Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Украина жикчил аймактарын тааныганы үчүн Сирия менен мамилесин үздү


Сириянын жана Орусиянын президенттери Башар Асад жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Сириянын жана Орусиянын президенттери Башар Асад жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Украин президенти Владимир Зеленский 29-июнда өлкөнүн чыгышындагы жикчил аймактарды көз каранды эмес деп тааныганы үчүн Сирия менен дипломатиялык мамилелер үзүлгөнүн жарыялады.

Расмий Дамаск дүйнөдө Луганск жана Донецк облустарын “элдик республика” деп тааныган алгачкы мамлекет болуп калды.

"Орусия Сириядан Донбасстагы оккупацияланган структуралардын мамлекет сымал таанылышы тууралуу билдирүүсүнө акыры жетишти", - деди Зеленский .

Анын айтымында, эми Сирия менен эч кандай мамиле болбойт, ал эми Дамаскка санкциялык басым ого бетер күчөйт.

Украинанын Сириядагы элчилиги Дамасктагы кеңседен бул өлкөдөгү жарандык согушка байланыштуу 2016-жылы Ливанга эвакуация болгондон бери кайтып бара элек болчу.

Сирия аймактык талаш маселелерде Орусияны колдоп келет. 2018-жылы Дамаск Орусиянын шыкагы менен Грузиянын аймагындагы Абхазия менен Түштүк Осетияны көз каранды эмес мамлекеттер катары таанууга макул болгондон кийин Тбилиси да Сирия менен дипломатиялык мамилесин үзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG