Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Орусияда америкалык баскетбол жылдызы Гринердин соту башталды


Америкалык баскетбол жылдызы Бритни Гринер
Америкалык баскетбол жылдызы Бритни Гринер

Америкалык баскетбол жылдызы Бритни Гринердин соту 1-июлда Москва облусунда башталды. Ал мыйзамсыз маңзат сактап жүргөн деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, тартип коргоочулар төрт ай мурда аэропортто Гринердин баштыгынан кара куурайдын майын табышкан.

WNBAдин оюнчусу, Олимпиаданын эки жолку чемпиону Гринер он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жабык өткөн сот жараянында Гринердин камактагы мөөнөтү алты айга, 20-декабрга чейин узартылды. АКШнын мамлекеттик департаменти Гринердин кармалышын «мыйзамсыз» деп эсептейт жана анын ишин туткундар боюнча президенттин атайын чабарманына өткөрүп берген.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 1-июлда билдиргендей, «белгилүү спортчу тыюу салынган каражаттарды сактаганы үчүн кармалгандыктан, анын ишинде эч кандай саясий мүдөө жок».

Гринер АКШ Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп улам эскертип жаткан маалда камалган. Орусияда ошондой эле америкалык 50 жаштагы Пол Уилан тыңчылыкка айыпталып, былтыр май айында 16 жылга абакка кесилген.

Ал өз жазасын Орусиядагы шарты катаал деп мүнөздөлгөн, Мордовия аймагында жайгашкан №17 колонияда өтөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG