Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Украинада аялдар да аскердик каттоого алынат


Украинанын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган аскердик жүрүшкө катышкан украиналык аскер айымдары. Киев, 24-август, 2018-жыл.
Украинанын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган аскердик жүрүшкө катышкан украиналык аскер айымдары. Киев, 24-август, 2018-жыл.

Украинада Коргоо министрлигинин аскер жашындагы ар кандай кесиптеги эркектер менен бирге эле аялдарды дагы жашаган дареги боюнча аскердик каттоодон өтүүгө милдеттендирген буйругу күчүнө киргени кабарланды.

Ага ылайык, жалпысынан 35 адистиктеги жүздөгөн кесиптин өкүлдөрү, анын ичинде менежерлер, искусство таануучулар, журналисттер, юристтер, ашпозчулар, фармацевттер, музыканттар, мейманкана жана ресторан адистери аскердик кызматка тартылат.

Иш жүзүндө бул тизме эркектер менен катар аялдар иштеген бардык тармактарды ичине камтыйт. Компаниялардын жетекчилери менен бирге катардагы адистер да аскердик каттоодон өтүүгө тийиш.

Толук кандуу аскердик аракеттер башталган учурда журналисттер менен басма сөз кызматкерлери дагы армияга чакырылышы мүмкүн.

Буйрукка ылайык, кенже класстардын мугалимдери, бийчилер жана кечил айымдар (монах) аскердик кызматтан бошотулат.

Бул буйрук 2021-жылдын октябрь айында бекитилген. Бирок бул тууралуу азыр гана белгилүү болду.

Аскер комиссариатка шашылыштын кереги жоктугу, каттоодон өтүүгө 2022-жылдын аягына чейин убакыт бар экени көрсөтүлгөн.

Ошол эле кезде аскердик каттоого турбагандар айыпка жыгыла турганы да белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG