Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 20:58

Кыргыз жарандарын украин согушуна ким азгырган?


Донбасстагы украин аскерлери. 15-июнь, 2022-жыл.

Украинада мерт болгону ырасталган эки кыргызстандыктын бири согуш тилкесине Чеченстан аркылуу кеткени ачыкка чыкты. Кыргыз жарандарын орус армиясына ким же эмне жетелейт? Украин тарапта согушкан чет элдиктерди, алардын ичинде кыргыз, казактарды кандай тагдыр күтөт?

Бул жана башка суроолорго украиналык аскердик эксперт Сергей Грабский, Кыргызстандын атайын кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жана орусиялык аскердик адис Юрий Федоров менен “Биз жана дүйнө” программасында жооп издедик.

- Артур мырза, сизден баштасак. Украинада соңку согуш башталгандан бери Кыргызстанда төрөлгөн, бирок кийин Орусиянын жарандыгын алган бир нече аскердин сөөгү кичи мекенине жеткирилген эле. Эми орус паспорту жок, Кыргызстандын гана жараны болгон эки адам – Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов - Орусиянын күчтөрүнүн катарында жүрүп, Украинада мерт болгону белгилүү болду. Кыргызстандыктардын Украинадагы орус армиясынын катарына кошулушуна эмне себеп?

Артур Медетбеков: Ачыгын айтканда, бул 2014-жылдан бери эле болуп келаткан көрүнүш. 2014-жылы да Кыргызстандын кээ бир жарандары Луганск, Донецк облустарына барып, милициянын катарына кошулуп, келишим менен ошол жерде согушка аралашып, бир жыл, жарым жылдай болуп келгени баарыбызга белгилүү. Алардын кээ бири интервью бергенде ал жакка барганын идеологиялык максат менен түшүндүрүшкөн. Бирок көбүнүн негизги максаты - оор экономикалык кризис маалында акча табуу, ошону менен үй-бүлөсүн багуу, кандайдыр бир мүлк алуу.

Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков.
Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков.

Үчүнчү жагы, бүгүнкү күндө идеологиялык жактан таасир этүү көрүнүштөрү абдан көп болуп жатат. Өзгөчө Орусияда миграцияда жүргөн жарандарыбыз, башка мамлекеттерде жүргөн жарандарыбыз келишим менен барууга умтулушуп, бирөө Орусия Федерациясынын катарына кошулганга аракет кылышат. Кээ бири билип-билбей Донецк, Лугансктын милиция кызматкерлеринин катарына кошулуп, ошолор менен келишим түзүп, согушка барып жатканы белгилүү.

Негизинен 80-90 пайызы каражат табууну көздөшөт. Мисалы, эгерде согушка катышса, 200 миңдин (рубль) тегерегиндей, жарадар болуп калса, 3 миллионго жакын, кокус каза болуп калса, анын үй-бүлө 7 миллиондон ашык рубл алат деген шарттар бар. Андан тышкары Орусиянын көп облустарында губернаторлор дагы кошумча акча бөлүп жатышат. Бул жагынан да азгырылгандар аз эмес.

Бул Орусия тарабына кошулган кыргыз жарандары. Ошол эле кезде Украинада жашаган, же болбосо окуган, же мурун ошол жакта жашап кеткен кыргыз жарандары да украин тарапка өтүп, согушуп жатканы белгилүү болуп жатат.

"Биз жана дүйнө" телепрограммасын бул жерден көрүңүз:

- Сиз айткандай, 2014-2015 жылдардан бери Украинадагы урушка канча кыргызстандык аралашканы, өзгөчө соңку мезгилде канча кыргызстандык барганы белгисиз. Буга чейин “Азаттык” Украинанын армиясында Кыргызстандын кеминде бир жараны Украин тарапта ыктыярчы болуп жүргөнүн тактаган. Натыйжада сиз белгилегендей, Украинадагы согушта эки тарапта тең кыргыздар бар деп айтсак болот. Сиздин баамыңызда согушка кимдер кетип жатат? Көбүнчө мурда аскердик кызматта иштегендер же болбосо күч түзүмүндө тажрыйбасы бар адамдар десек болобу?

Артур Медетбеков: Украина тарапта же болбосо Орусия тарапта согушкандардын, же Луганск, Донбасс үчүн согушкандардын көбү мурда аскердик кызматты өтөгөн, жашы орто жашап калгандар. Украинада каза болуп калган аксылык жигит деле 50 жашка чыгып калган экен. Булардын баары эле аздыр-көптүр аскердик даярдыгы бар жарандар. Бирок ошого карабай кээде миграцияда жүргөн жаш балдар дагы кездешет. Аларды негизинен контракттын каражаты кызыктырып, ошонун негизинде барган учурлар көп.

Орусиянын тарабында кимдер согушууда?

- Федоров мырза, алдыда айтылгандай, Украинада Орусиянын күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн кыргызстандыктар каза тапканы белгилүү болууда. Сиздин байкооңуз боюнча, Орусия өз армиясынан тышкары Украинага дагы кимдерди же кайсы күчтөрдү жөнөтүп жатат? Буга чейин алардын арасында сириялыктар, вагнерчилер бар экени кабарланган эле.

Юрий Федоров: Орусиянын армиясынын курамында Украинага барып жаткан чет өлкөлүк жарандарды бир нече, же кеминде эки категорияга бөлсөк болот. Биринчиси, Орусиянын куралдуу күчтөрү менен келишим түзгөндөр. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөнүн жарандары орус армиясы менен келишим түзө алышат. Эгер келишимде жазылган болсо, алар аскердик аракеттерге катыша алышат.

Келишим - юридикалык жактан кыйла татаал документ. Андыктан көп учурда келишимге кол коюуга даяр адамдар (эгер чет өлкөлүктөр тууралуу айта турган болсок, анда негизинен Орусияда эмгек миграциясында жүргөн борбор азиялыктар) контракттын юридикалык татаал тил менен жазылган аки-чүкүсүнө анчейин кызыга беришпейт. Мисалы, келишимде Украинадагы согушта каза тапкан адамдын сөөгүн мекенине жеткирүүгө ким жооптуу экени жазылышы мүмкүн. Бул тууралуу программанын башында сөз болду.
Аларды негизинен акча жагы көбүрөөк кызыктырат. Ал эми анын өлчөмү ар башка.

Орусиялык аскердик эксперт Юрий Федоров.
Орусиялык аскердик эксперт Юрий Федоров.

Соңку апталарда Орусиянын армиясы өз эрки менен келишимге кол коюп, Украинадагы согушка бара алчу ыктыярчыларга өтө муктаж болуп турат. Себеби Украинадагы орус күчтөрүнүн өздүк курамына киши жетишпей жатат. Даярдыктан өткөн аскердик кызматкерлердин катары суюлуп баратат.
Андыктан Орусия же жалпы мобилизация жарыялашы керек, же ыктыярчыларды, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды тартып келүү жараянын күчөтүшү керек болот.

Экинчи категорияга, жеке менчик аскердик компаниялар келишим түзгөн чет өлкөлүктөр кирет. Жеке менчик аскердик компаниялар деп аталганы менен аларды Орусиянын Башкы штабына жана аскердик чалгын мекемесине баш ийген жалданма аскерлердин уюмдары деп сыпаттасак болот. Буга “вагнерчилер” деген топту мисал келтире алабыз. Бул адамдар Орусиянын аскердик кызматкерлери деп саналбайт. Алар жалданма аскерлер. Андыктан алар юридикалык жактан эч кандай укукка ээ болбойт.

- Федоров мырза, ыктыярчылар демекчи, Украинада каза тапкан кыргызстандыктардын бири “чечен ыктыярчылары” деп аталган топ менен кошо Украинадагы согушка кеткени ачыкка чыгууда. Орусиялык көз карандысыз иликтөөчү журналисттер Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров ыктыярчылардын жоон тобун чогултуп жатканын, ал чечен аскерлерин жоготкусу келбей, ыктыярчыларды акчага жалдап, согушка жөнөтүп жатканын айтып жатышат. Мындай тыянакка кошуласызбы? Сиздин оюңузча, Рамзан Кадыровго ыктыярчылар эмне үчүн керек?

Юрий Федоров: Рамзан Кадыров Орусиядагы абдан олуттуу саясий позицияларды мелжеп турат. Өзүнүн позициясын жана дымагын бекемдөө үчүн ага аскердик күч керек. Себеби ал мындан башка эч нерсе менен өз позициясын бекемдей албайт.

Ага лоялдуу оң миңдеген куралдуу күчтөр Орусиянын мыйзамдарын бузуу менен Чеченстанда даярдыктан өтүп, каржыланып келет. Алар Орусиянын ичинде да, сыртында да түрдүү иш-аракеттерге даяр.

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров (ортодо) жана анын армиясынын өкүлдөрү. 25-февраль, 2022-жыл.
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров (ортодо) жана анын армиясынын өкүлдөрү. 25-февраль, 2022-жыл.

Украинада чечестандык бул түзүмдөр өзүн кыйла начар көрсөтүштү. Аларды негизинен жазалоочу топ жана орусиялык аскерлерге өз позицияларын таштап кетишине уруксат бербеген күч катары колдонуп жатышат.

Чеченстандын өзүндө мындай аскердик түзүмдөрдүн жетиштүү резервин кармап туруш үчүн жана бир эле маалда Украинадагы согушка да катышуу үчүн Рамзан Кадыров жана анын бийлиги “ыктыярчылар” деп аталган топторду колдонуп жатат. Аларды согушка катышуу менен акча таап алууну көздөгөн эмгек мигранттарынын арасынан чогултуп жатышат. Себеби бир топ эле акча төлөшөт.​

- Грабский мырза, сиз узак убакыттан бери Украинадагы согуштун жүрүшүнө көз салып келесиз. Украин тарап Орусия 24-февралдан бери чоң жоготууга учураганын айтып жатат. Бирок Москва мындай маалыматтарды ырастабай келет. Сиздин оюңузча, Орусия Украинадагы согушка эмне үчүн ыктыярчыларды, алардын ичинде чет өлкөнүн жарандарын тартып жатат? Алардын фронттогу ролу эмне?

Сергей Грабский: Бул маселеде бир жагдай анык. Украинага каршы жүз күндөн ашкан агрессиянын жүрүшүндө Орусиянын армиясы олуттуу жоготууга туш болгону талашсыз. Азырынча Орусия жалпы мобилизацияны жарыялоого даяр эмес. Ошол эле маалда Орусияда менин өлкөмө каршы агрессияны улантуу үчүн жана өз маселесин чечүү үчүн стандарттуу эмес адамдардын контингентин тартып келүүгө жете турган акча бар. Кечирип койгула, бирок аларды “тикелей өлүмгө” айдап жатышат.

Бул жерде эки фактор бар. Биринчиси, аскерлердин санына байланыштуу. Аларга согуштан улам өздүк курамда пайда болгон боштукту толтурууга туура келүүдө.

Украиналык аскердик эксперт Сергей Грабский.
Украиналык аскердик эксперт Сергей Грабский.

Экинчиден, Орусия бул жол менен өзүнүн бюджетиндеги социалдык чыгымдарды да азайткысы келет. Себеби бийлик каза болгон адамдын сөөгүн мекенине жеткирүү сыяктуу мелдеттерден кутулат. Натыйжада Орусиянын согуштук чыгымдары азаят.

Дагы бир факторду эске салуу керек. Орусия эмгек мигранттарынын жардамы менен механик айдоочулар сыяктуу кыска убакытка талап кылынган кандайдыр бир адистердин ордун толтургусу келет. Бул үч фактор аркылуу Орусия Украинадагы согушуна байланыштуу маселелерин чечкиси келет.

- Артур мырза, алдыда Чеченстан тууралуу сөз болуп кетти. “Грозный ТВ” телеканалы Украинада мерт болгон кыргызстандыктардын бирөө башка бир катар чеченстандык ыктыярчылар менен кошо Украинага кетип жаткан видеону 19-майда жарыялаган. Орусиянын элчилиги Кыргызстандын жарандары Украинага кантип барып калганы тууралуу азырынча жооп бере элек. Кыргызстандыктар Украинадагы согушка кандай жолдору менен кетиши мүмкүн? Мында Чеченстандын да ролу болушу мүмкүнбү?

Артур Медетбеков: Биринчиден, кыргызстандыктардын көбү орусияда иштеп жүрүшөт. Экинчиден ал жол оңой эле. Москва аркылуу Грозныйга (учат) же болбосо поезд менен эле чыга калышат. Акыркы убакытта Бишкек-Махачкала деген аба каттам да ачылып жатат. Демек, жолдору көп.

Кесиптештер Украинага Борбор Азиядан жалданма аскерлер барып жатат деп айтып кетишпедиби. Объективдүү караганда Украинага да башка өлкөлөрдөн жалданма аскерлер келип жатпайбы.

Бул Украина үчүн улуттук боштондук согуш болсо, Орусия аны “атайын операция” деп атап жатат. Деген менен учурда билинбегени менен бул дүйнөлүк согушка айланып, эки чоң державанын тирешүүсү болуп кетип жатат. Демек, бул согушта бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылып жатат. Чеченстан болобу, же башка жактан болобу ар кайсы пункттардан кеткенге ачык шарттар түзүлүп жатат.

Украин армиясына кошулган чет элдиктер

- Грабский мырза, украин тарапта да, тактап айтканда украин армиясынын легионунда да жүздөгөн, балким миңдеген чет өлкөлүктөр Украинаны коргоп жатышат. Артур мырза да бул тууралуу айтып өттү. Украин күчтөрүнө кошулгандардын арасында борбор азиялыктар, анын ичинде кеминде бир кыргыз жараны бар. Чет элдик легионерлердин Украинадагы ролу эмне? Алар согуштун нугуна канчалык таасир эте алышат?

Сергей Грабский: Биринчиден аныктамасын тактап алалы. Чет элдик легион эмес, интернационалдык легион. Бул Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгү. Аталган аскердик бөлүк Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышат жана алар Украинанын Коргоо министрлигинин курамына кирет.

Узакка созулган текшерүүдөн кийин гана бул бөлүктөгү ар бир аскердик кызматкер менен өз-өзүнчө келишим түзүлөт. Ар бир адамды тиешелүү органдар, анын ичинде Улуттук коопсуздук кызматы, аскердик чалгын мекемеси жана Коргоо министрлиги текшерип чыгат. Андан соң алар адистигине жараша Украинанын бардык аймагында согуштук аракеттерге тартылат. Алардын иши аскердик жетекчилердин тапшырмаларына жараша болот.

Дагы бир жолу баса белгилеп коеюн, алардын ар бири келишимге кол коет. Бул келишимдер ыктыярчылар келген көпчүлүк өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен макулдашылган. Мындай макулдашуу каржылык же социалдык жоопкерчиликке байланыштуу кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдү алдын алууну көздөйт.

Мындан тышкары Украинанын катарына кошулган ичкериялык, беларусиялык бөлүктөр жана башка өлкөлөрдүн аскердик топтору бар. Булар Украинанын куралдуу күчтөрүнө өз эрки менен кошулган аскердик бөлүктөр жана украин мамлекети менен келишимге кол койгон чет өлкөлүк жарандар.

Алар социалдык жактан коргоого алынган жана Украинанын куралдуу күчтөрүнүн нормаларына жараша камсыз кылынган. Украин мамлекети келишим иштеп жаткан мөөнөттүн ичинде алардын өмүрү менен ден-соолугуна жана алардын ишмердигине байланышкан бардык жагдайларга толук жоопкерчилик алат.

- Алардын негизги ролу кандай? Эл аралык легион согуштун багытына же нугуна канчалык таасирин тийгизип жатат?

Сергей Грабский: Алар аскердик бөлүктөрдүн бири гана. Кайсы бир аймакта кайсы бир эл аралык легиондун жардамы менен “Украина ийгиликке жетишти” деп айтуу кыйын. Себеби дагы бир жолу айтып коеюн, интернационалдык легион Украинанын куралдуу күчтөрүнүн курамына кирет. Коопсуздук маселелеринен улам бул адамдар кайсы аймактарда жүргөнүн, кайсы багыттар боюнча согуштук аракеттерге катышып жатканын ачык айтпайбыз.

Алар жөө аскер бөлүктөрү катары кызмат өтөй алышат. Алардын арасында кесипкөй көзгө атарлар, биздин кызматкерлерди окутуп-үйрөтө турган мыкты адистер бар. Тактикалык медицинаны билгендер, байланышты камсыз кылчу адистер бар. Алар өздөрүнүн аскердик тажрыйбасына жана адистигине жараша иштешет.

Украинанын эл аралык легионунун мүчөлөрү Северодонецк аймагында, 2-июнь 2022-жыл.
Украинанын эл аралык легионунун мүчөлөрү Северодонецк аймагында, 2-июнь 2022-жыл.

- Орусия Украинанын эл аралык легионунун мүчөлөрүн “жалданма аскерлер” деп атап, алар орус күчтөрүнүн колуна түшсө, согуш туткундары деп эсептелбей турганын, жазаланышы мүмкүндүгүн эскертип келет. Өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атаган жикчил күчтөрдүн эл аралык коомчулук тааныбаган соту Британиянын эки, Марокконун бир жаранын өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм чыгарганын алдыда көрдүк. Украина жана Орусия тарапта согушкан чет өлкөлүк аскерлердин негизги айырмачылыктарын түшүндүрүп бересизби?

Сергей Грабский: Украина тарапта согушкан чет өлкөлүктөр өз ыктыяры менен гана украин армиясына кошулган адамдар экенин белгилеп коюшубуз керек. Украинаны коргоочулардын катарына кошулгусу келген польшалыктарды мисал келтирели. Алардын ар бири эки-үч жумага созулуучу текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын тек-жайы, таржымалы, кандайдыр бир кылмыштуу аракеттерге аралашып-аралашбаганы текшерилген.

Ыктыярчылар мамлекет жоопкерчиликти алып, аны менен келишимге кол койгондон кийин украин армиясынын жоокерине айланат. Андан соң гана алар өз келишиминде жазылган милдеттерди аткарууга киришет.

Баса белгилеп коеюн. Бул жерде өз ишин билген адистер тууралуу кеп болуп жатат. Болжол менен Украинанын армиясына кошулгусу келген үч-төрт адамдын бирөө гана тандалып алынат.

Келишим украин мамлекети менен жеке адамдын ортосундагы макулдашуу экенин түшүнүү керек. Андыктан Украина алардын өмүрүнө толук жоопкерчилик алат. Эгер аскер каза тапса, же жаракат алса, ага толук жардам көрсөтүлөт.

Кандай гана болбосун, алар жалданма аскерлер деп эсептелбеши керек. Анын үстүнө аларды Орусиядан башка бир дагы мамлекет ушунтип атаган жок.
Экинчи жагынан, Орусиянын армиясында түшүнүксүз бир жагдай өкүм сүрүп жатат. Ал жакта келишимдерге кимдер, кандайча кол коюп жатканы, алар кайсы аскердик бөлүккө кошулары бүдөмүк.

Украинада жеке менчик аскердик компанияларга тыюу салынган. Урматтуу Федоров мырза белгилегендей, Орусия тарапта болсо “Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар аркылуу Украинадагы согушка катышууга уруксат берилген.

Бул маселеде эл аралык укуктун так аныктамасы бар. Алар Украинанын аймагында Орусиянын аскердик кызматкерлери эмес, “жалданма жоокерлер” деп мүнөздөлөт.

- Демек, мен түшүнгөндөй, Украина Орусия тарапта согушкан чет өлкө жарандарын “жалданма аскерлер” эсептейт. Туурабы?

Сергей Грабский: Ооба, ошондой.​

Британ жарандары Шон Пиннер (ортодо), Эйден Эслин (солдо) жана морокколук Брагим Саадун Донецктеги сот залында, 7-июнь 2022-жыл.
Британ жарандары Шон Пиннер (ортодо), Эйден Эслин (солдо) жана морокколук Брагим Саадун Донецктеги сот залында, 7-июнь 2022-жыл.

- Федоров мырза, батыш өлкөлөрү Украинанын куралдуу күчтөрүнүн курамындагы чет элдик аскерлердин өлүм жазасына өкүм кылынышын айыптап жатат. Алар бир нече жыл бою украин армиясында кызмат өтөп келген болчу. Эмне себептен Орусия бул чет элдик аскерлерди согуш туткуну деп таануудан баш тартып жатат?

Юрий Федоров: Бул маселеде эки жагдай бар. Алдыда кесиптешим айтып өткөндөй, Орусия Украинанын тарабында согуша турган чет өлкөлүк жарандардын санын болушунча азайткысы келет. Аларды сестенттип, коркуткусу келет.

Юридикалык жактан алсак, туткунга түшкөн эки британ жараны жана бир марокколук жаран акчага жалданган аскерлер эмес. Себеби эл аралык укуктун нормаларында өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн же акча үчүн гана куралдуу кагылышууларга катышкан адамдар гана жалданма аскерлер деп эсептелет.

Өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчил аймакта соттолгон бул чет өлкөлүк аскерлер украин армиясы менен келишимге кол коюшкан. Ал келишимдерде бул чет өлкөлүктөр үчүн Украинанын кадимки аскердик күчтөрүнөн өзгөчөлөнгөн киреше же төлөмдөр каралган эмес. Анын үстүнө соттолгон үч жарандын бири Украинанын жараны.

Мындан тышкары аларды соттошконунун өзү эле бардык укуктук нормаларды шылдыңга алууга тете. Алар "Донецктеги бийликти басып алууга аракеттенген" жана "террорчул аракеттерге даярданган" деген негиз менен соттолуп жатат. Эгер алар Украинанын аймагында кармалып жатышса, эч качан "Донецк элдик республикасынын" аймагында барышпаса, анда кантип ал жактагы бийликти кулата алышсын. Бул да укуктук нормаларды бузууга жатат. Сот маалында аларга өз укугун коргоого жетиштүү мүмкүнчүлүк берилбегенин айтпай эле коелу.

Согушка катышкандарды эмне күтөт?

- Федоров мырза, Орусиянын бийлиги өлкөдө жылма мобилизация жүрүп жатканын ырастабай келет. Бирок иликтөөчү журналисттер тапкан далилдер көрсөткөндөй, Орусияда аскердик комиссариаттар жана жеке менчик аскердик компаниялар аскердик тажрыйбасы бар адамдарды Украинадагы согушка жөнөтүү үчүн издеп жатышат. Ыктыярчы деген жарандар кайда, эмне себептен согушка бара жатканын толук түшүнүшөбү? Украинага кыска мөөнөттүк келишим менен бара жаткан ыктыярчылар канчалык коргоого алынган?

Юрий Федоров: Бардыгы кайсы убакытта болгонуна жараша. Согуштун башында "келишимге кол коем" жана "орус армиясына кошулам" деген көп адамдар кайсы тарапка, эмне себептен баратканын жакшы деле түшүнгөн эмес. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, менимче, бир жарым айдан кийин келишимдин шарттары өзгөрдү.

Себеби баштапкы келишимдерде кол койгон адамдар согуштук аракеттерге катышуудан баш тартып койсо болот деп жазылган. Мындай учурлар да болгон. Мисалы келишимди токтотуп, "Украинага барбайбыз, өзүбүздүн аскердик бөлүгүбүздө калабыз" деген жарандарды билебиз.

Андан кийин келишимдин шарттары өзгөрдү. Документте согуштук аракеттерге катышуудан баш тарткан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз берген жоболор пайда болду.

Албетте, келишимди баары окушпайт. Бирок документти дыкат окуп чыккандар болсо, алар Украинадагы согушка бара жатканын, эгер баш тартышса, түрмөгө түшүшү мүмкүн экенин түшүнүшөт.

Ошентсе жарандар муну канчалык аңдап-билип жатканын так айтуу кыйын. Айрымдары түшүнүп, баш тартып коюп жатышат. Кайсы бирине акча керек. Алар өмүрүн тобокелге салууга даяр. Жарандардын үчүнчү бир бөлүгү эмнеге кол коюп беришкенин деле билишпейт. Алар Украинадагы согуш тилкелерине жеткенде гана кандай ката кетиргенин түшүнүшөт. Анда кеч болуп калат. Кетип кала алышпайт.

- Артур мырза, Украинада каза болгон кыргызстандык Аманбек Курбанбаевдин жакындары маркум убагында ким менен кандай келишим түзгөнүн биле албай турушат. Ошондуктан анын сөөгүн алып келүүгө орус бийлигинен же армиясынан эч кандай жардам болбоптур. Сиздин оюңузча, эмне үчүн мындай жагдай түзүлдү? Бул окуя орус күчтөрүнө кошулган ыктыярчылар же чет элдиктер Украинага бүдөмүк келишим менен кетип жатканын, кайсы бир деңгээлде ара жолдо калып жатканын далилдеп жаткан жокпу?

Артур Медетбеков: Албетте, бул окуя өтө бүдөмүк ойлорду пайда кылат. Анткени тууганы 18-майда сүйлөшкөнүн, келишим түзүп кеткенин, 29-майда жарадар болгонун айтып жатат. Демек, алардын даярдыгы абдан начар болгон, даярдыктан аз өткөн. Мындай кургактыктагы операцияга кеминде 2-3 айдай даярдаш керек.

Келишим түзүлүп жатканда көп нерселер каралбай, түшүнбөй калышат. Ошонун негизинде мындай учурлар көп болот. Келечекте ала турган компенсация дагы төлөнөбү-төлөнбөйбү белгисиз. Ушул окуялар биздин жаштарга, акча табабыз деп барабыз дегендерге чоң сабак болуш керек.

- Мындай жагдайдын түзүлүшүнө ким жооптуу?

Артур Медетбеков: Ошол келишимди түзүп жаткан адам өзү жооптуу. Анткени ал өзү сүйлөшүп жатат. Ошол келишим түзүп жатканда юридикалык жактан жакшы билген бир адамы ошонун баарын түшүндүрүп берсе, ошондон кийин гана кол койсо же макулдугун бербесе жакшы болмок. Көбүнчөсү келишим кандай түзүлүп жатканын билбей эле макулдугун берип коет.

Экинчиден, биздин мыйзам боюнча, ал Кыргызстандын жараны болуп туруп, башка чет мамлекетте согушка катышса, ага каршы кылмыш жоопкерчилиги бар экени Кылмыш-жаза кодексинде жазылган. Бул жагын дагы карашы керек.

- Кыргызстанда чет жактагы куралдуу кагылыштарга катышкандарга жана акчага жалданган адамдарга кылмыш жоопкерчилиги бар экени айтып өттүңүз. Кыргыз бийлиги Украина тарапта жүргөн кыргыз жаранына дароо кылмыш ишин козгогон эле. Бирок Орусия тарап менен кеткендерди алдын алууга, же токтотууга аракет жасап жатканы байкалабы?

Артур Медетбеков: Биздин мыйзамда 256-беренеде жазылгандай, кыргыз жараны башка чет элдик мамлекеттердин согушуна же аскердик конфликттерине катышса, албетте, милдеттүү түрдө жоопкерчилик тартат. Андан тышкары жалданмачылыкка барып, акча же башка бир пайда табам деп чет элдик согушка же аскердик конфликтке катышса, анда да жоопкерчиликке тартылат деп Кылмыш-жаза кодексинде жазылган.

Эгерде миграцияда жүргөн биздин мекендештер Орусиянын жарандыгын алып, кош жаран болуп, анан контракт түзүп, согушка катышса, анда ал жоопкерчиликке тартылбайт. Себеби Орусиянын жараны болуп калган. Эгерде Кыргызстан жараны болуп туруп барса, анда укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоо боюнча бардык процессуалдык нормаларды карап чыгышы керек.

Бирок ушул 2-3 айдын ичинде алты кыргыз каза болуп калды. Буга чейинки конфликттердин натыйжасы кандай болгонун эске алуу менен миграцияда жүргөн жарандар, же болбосо азгырылып “согушка барабыз” деген адамдар чоң сабак алышы керек.

Ал эми мамлекеттик деңгээлде, албетте, эч ким согушту жактабайт. Мамлекет согушка катышпоо зарылдыгын, Кыргызстандын жараны катары өзүн чет жакта туура алып жүрүү керек экенин эскертип келет. Калганы ошол чет жакта иштеген адамдардын, же болбосо бул жактан барам деген жарандардын өзүнүн жеке ой-пикири болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG