Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

НАТО: Орусия коопсуздукка коркунуч жаратууда


НАТОнун саммити. Мадрид, 29-июнь 2022-жыл
НАТОнун саммити. Мадрид, 29-июнь 2022-жыл

НАТО Орусияны мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна “эң чоң жана түз коркунуч” жараткан өлкө деп жарыялады. Мадриддеги саммитте лидерлер Украинага колдоосун күчөтөрүнө ишендиришти.

НАТОнун билдирүүсү Орусиянын Украинага кол салышы “Кансыз согуш” аяктагандан кийинки Европада коопсуздук эрежелерине канчалык таасир эткенин көргөзөт.

Баш катчы Йенс Столтенберг аскердик альянс Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эбегейсиз кризиске туш болгонун белгиледи.

Блоктун мүчөлөрү кошунанын агрессиясынан жапа чеккен Украинага саясий жана башка колдоосун уланта берерине убада кылышты.

Столтенберг Украина өз көз карандысыздыгы гана эмес, Батыштын баалуулуктары жана коопсзудугу үчүн күрөшүп жатканын айтты.

Ошол эле маалда аскердик блок Орусия менен тирешке барууну каалабаганы, ал өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганы айтылат. 2010-жылы Орусия уюмдун “стратегиялык өнөктөшү” деп аталган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуусунда НАТОдон көбүрөөк жардам күтөрүн белгилеп, Орусияга туруштук берүү үчүн абадан коргонуунун заманбап системаларын, финансылык көмөк сурады:

"Орусияны негизги корукунуч деп сыпаттасаңар, анда алардын негизги жана биринчи бутасын колдошуңар керек. Орусия Украинага каршы гана согуш ачпастан, Европага өз шарттарын, дүйнөнүн болочок түзүлүшүн таңуулоо укугуна ээ болуу аракетин көрүп жатат. Мына ошондуктан Украинаны курал-жарак, финансы жагынан колдоо, Орусияны согушту каржылоо кудуретинен ажыратуу үчүн саясий санкцияларды киргизүү маанилүү".

Президенттин айтымында, Москва мурда өз таасир чөйрөсүнө кирген мамлекеттерди ыктымал бутасындай көрөт, аларды токтотпосо, кезек Молдова, Польша жана Балтика өлкөлөрүнө жетиши мүмкүн.

Андан тышкары саммитте НАТОнун жетекчилери чыгыш флангды бекемдөө, Грузия, Молдова жана башка өнөктөштөргө көбүрөөк колдоо көргөзүү, Финляндия менен Швецияга 30 өлкө кирген альянска кошулуу чакыруусун жолдоо тууралуу макулдашты.

Алдыңкы күнү эки өлкөнүн мүчөлөгүнө каршы болуп келген Түркия менен мунасага жетишилген.

Орусиянын агрессиясы Стокгольм менен Хельсинкини узак жылдардан бери карманып келген нейтралдуулуктан баш тартууга түрттү. Эми Орусиянын НАТО менен чек арасы Финляндиянын эсебинен эселеп кеңеймекчи.

Жогорку деңгээлдеги жыйын алдында АКШ президенти Жо Байден саммитте кабыл алына турган чечимдер жаматтык коопсуздукту бекемдөөнү көздөй турганын белгилеген:

"Кошмо Штаттар коопсуздук чөйрөсүндөгү кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу Европага кошумча аскерлерин жөнөтөт. Жыл башынан бери Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Европага 20 миң кошумча аскер жибергенбиз, муну менен жалпы сан 100 миңге жеткен".

Байден Испаниядагы Рото деңиз базасында жайгашкан согуштук кемелердин санын көбөйтүү, Польшада туруктуу кеңсе ачуу тууралуу сөз болорун кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG