Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

АКШнын Чалгын кызматы Путин Украинанын көбүрөөк жерин ээлеп алгысы келерин билдирди


Эврил Хейнс.
Эврил Хейнс.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын көпчүлүк бөлүгүн басып алуу планынан дагы эле баш тарта элек экенин 29-июнда АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору Эврил Хэйнс билдирди.

Кошмо Штаттардын Соода министрлигинде өткөн конференцияда сүйлөп жатып ал "Биз Путинди карап, ал Украинага кол салган учурда кандай саясий максаттарды көздөгөн болсо, азыр деле ошондой абалда турганыбызды көрсөк болот” деген оюн айтты.

Хэйнстин айтымында, америкалык чалгын мекемесинде мындан аркы абал кандай болору жөнүндө үч негизги сценарий каралууда. Негизгиси – конфликт уланып, Орусия майда ийгиликтерге жетишет, бирок стратегиялык максаттарына жетпейт. Калган эки сценарий боюнча, Орусия масштабдуу түрдө алдыга жылат же фронтто туруктуулук пайда болуп, Украина айрыкча түштүктө кайсы бир ийгиликтерге жетишет.

Орусия быйыл 24-февралда Украинага кол салуусун Донбасстагы жикчил республикаларды коргоо, Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо боюнча атайын операция деп атаган.

Батыш өлкөлөрү бул согушта Орусиянын жеңип чыгышына жол бербөө жана жеңишке Украина койгон шартта жетишүүнү көздөрүн билдирип жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG