Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Украинага кайткан "азовчулар", аралдан чегинген Орусия


Змеиный аралы. 12-март, 2022-жыл.
Змеиный аралы. 12-март, 2022-жыл.

Орусиялык аскерлер согуштун алгачкы күнүндө басып алган Украинанын Змеиный аралынан чегинди. Донбасста Лисичанск шаарын тынбай аткылап жаткан орус аскерлери Днепропетровск облусундагы турак жайларга да сокку урганы кабарланды. Ал арада тараптар согуш туткундарын айырбаштаганы белгилүү болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиздеги Змеиный аралынан аскерлери чыгып кеткенин маалымдады. Министрлик аралда коюлган максатка жеткенин, Москва жакшы ниетин көргөзүү үчүн гарнизонун алып чыкканын белгиледи. Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрү билдиргендей, аткылоого туш болгон орусиялык аскерлер катерлер менен шашылыш эвакуацияланууга мажбур болду. Аралда өрт тутанып, жардыруулардын добушу угулуп жатат.

Змеиный аралы, Украина. 30-июнь, 2022-жыл.
Змеиный аралы, Украина. 30-июнь, 2022-жыл.

Кара деңиздин түндүк-батыш тарабындагы Змеиныйды орус аскерлери согуш башталган 24-февралда басып алган. Арал Одессанын жээгин көзөмөлдөө үчүн чоң стратегиялык мааниге ээ.

Луганск облусунун администрация жетекчиси Сергей Гайдай орусиялык аскерлер Лисичанскты курчоого алуу аракетинде шаарды тынымсыз аткылап жатышканын билдирди.

Гайдай каршы тарап көп сандагы техника, аскерлерди алып келгенин айтып, 100 миң калктуу шаарда ушу тапта 15 миңдей тургун кала бергенин кошумчалады.

Британиянын Коргоо министрлиги 30-июнда күндөлүк бюллетенинде, Сверодонецкиден чегинген украин аскерлери турумдарын колдон чыгарбай жатканын маалымдады.

Шаршембиде орус президенти Владимир Путин Ашхабадда Каспий форумунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп бери жатып, Украинанын Кременчуг шаарында эч кандай теракт болбогонун, орус аскерлери жарандык объектилерге сокку урбаганын айтты.

27-июнда майдан тилкесинен алыс орун алган шаарда эл кымгуут түшкөн чакта орус армиясы соода борборуна ракета атканда бери дегенде 20 жайкын тургун мүрт кеткен.

Далилдерге карабай, Москва аскердик эмес жайларды бутага алууда деген айыптоону четке кагууда.

29-июнда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссаританынын мониторинг тобу жарыялаган докладда 24-февралдан 5-майга чейин Украинада 3924 жайкын тургундун набыт болгону, 4 500 чамалуусу жараланганы айтылат.

Миссия мүчөлөрү согуштук аракеттер жүрбөгөн аймактарда болжол менен орусиялык аскерлердин колунан 300дөн ашуун жайкын тургун каза тапканын аныкташты. Ошол эле маалда реалдуу сандар мындан көп болушу мүмкүн деп белгиленет.

Согуш туткундарын айырбаштоо

Согуш туткундарын айырбаштоо. 29-июнь, 2022-жыл.
Согуш туткундарын айырбаштоо. 29-июнь, 2022-жыл.

Ал арада шаршембиде согуш башталгандан бери тараптар эң көп туткун айырбаштаганы белгилүү болду. Украин Коргоо министрлигинин чалгын кызматы билдиргенине караганда, 144 туткунду, арасында Мариупольдогу “Азовсталь” комплексин коргогон 95 жоокер кайтарылды. Бошотулгандардын 23ү офицер, 69у сержант.

Көбү жарадар - ок, снаряддардын сыныктары тийген, контузия болгон, денеси күйгөн, буту же колу сынган, ампутацияланган, башка оор жараат алганы кабарланды.

Орусия тарап туткундарды алмашууну комментарийлеген жок. Бирок өздөрүн "ДНР" деп атаган аймактын башчысы Денис Пушилиндин айтымында, эки тараптан тең 144 кишиден айырбашталды, катарында орус аскерлери менен жикчилдердин согушкерлери бар.

29-июнда АКШнын Улуттук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Эврил Хейнс Путин украин аймагынын ири бөлүгүн күч менен басып алуу планынан дагы деле баш тартпаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG