Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Блогер Адилет Али Мыктыбек 48 саатка кармалганы кабарланды


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү болгон блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбекти Бишкектин Биринчи май райондук милициясы 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Анын айтымында, Адилет Балтабайга “Жапырт башаламандыкка чакырган” деген айып коюлуп жатат.

Ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук башкармалыгы билдирүү таратып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен козголгон кылмыш иши боюнча А.Б ысымдуу жаран тергөө кызматына жеткирилгенин ырастады.

“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат расмий маалыматта.

Адилет Али Мыктыбек 30-июнда түшкө чейин милицияга суракка чакыртылганы белгилүү болгон. Райондук милиция анын себеби тууралуу кийинчерээк кабар берилерин билдирген.

Адилет Али Мыктыбек милицияга күбө катары 11-апрелде да сурак берип чыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык баш аламандыктар") менен козголгон кылмыш иши боюнча суралганын айткан. Суракта ага Next TV телеканалы боюнча да суроолор берилгенин билдирген. Блогер муну оппозициялык маанайдагы иши менен байланыштырган.

Ал Бишкектеги ар кандай нааразылык акцияларды, митингдерди социалдык тармактарда түз эфир аркылуу чагылдырып жүрөт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG