Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн 52 жаштагы киши кармалды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Фейсбуктагы баракчасында улут аралык кастыкты козутуу, чагымчыл маанайдагы билдирүү жазган деп шек саналып Чүйдүн Москва районунун 52 жаштагы жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

“2022-жылдын 3-июнунда социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусунун улут аралык кастыкты козутуучу, чагымчыл мүнөздөгү белгилери бар баракчасын аныкташкан”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Соттун чечими менен ал жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук жана уюлдук телефон алынган. Учурда шектүү Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Кыргызстанда социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн милицияга кармалгандар буга чейин дагы катталган. Айрым адистер коомчулукту медиа сабаттуулукка үйрөтүү керек экенин айтып келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG