Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Соң-Көл жүздөн ашык тордон тазаланды


Соң-Көлдөн тазаланган тор.
Соң-Көлдөн тазаланган тор.

Соң-Көлдүн Ак-Там жана Жаман-Эчки аймактарынан ар биринин узундугу 100 метрлик 130 тор чыгарылды.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Учурда “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик мекемеси көлдү тазалоо иштерин улантып жатат.

2008-жылы балык кармоого каршы мораторий жарыяланып, 2017-жылы жоюлган. Бирок Ысык-Көл жана Соң-Көлдө, Орто-Токой суу сактагычында балыктын корун аныктоо жана мониторинг жасоо иштеринин бүтпөй жатканына байланыштуу Балык чарба департаменти балык улоого уруксат бере элек.

Быйыл февраль айында Соң-Көлгө сига-лудога балыгынын 1 млн. 700 миңден ашуун чабагы салынган. Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте Тянь - Шань тоолорунун арасында жайгашкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG