Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Зеленский: Кременчугга атайлап ракета атышкан


Кременчуг. 28-июнь, 2022-жыл.
Кременчуг. 28-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын күчтөрү Донбасстагы Лисичанск шаарын туш келди аткылап жатат. Президент Владимир Зеленский "Орусия Кременчуг шаарындагы жайкын тургундарга атайлап сокку урган" деп айыптады. Дүйшөмбүдө соода борборуна тийген ракетадан кеминде 20 киши набыт болуп, ондогону жараат алды, 40 чакты киши дайынсыз.

Орус армиясы Донбасстын өнөр жай борборун - Лисичанск шаарын курчоо аракетин улантууда. Бул тууралуу 29-июнда украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Британиянын чалгын кызматы орус аскерлери 25-июндан бери шаардын түштүгүндөгү мунай ишканасынын жанына дагы эки километрге жакындаганын маалымдады.

Николаев облусунун губернатору Виталий Ким шаршембиде билдиргенине караганда, эртең менен шаардагы көп кабатуу үй аткылоого туш болуп, үч киши мерт кетти, беш киши жараат алды.

Днепр шаарында эки жергиликтүү тургун ракета машинелерди оңдоо станциясына тийгенде набыт болду. Бул тууралуу облус администрациясынын башчысы Валентин Резниченко кабарлады.

Кременчуг, 28-июнь 2022-жыл
Кременчуг, 28-июнь 2022-жыл

"Орусия атайлап ракета аткан”

Полтава облусундагы Кременчугдун тургундары аза күтүүдө. Орус аскерлери бутага алган соода борбору толугу менен өрттөнүп кетти. Куткаруучулар тазалоо иштерин жыйынтыктап калды. Бирок тирүү калгандарды табуу үмүтү жокко эсе.

"Мен Харьковдон болом. Орустар бизди өздөрүнүн Белгородунан аткылап жатышат. Балдарымды ойлоп үч апта мурун Крменчугга качып келгенбиз. Бул жер коопсуз дегем. Көрсө, андай эмес экен", - деп айтып берди эки баланын энеси Алия Скрипка.

Майдан тилкесинен алыс орун алган Кременчугдагы жарандык жайды бутага алууну Батыш лидерлери “согуш кылмышы” деп айыпташты.

28-июнда украин президенти Владимир Зеленский ракета тийген учур тартылган видеону чыгарды. Президент Орусия “тынч шаарда, кадимки соода борборунда мүмкүн болушунча көп кишини өлтүрүү үчүн атайлап ракета аткан” деп билдирди.

БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйыны. 28-июнь, 2022-жыл.
БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйыны. 28-июнь, 2022-жыл.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Кременчугдагы трагедияны талкуулап жатканда Зеленский видео кайрылуу жасап, ал окуяны териштирүү үчүн комиссияны же уюмдун атайын өкүлүн жерине жөнөтүүнү сунуш кылды. Ал ошондой эле Москваны терроризмге айыптады.

“Орус делегациясын БУУну манипуляциялоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарыл. Орусия терроризимди токтотмоюнча Коопсуздук кеңешинде отуруу укугун алардан алыш керек. Орус аскерлери Украинада кылган иштерин тергөө үчүн трибунал түзүлүүгө тийиш”.

Орусиянын БУУдагы элчисинин орун басары Дмитрий Полянский аскерлер Батыштан келген курал, ок-дары сакталган ангарга сокку урганын кайталады. Ага чейин ушундай эле версияны орус Коргоо министрлиги айткан.

Британ чалгынчыларынын шаршемби күнкү маалыматына ылайык, орустар соода борборунун жанындагы инфраструктураны бутага алган болушу ажеп эмес. Бирок аларда таамай атуучу, заманбап курал-жабдуулар жок. Ушундай эле себептен 9-апрелде Краматорск темир жол вокзалында карапайым кишилердин өмүрү кыйылган.

Британдыктар күндөлүк отчетунда мындан ары да тынч жаткан элдин арасында жоготуулар болушу ыктымал деп эскертишет.

Херсондо референдумга даярдык

Орус оккупацясына каршы акция, Херсон. 20-март, 2022-жыл.
Орус оккупацясына каршы акция, Херсон. 20-март, 2022-жыл.

Ал эми убактылуу оккупацияланган Херсондо Орусияга кошулуу референдумуна даярдык башталганын орус аскерлери дайындаган бийлик билдирди. Бирок добуш берүү качан болоору такталган жок.

1-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өздөрүн ДНР, ЛНР деп атаган аймактардын, Херсон жана Запорожье облустарынын болочок статусуна байланышкан чечимдерди ошол жерде жашаган калк кабыл алат деп билдирген.

21-февралда Москва "ДНР менен ЛНРди көз каранды эмес мамлекет" деп тааныган. Көп узабай Орусия кошуна өлкөгө басып кирип, чыгыш жана түштүк бөлүктөрүндө бир катар чөлкөмдөрдү ээлеп алган.

2014-жылдан бери украин бийлигинин көзөмөлүнөн чыгып калган Донбасстын бир бөлүгүн жана Крым жарым аралын эл аралык коомчулук Украинанын аймагы деп билет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG