Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Стамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлду


Сергей Шойгу, Александр Кубраков, Антониу Гуттериш, Режеп Тайып Эрдоган. Макулдашууга кол коюлгандан кийин. Стамбул, Түркия. 22-июль, 2022-жыл.
Сергей Шойгу, Александр Кубраков, Антониу Гуттериш, Режеп Тайып Эрдоган. Макулдашууга кол коюлгандан кийин. Стамбул, Түркия. 22-июль, 2022-жыл.

Уланып жаткан согуштук кырдаалда Украинадан дан жана башка азык-түлүк товарларын Кара деңиздеги украин порттору аркылуу ташып чыгуу жөнүндө макулдашуу 22-июлда Стамбулда кабыл алынды.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эки документке кол койду. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон.

Бул документтерге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникалары гана коштоп жүрөт.

Түркиянын Аскердик-деңиз күчтөрү Координациялык борбордун байкоочулары менен чогуу украин портторуна кирген бош кемелерди текшерип турат. Түркиянын Куралдуу күчтөрү болсо товар ташыганы келген чет элдик бош кемелерди текшерип турууга милдеттеме алды. Орусия тарап ал кемелерде Батыш Украинага берген куралдар ташылып келиниши мүмкүн деген чочулоосун билдирген.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш тараптардын макулдашууга келиши жеңил болбогонун билдирип, документ дүйнөлүк азык-түлүк кризисин алдын алуудагы “үмүттүн маягы” экенин айтты. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган орус жана украин тараптарга макулдашууга келгени үчүн ыраазычылык билдирип, биротоло ок атууну токтотууга чакырды.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген.

Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев Кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды. Натыйжада Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн июлдун башында украин портторуна биринчи жолу келди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG