Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Жалал-Абаддагы 35 адам ууланган тез татым жайы убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында 27-июнда “Ага-ини” деп аталган тез татым жайынан тамактанган соң өзүн начар сезип, ооруканага түшкөндөрдүн саны 35ке жетти. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов “Азаттыкка” 30-июнда билдирди.

Уулануудан кийин Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тез татым жайын убактылуу жаап, 7,5 миң сом айып салынды. Учурда уулангандардын 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат.

Жапырт ууланууга байланыштуу 30-июнда Жалал-Абад мэриясы тиешелүү мекеме-ишканаларга шаардагы тез татымдар, коомдук тамактануучу жайлар, бат бузулуучу эт, сүт азыктарын, жер-жемиштер сатылган жайларга рейд жүргүзүүнү тапшырды.

Тамактануу жайынын ээлери окуя боюнча комментарий бере элек.

Май айында Сүлүктү шаарындагы тойдо 32 адам, Ош шаарында таттуу токочтордон отуз адам ууланып, ооруканага түшкөн. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG