Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Талаштуу мүлктү легалдаштыруу мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууга кабыл алынды. Ага 64 депутат “макул”, сегизи “каршы” добуш берген.

Анын алдында 30-июнда мамлекет башчы Садыр Жапаров парламентте талаш жараткан мыйзам долбоору жөнүндө пикирин айтып, анын максаты коррупционерлердин арам акчасын адалдоо эмес, чет өлкөдө мүлкүн жашырган ишкерлердин, мурдагы аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүүдө талаш чыккан. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бир нече депутаты каттоодон өтүп, бирок добуш берген жок. Регламентке ылайык, мындай учурда добуш берүү өттү деп саналбайт. Фракция депутаты Исхак Масалиев өз позициясын мыйзамдын кабыл алышына каршы экени менен түшүндүргөн.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов маселени күн тартибинен алып салууну сунуштаган. Жыйынтыгында добуш берүү кийинки отурумга калган.

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору 22-июнда парламентте биринчи окууда талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Жыйында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров долбоорго каршы чыгып, аны “ууруларды мыйзамдаштырууга багытталган” демилге деп атаган.

Бийлик көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу кампаниясы бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG