Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 07:51

"Кызымды колдон колго өткөрүшкөн". Милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүүдө. Ушул эле иш боюнча Биринчи май райондук милициясы дагы бир кишинин ишин тергеп жатат. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

"Ыйлаганыма карабай, күч колдонуп зордуктады..."

13 жаштагы Алинаны (аты өзгөртүлдү) "Дордой" базарындагы дүкөндүн сатуучусу "кулакчын уурдоого аракет кылдың" деген себеп менен аймакта кароолчулук кылган 40 жаштагы адамга кармап берген.

"Кулакчын уурдоого аракет кылганың үчүн 100 миң сомго чейин төлөп каласың же он жылга камаласың" деп коркутту. Эжемен акча сурап берейин, бирок 5-10 миң сом эле таап бере алабыз" десем, "анча акча жетпейт" деди. Анан машинасынын артына, менин жаныма өтүп, колдорумду кайрып, ыйлаганыма, суранганыма карабай зордуктап салды".

13 жаштагы Алина буларды айтып бере албай, көз жашына муунуп отурду. Жанындагы апасынын да жашы тыйылган жок.

Алинанын атасынын айтуусунда жаш кызды былтыркы жылдын август айынан быйыл февралга чейин эки милиция кызматкери жана дагы бир адам бири-бирине өткөрүп, коркутуп, зордуктап жүрүшкөн. Азыр соттук териштирүү жана тергөө жүрүп жатканына байланыштуу биз каармандардын баарынын ысымдарын өзгөртүп атайбыз.

  • Кызды зордуктоого айыпталып, соттолуп жаткандардын бири - 41 жаштагы Кумарбек, эки жолу үйлөнүп, беш баласы бар. Мурда соттолгон, абактан 2009-жылы бошотулган. Сотто "Дордой" базарында кароолчулук кыларын айткан
  • Экинчиси - 39 жаштагы Дайырбек, жогорку юридикалык билимдүү. 2018-жылдан бери Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген. Үй-бүлөлүү, үч кызы бар.
  • Үчүнчүсү - 34 жаштагы Эрмек. Жогорку юридикалык билимдүү, сот тармагында иштеп жүргөн. 2016-жылы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө нөөмөтчү милиционер, 2019-жылдан бери Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн. Ажырашкан, эки кызы бар.
  • Ал эми учурда иши тергелип жаткан төртүнчү шектүү - 20 жаштагы Марат, Бишкектеги мейманканалардын биринде официант болуп иштейт. Мурда соттолгон эмес, бойдок.

Булардын баары 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары кармалып, тергөө абагына камалган.

Свердлов райондук прокуратурасы жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген Кумарбектин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү ("Жашы 14кө толо элек баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Дайыр менен Эрмекке Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү, ошондой эле 337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айып тагылган.

Ал эми төртүнчү шектүү Мараттын үстүнөн да Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү ("Жашы 14кө толо элек баланы зордуктоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

"Кызым алардын оюнчугуна айланып калыптыр"

Көчөт кыздын зордукталып жүргөнү тууралуу кыңыр иш быйыл февралда билинген. Алинанын атасынын айтымында, кызы Кумарбек менен Дайырбектин торуна былтыр августта түшкөн.

"Кызымды былтыр августта "Дордойдогу" дүкөндөн кулакчын уурдоого аракет кылды деп, дүкөндүн ээси өзүнүн мурда соттолгон таанышына кармап бериптир. Кумарбек деген адам өзүн "милиционермин" деп, кызыл күбөлүгүн көрсөтүп, кызымды машинасына салып кетиптир. Ээн жерге алып барып, алгач акча талап кылган. "Уурулук кылганың үчүн 10 жылга камалып кетесиң, 50 миң сом таап бер" дептир. Кызым анча акча таба албайм деп, улуу кызыма чалыптыр. Эжеси бош болбой калганбы, телефонун көтөрбөптүр. Ал кыйла коркутуп, анан жашы жете элек балдар менен иштеген тааныш милиция кызматкерин - Дайырды чакырыптыр.

Ал да келип, кызымды андан ары коркутуп, машинасында музыкасын катуу чыгарып коюп, күч колдонуп, кызымды зордуктаптыр. Андан кийин кайра тиги соттолгон адамга калтырып кетип калган. Кумарбек дегени да кызымды зордоп, анан "мен чалганда көтөрүп жүргүн, болбосо камаласың" деп, номерин алып, кайра базар тарапка калтырып кеткен. Ошону менен дээрлик күн сайын каалаган учурунда, кызымды мектептен чыкканда машинасына салып кетип, ээн жерден зордуктап жүргөн. Көп өтпөй Кумарбек "мен башка жакка которулуп кеттим, сенин ишиңди Эрмек деген бала карайт, ал чалганда да чыгып, мага кылгандай мамиле кылып жүргүн" деп айтыптыр. Анан Эрмек дегени кошулуптур. Айтор, бул үчөө кызымды каалагандай зордуктап, бири-бирине, башка тааныштарына сатып жүрүшкөн окшойт. Кызым коркконунан эч кимге эч нерсе айта албай, алардын колундагы оюнчугуна айланып калыптыр".

Бул окуя болгон учурда кыздын атасы Орусияда иштеп жүрсө, апасы боору ооруп, улам ооруканага жатып, дарыланып жүргөн экен. Улуу агасы менен эжесинин, таенесинин колунда калган Алина өзүнүн кордолуп жүргөнүн эч кимге айта албай, "камап коюшат" деген гана коркунуч менен жүрө берген.

"Мага чалышканда "чыкпайм, барбайм" десем, "түрмөгө камалгың келип атабы?" деп коркутушчу. Апам оорукчан деп, апамды аяйт элем", - деди Алина.

Кыңыр ишти ачыкка чыгарган билдирүү

Атасынын сөзүнө караганда, Алинага жаңы жылдан тартып төртүнчү адам - 19 жаштагы Марат WhatsApp аркылуу жазып жүргөн. Кыз номерин бөгөттөп койсо, улам жаңы номерден жазып жүрүп, "Кумарбекке айтып коем" деп коркутуп, 16-февралда "Ош" базарына келүүгө мажбурлаптыр.

"16-февралда кызым мектептен келбей, өтө кечигип кетти. Саат 18:30да сабагы бүтөт, саат кечки 9:30-10 болуп кетти. Өзүбүз жашаган аймак - "Дордой" базарынын айланасынан издебеген жерибиз калбады. Телефону бузулуп, апасынын телефонун алып кеткен экен. Чалсак, чакыруу кетет, бирок жооп бербейт. Саат ондорго чукулдаганда телефон өчүп калды. Мугалимине да чалдык. Саат түнкү он бир жарымдан өткөндө гана мугалими "кыз милицияда экен" деп чалды. Биздин участкалык милиция бөлүмүндө экен. Барсак, кызым отуруптур, "эмне болду" десек, "маршрутка албай кечигип кетти" деп койду. Ал жерден бизге кошулуп үйгө келди, эч нерсе айткан эмес".

Бул иштин ачыкка чыгышына кыз өзүнүн SIM-картасын апасынын телефонуна салып колдонгону себеп болгон. Анткени эртеси Алина мектепке кеткенде апасынын телефонуна "кандай жеттиң" деген билдирүү келген.

"Билдирүү шылдыңдагандай күлгөн смайлик менен чогуу келди. Эмне болуп кетти деп, кызымдын атынан жооп жаздым. Жакшы жеткенимди, өзүнүн ал-акыбалын сурадым. Ал мага "кечээкидей дагы каалап атасыңбы" деп жазганда өзүмдү жоготтум. Билдирүүлөрдү улуу кызыма көрсөттүм. Экөөбүз кеңешип, чоң уулума да көрсөттүк. Ал тиги номурга чалып, "менин сүйлөшкөн кызыма неге жазып атасың, сен кимсиң" дегенде, "ал кыз менен сүйлөшпөй эле койчу, анын иши эчак эле бүтүп калыптыр, колдон-колго өтүп кетиптир" деген жооп келди. Ошондо анан атасын иштен чакырып, ага айттык".

Апасынын айтымында, Алинанын кордолушуна байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда кыйла пикир келишпестик болгон.

"Чынында нес болуп калдым. Кызым эмес, менин жашагым келбей калды. Кантип эле? Эмнеге менин кызым? Бала экенин көрүп туруп неге антишти акмактар. Ушунтип миң сандаган суроолор башымды жеп, ден соолугумдун айынан кичинекей кызыма көз сала албаганым, акмак зордукчулардын чеңгелинен коргоп кала албаганым үчүн өзүмдү күнөөлөдүм. Мен ооруканада жатканда балдарыма каралашып жүргөн апама - таенесине капа болдум. Улуу кызым менен уулумду аябай тилдеп, уруштум...Кызымдын келечегин ойлоп, милицияга да арыз бербей, эч кимге айтпай, таптакыр башка жакка көчүп кетким келди. Бирок атабыз катуу каршы турду. Ал кызыбызды кордоп жүргөн айбандар жоопко тартылышы керек экенин айтып, чогуу барып, милицияга арыз жаздык".

Мейманкана жайгашкан жер Биринчи май районунда жайгашкандыктан, арызды аталган райондук милицияга жазышкан. Тергөөчү факт боюнча кылмыш ишин козгоп, кыз көрсөткөн мейманканадагы камерага тартылгандар алынган. Маратты ошол жерден аныктап, телефону аркылуу бат эле кармап, камакка алышат.

Тергөөнүн материалындагы суракта Марат Алинанын жашы жете элек экенин билбегенин, мейманканага кыздын макулдугу менен барышканын айтып бергени жазылган.

Милиция кызды соттук-медициналык экспертизага жиберген. Кызын 16-февралда эле зордукталды деп ойлонгон ата-энеси соттук-медициналык экспертизанын дарыгерлеринин сөзүн уккандан кийин нес болуп калган. Алинанын кыз мурдатан эле милиция кызматкерлери жана башка адамдар тарабынан зордукталып жүргөнү тууралуу ошондо маалым болуптур.

"Соттук-медициналык экспертиза кылгандардын бири мени чакырып,"кызыңыз көптөн бери эле катнашка барып жүргөндөй, жакшылап сурагыла, көптөн бери эле зордукталып жүргөн окшойт" деди. Биз кызыбызды кайра кысмакка алдык. Ошондо гана ал бизге милиционерлер тууралуу айтып атпайбы... Көрсө, кызым алар тууралуу милицияга арыз жазганы барган күнү эле айткан экен. Бизден жашырып, аларга айтыптыр. Ал жердеги опер кызматкерлер кызымдан бул тууралуу эч кимге айтпашын талап кылышыптыр. Алардын бири "азыр 5 минут сүйлөшүп алалы" деп, кызымды бир кабинетке алып кирип кеткен эле. Мен "кызым жашы жете элек, ал жалгыз өзү көрсөтмө бере албайт, мен жанында болушум керек" десем, "азыр чыгат" деп коюп эле чыгарбайт. Көрсө, ал кызымдан тиги зордукчулардын аттарын, телефон номурларын сурап алып, ошол жерден эле алар менен байланышыптыр. Кызыма болсо, "сенин ишиң боюнча бул бала камалат, башкалар тууралуу айтпа" дептир. Кийин кызымдын телефондон ошол опер кызматкер деген менен сүйлөшкөнүн угуп, жазышканын окуп, анан билип атабыз. Эртеси эле тергөөчүгө барып, андан милиционерлердин иши тууралуу сурасак, "муну прокуратура тергейт" деп койду".

"Психикалык оорулуу болууга аракет кылышууда"

Көп өтпөй Свердлов райондук прокуратурасы Ленин РИИБде жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспекциянын кызматкери Дайырдын, Свердлов РИИБде участкалык милиционер Эрмектин жана мурда соттолгон, ошол учурда базарда кароочулук кылган Кумарбектин үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй үчөө тең кармалып камакка алынышкан. Алинанын атасы эселек кызын зордуктоого айыпталгандардын экөө - милиция кызматкерлери Дайыр менен Эрмек сот жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө аракеттенип жатат деп кооптонуп жатат.

"Булардын адвокаттары улам эле алардын бирин оорукчан, экинчисин психикалык жактан соо эмес дегендей справкаларды сотко тапшырып жатышканы кооптондурууда. Мурда соттолгон Кумарбекти "акыл-эси ордунда эмес" деп, анын көрсөтмөлөрүн жокко чыгаруу аракети да болуп жатат. Мурдараак менин кызымды атайын психологдордун жардамы менен психдиспансерге жаткырууга аракет кылышкан. Кызым өзү көнбөй, жатпай койгон эле. Балким, аны да психикасы жабыркайт деп диагноз коюп, баары кутулуп кетүүгө аракет кылышмак. Анткени сотто бири да күнөөсүн мойнуна албай, менин кызымды "оозуна келгенди оттоп жатат" деп жатышат".


Свердлов райондук прокуратурасынын сотко ашырылган материалында жазылгандай, 13-февраль күнү жогоруда айыпталгандардын бири - "камуфляж формачан эркек, өзүнүн автоунаасында Алинаны Бишкектеги мейманканалардын бирине алып кирип кеткени" тартылган тасма мейманкадан алынган. Тасмадагы Кумарбек болгон.

Апасынын айтуусунда, Алинаны зордукчулары базардын айланасында эле ээн жерлерге алып барып, каалагандай пайдаланып жүрүшкөн.

"Кызым мектепте 2-сменде окуйт. Сабактан кечинде чыгат. Алар мектептен чыкканда эле тосуп туруп, машинасына салып кетишчү экен. "Барбайм чыкпайм" десе, "камалгың келип жатабы" деп коркутушчу экен. Прокуратуранын тергөөчүсүнө кызым өзү зордукталган жерлердин баарын биздин көзүбүзчө көрсөтүп берди. Базардын четиндеги айланма жолдо, таштанды полигонунда, кулпунай айдалган талаада, вулканизациянын артында...Акмактар, балапанымдын канатын кайрышты... Жашабагырлар, өздөрүндө да кыздары бар экен, кантип ушуга барышты?", - деп ыйлады эне.

Ал эми Алинаны Ош базары тараптагы мейманканага алып барып зордуктаган Марат аттуу 19 жаштагы адамдын иши Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө тергелип, учурда прокуратурага кароого жиберилген. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алмаш Бекбоева "Азаттыкка" билдирди.

"Бул иш боюнча тергөө иши аяктап, сотко чейинки процессте тааныштыруу максатында прокуратурага жиберилди. Прокуратурадан кийин сотко ашырылат", деди маалымат катчысы.

"13 жаштагы секелекти жарым жылдай кордоп жүргөн" деп айыпталган үч адамдын соту 5-июлда уланат. "Азаттык" сот жараянына да катышып, бул иштин мындан ары өнүгүшүн толук көзөмөлгө алмакчы.

"Коомчулук кыздын таламын талашууга милдеттүүбүз"

Алинанын күндөлүгү жалаң 4-5ке толгон. Апасынын айтымында, кыздын кордолгону тууралуу маалыматты мектепте саналуу гана мугалимдер билет. Алардын баарынан купуялуулукту сактоо боюнча тилкат алынган, кыз мектепте окуусун улантууда.

Алина азыркы учурда жакындарынын же укук коргоочулар менен психологдордун гана эмес, жалпы коомчулуктун коргоосуна муктаж. Беш көкүл чагында өзүнөн алда канча улуу адамдардын кордугун тарткан кызга моралдык жактан колдоо көрсөтүп, анын чөкпөй, жашоого башын бийик көтөрүп жүрүүсүн камсыздоо ар бирибиздин милдетибиз дейт балдардын психологу Аида Жанышбекова.

"Секелек кыз сексуалдык зомбулуктан кийин катуу психикалык жараат алды. Бул жаман кесепеттерге алып келүүчү өтө терең жараат. Ошондуктан, биринчи кезекте кыз медициналык жана психологиялык жардам алууга тийиш.
Ата-энеси, туугандары, мугалимдери, классташтары, негизи эле чөйрөсү аны түшүнүү менен колдоосун билдирүүлөрү керек. Колдоо болбосо кыздын маанайы ансайын чөгүп, өзүнө кол салууга чейин барышы мүмкүн. Чөйрөсү кыздын башынан өткөргөн оор кезин эстебей, ал тууралуу сөз кылбоого милдеттүү. Мындай тагдыр ар бирибиздин башыбызда болуп калышын баарыбыз билип алганыбыз жакшы.

Аида Жанышбекова, балдар психологу.
Аида Жанышбекова, балдар психологу.

Экинчиден, кызда эч кандай күнөө жок. Анын алсыздыгын, жашы жете электигин пайдаланып, кордогон адамдардын кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол берилбеши керек. Бул жерде жалпы коомчулук кыздын таламын талашууга милдеттүүбүз. Анткени бизге белгисиз дагы канча кыз кимдир-бирөөлөрдүн курмандыгы болуп кордолуп жүрүшү мүмкүн. Бул жерде кызынын укугун мыйзамдуу коргоп, ачыкка чыгарган ата-энесин азамат деш керек. Канчалаган үй-бүлөлөр куру намыстан улам мындай иштерди жаап-жашырууга аргасыз болушат. Бул албетте, секелек кыздарыбызды кордук-зордуктардан сактап кала албайт, тескерисинче көбөйүшүнө шарт түзөт".

Балага карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкердин жазасын катуулаткан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алып, президенттин кароосуна жиберген.

Кылмыш-жаза кодексине жана мунапыс берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, педофилдер мунапыс ала албайт. Аларга “кылмыштын мөөнөтү өттү” деген аныктама колдонулбайт, психикалык жактан оорулуу экени аныкталса да жазасын өтөөгө милдеттүү болот.

Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG