Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Украина менен Орусиянын буудай экспортун жандантуу келишими


Сергей Шойгу, Александр Кубраков, Антониу Гуттериш, Режеп Тайып Эрдоган. Макулдашууга кол коюлгандан кийин. Стамбул, Түркия. 22-июль, 2022-жыл.
Сергей Шойгу, Александр Кубраков, Антониу Гуттериш, Режеп Тайып Эрдоган. Макулдашууга кол коюлгандан кийин. Стамбул, Түркия. 22-июль, 2022-жыл.

Москва менен Киевдин расмий өкүлдөрү Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине кол койду.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эки документке кол койду. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон.

Бул документтерге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Стамбулда өткөн жолугушууда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган макулдашуу глобалдык азык-түлүк тартыштыгын төмөндөтүүгө жардам берерин белгиледи.

Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк мурдараак белгилегендей, документке ылайык, "буудай ташыган кемелерди орусиялык кемелер коштобойт жана украин портторунда орус өкүлдөрү болбойт".

"Эгер чагымчыл аракеттер жасалса, дароо аскердик жооп болот",-деп жазды ал Твиттерге.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш эгиндин Украинадан коопсуз чыгарылышын көзөмөлдөө үчүн биргелешкен Координациялык борбор түзүлөрүн жарыялады. Эрдоган ал борбор Түркияда жайгашарын билдирди.

Тараптар жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникалары гана коштоп жүрөт.

Түркиянын Аскердик-деңиз күчтөрү Координациялык борбордун байкоочулары менен чогуу украин портторуна кирген бош кемелерди текшерип турат. Түркиянын Куралдуу күчтөрү болсо товар ташыганы келген чет элдик бош кемелерди текшерип турууга милдеттеме алды. Орусия тарап ал кемелерде Батыш Украинага берген куралдар ташылып келиниши мүмкүн деген чочулоосун билдирген.

Согуш башталганы Орусия Кара деңизди бөгөттөп алганы үчүн Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары чыгарылбай, камакта калган. Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген.

БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусунан улам ачарчылыкка тушуккандардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйүп, 218 миллионго жетерин эскерткен.

Украина мындан сырткары Орусияны украин эгинин уурдоого жана сатууга айыптап келет.

Дан экспортун жөнгө салууну жөндөө боюнча Орусия менен Украинанын аскердик өкүлдөрү 13-июлда Түркиянын Стамбул шаарында жолугуп сүйлөшкөн.

АКШнын мамдепартаменти украин буудайынын экспортун жандантуу келишимин кубаттады. Бирок бул макулдашууну ишке ашырууга Орусия жооптуу болорун эскертти.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан жана буурчак азыктарын саткан.


Ал арада украин күчтөрү билдиргендей, орус армиясы Украинадагы Углегорск электрстанциясын басып алууну көздөп жатат. Британ чалгын кызматынын күнүмдүк отчетунда Москва зениттик-ракеталык системалары менен аткылоону күчөткөнү айтылды.

Украин президенти Владимир Зеленский 22-июлдун кечиндеги кайрылуусунда, АКШ Сенатынын бир нече мүчөсү Орусиянын Украинага каршы агрессиясын геноцид деп таануу боюнча резолюциянын долбоорун сунуш кылганын билдирди.

Маалым болгондой, мындай кадамга жети сенатор Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская 20-июлда Конгресске кайрылуу жасагандан кийин барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG