Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Орусияда коронавируска байланышкан бардык чектөөлөр алынды


Кафеде вакцина алгандарды QR код аркылуу текшерүү жүрүп жатат. Новосибирск. 2021-жыл.
Кафеде вакцина алгандарды QR код аркылуу текшерүү жүрүп жатат. Новосибирск. 2021-жыл.

Орусияда коронавируска байланыштуу киргизилген баардык чектөөлөр толук жоюлду. Тиешелүү токтомго 1-июлда Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова кол койду.

Ага ылайык, бет кап тагынуу режими жоюлат, тамактануучу жайларга түнкүсүн да иштөөгө уруксат берилет. Ошондой эле жапырт иш-чараларды жана митингдерди өткөрүүгө болгон чектөөлөр алынат. Мекеменин маалыматына караганда, учурда коронавируска чалдыккандардын 93% оорунун жеңил көтөрүшүүдө.

Орусияда пандемияда башталганы коронавирустан расмий 380 миң киши көз жумду. Инфекцияга чалдыккандардын саны 18 миллиондон ашты. Ал эми көз карандысыз эксперттердин пикиринде, өлгөндөрдүн саны миллиондон ашкан болушу мүмкүн.

Орусияда калктын 52% коронавируска каршы эмделген. Учурда Европа жана Америкада да коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Азыр жайылып жаткан коронавирустун түрү буга чейинкилерге салыштырмалуу жеңил өтөрү кабарланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG