Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Пакистандык студенттерге карата 63 кылмыш катталды


Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 11 айында Пакистандын жарандарына карата 63 кылмыш катталган. Алардын көбү уурулук жана алдамчылык менен байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда өлкө аймагында чет элдик студенттердин коопсуздугуна байланыштуу өткөн кеңешмеде айтылды.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда 30,5 миңден ашуун чет элдик билим аларын белгиледи.

"Республиканын аймагында 30 501 чет өлкөлүк жаран билим алууда, анын ичинен 9 285 жаран Пакистан жана 13 404 жаран Индиядан келген. Алар – биздин жергебизде мейман, эл ортосундагы достуктун көпүрөсү. Ар бир студент мыкты билим гана албастан, өлкө тууралуу жакшы пикирде калуусун каалайт элек. Мен Министрлер кабинетинде чет элдик студенттерге өзгөчө камкордук көрүү жана жагымдуу шарттарды уюштуруу маселелери боюнча кеңешме өткөрүүнү тапшырдым", - деген Байсалов.

Жыйында жогорку окуу жайлардын жетекчилиги жана укук коргоо органдары тарабынан алдын алуу иш-чараларын, ошондой эле чет элдик жарандардын республикада жүрүү тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдети айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгында Эдил Байсалов чет элдик студенттердин коопсуздугу боюнча маселени күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырды.

11-декабрь күнү түшкө жуук Бишкекте теги пакистандык, Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭУ) медицина факультетинде окуган Рамзан Мухаммед аттуу студент поезддин алдында калып каза болгону жөнүндө кабар тараган. Каргашалуу окуядан кийин маркумдун достору "аны жергиликтүүлөр тоноп, андан кийин поезддин алдына ыргытып жибергенин" социалдык тармактарга жазышкан. Тышкы иштер министрлиги чет элдик студенттин өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Ички иштер министрлиги 11-декабрда пакистандык студент "киши колдуу болгон" деген маалыматты четке каккан.

Кыргызстандагы эл аралык окуу жайларда Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Пакистан, Индия, Казакстан, Ооганстан жана Кытайдан келген студенттер басымдуу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG