Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Мигранттардын 5,5 миңдей баласы эч туугандыгы жок адамдардын колунда чоңоюуда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканы аныкталганын билдирди. Мекеменин 22-июлда өткөн коллегиялык жыйынында айтылгандай, бул көрсөткүч былтыр1,5 миңди түзгөн.

Жалпысынан ата-энеси мигрант болуп жүргөн 88 миң бала аныкталганы, алардын 73 миңиники ата-энеси башка өлкөлөрдө, 14 миңиники Кыргызстандын ичинде экени аныкталды. Үймө-үй кыдыруу 149 миңдей түтүндү камтыды.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны учурда чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. Укук коргоочулардын айтымында, түрдүү зордук-зомбулукка кабылган балдардын көбү ата-энеси жанында жоктор болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG