Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Тажикстанда эки баласы менен дарыяга боюн таштаган келиндин өлүмү иликтенүүдө


Сырдарыянын жээги. Иллюстрациялык сүрөт.
Сырдарыянын жээги. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Согди облусунда сөөктөрү Сырдарыянын жээгинен табылган келин жана анын эки баласынын өлүмү иликтенүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, Санъат Гаффорова аттуу жергиликтүү аял алты жашар уулу жана беш айлык кызы менен сууга боюн таштаган. Окуя 30-июнда таңкы саат жетилерде болгонун Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлады.

Келиндин жакындары жана кайындары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты. Маалыматтарга караганда Гаффорованын күйөсү жакында эле Орусияга иштегени кеткен.

Тажикстанда буга чейин да ушуга окшош окуялар болгон. 2016-жылы Нурек шаарынын тургуну Зухро Муродова төрт баласы менен сууга боюн таштаган. Ал эми 2020-жылы Яван районунун жашоочусу Курбона Зарифова он жашар кызы менен Вахш дарыясына секирип кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG