улуттук хирургия борборунда дарыланган келин 29-июнда ошол эле оорукананын ириң бөлүмүнө денеси ысып, кыйналган абалда жаткырылган.

Аталган борбордун башкы дарыгери Таалай Акматов 30-июнда “Азаттыкка” билдиргендей, келинге пневмония диагнозу коюлду. Акматов буга чейин Озконбаеванын ичегисинин 20-30% алынганын, бирок өмүрүнө коркунуч жок экенин, себеби ички органдары кадимкидей иштеп жатканын, азыр пневмония болуп калганын билдирди:

“Тамак ичип, дааратканага барып жатат, ичегиси жакшы иштеп жатат. Азыр өпкөсү проблема болуп калыптыр. Өзү менен сүйлөштүм. Маанайы жакшыраак. Бүгүн жеңилдеп калдым дейт. Операция жасабайбыз, дары менен эле дарылайбыз. Абалы орточо оор. Консилиум өткөрдүк, жыйынтыгында пневмония деген бүтүмгө келдик. Өпкөсүн дарылап жатабыз. А ичегиси жакшы эле”.

Келин Төрөт үйүндөгү дарыгерлердин шалаакылыгынын курмандыгы болуп, майып болуп калганын, тийиштүү мекемелерге жазган арыздарынан майнап чыкпай жатканын, ал азыр дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө, психологиялык жардамга муктаж экенин “Кылым шамы” укук коргоо борбору билдирүүдө.

“Мамлекет аракет кылышы керек да өз жараны үчүн. Бул келин өзүн-өзү кесип алган жок да”, - деди аталган уюмдун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова.

Маселе 24-июнда Бишкек шаардык кеңешинин атайын комиссиясында каралып, шаардык прокуратурага жана Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүлгөн. №4 Төрөт үйүнүн операция жасаган дарыгерлерине каршы арыз Октябрь райондук милициясында каттоого алынып, кийин тергөөчүлөр "кылмыштын курамы жок" деген негизде териштирүүнү токтотуп коюшкан. Андан соң жабыркаган тарап шаардык милицияга кайрылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG