Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

ЖК регламент жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды


Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.
Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.

“Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоору 30-июндагы сессияда каралды, дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.

Буга чейин мыйзамдын долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде биринчи окууда каралган. Анда депутаттардын добуш берүүсүндө Face ID жана Touch ID технологияларын киргизүү сунушталып жатканы айтылган.

22-июндагы сессияда "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна добуш берүү үзгүлтүккө учурап, танапис жарыяланган. Ал экинчи-үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлүп, каттоодон өткөн 74 депутаттын алтоо каршы же макул деген добуш берген эмес.

Алты депутат мыйзам долбоорун өткөрбөө үчүн ушундай кадамга барганын белгиледи. Жыйын учурунда буга чейин мындай кырдаал жаралбаганы айтылып, регламент мыйзамын кароодо бул учурду да эске алуу сунушталган.

Аталган мыйзам долбоору 23-июндун күн тартибине киргизилип, бирок, депутаттардын саны аз болгондугуна байланыштуу каралбай калган.

30-июнда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы биринчи сессиясын аяктап, каникулга тарады. Сессияны жыйынтыктап жатып төрага Талант Мамытов азыркы чакырылыш ишке киришкенден бери 43 пленардык жыйын, эки кезексиз жыйынга чогулганын, 41 мыйзам, 276 токтом долбоору кабыл алынганын айтты.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 2021-жылдын 28-ноябрында шайлоо өткөн. 29-декабрда ишин баштаган жетинчи чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG