Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Мектепте дин тарыхын окутуунун стандарты иштелип чыкты


Кыргызстанда жалпы билим берүү мекемелерине “Диндердин өнүгүү тарыхын” окутуунун предметтик стандарты иштелип чыкты. Стандарт билим берүү мыйзамдарынын нормаларына ылайык түзүлгөнүн Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” окуучуларга диндерди жана алардын мазмуну, коомдук мамилелер, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулар диндердин маанисин, алардын азыркы коомго тийгизген таасирин жана тенденцияларын талдоо менен окуучулардын мамилеси калыптанат, айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүүгө, сабырдуулукка үйрөнүшөт”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Министрлик “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтик стандарты өлкөдөгү кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей экенин белгилейт. Стандарт жөнүндө толук маалымат бул жерде.

Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта диндердин тарыхы окутула баштайт. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жарлыкка ылайык, жаңы окуу жылынан баштап өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы базалык окуу планына киргизилет. Билим берүү министрлиги диний сабатсыздык жаштарды радикализмге жетелеп жатканын белгилеп, бул сабактын окутулушу маанилүү деп эсептейт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG