Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

УКМК Туйгунаалы Абдраимов келтирген зыяндын ордун толтурганын кабарлады


Туйгуналы Абдраимов.
Туйгуналы Абдраимов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коррупцияга айыпталып, камакка алынган экс-аткаминер Туйгунаалы Абдраимовдун үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Туйгуналы Абдраимов 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөргөн.

Андан тышкары Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен Кыргызстан профсоюздар федерациясына өткөрүп берген.

УКМКнын басма сөз кызматы Абдраимов мамлекетке кайтарган жердин жана конок үйү баасы 15 млн. 300 миң сомго бааланганын түшүндүрдү.

1-июлда Биринчи май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимовду УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Абдраимовго "БШКны жетектеп турган учурда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык "Кайнар" ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган деп Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголуп, 30-апрелде кармалган.

2-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, 30-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG