Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Согушту колдогон Хаменеи, Путинди күттүргөн Эрдоган


Орусия, Иран жана Түркия президенттери. Тегеран, 19-июль 2022-жыл
Орусия, Иран жана Түркия президенттери. Тегеран, 19-июль 2022-жыл

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи орус президенти Владимир Путинге жана анын Украинага каршы согушуна колдоосун билдирди. Тегеран сапары учурунда Путин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүдө Украинадан арпа-буудайды чыгаруу, Сирия маселелерин талкуулады.

Ислам жумуриятынын жогорку диний көсөмү Москва менен Тегеран “Батыштын алдамчылыгына” каршы кыраакы болушу керек деп билдирди.

Аятолла Али Хаменеи жана Владимир Путин. Тегеран, 19-июль 2022-жыл
Аятолла Али Хаменеи жана Владимир Путин. Тегеран, 19-июль 2022-жыл

Хаменеи Орусиянын аскерлерин Украинага жөнөтпөсө, НАТО балким аларга кол салмак деп, иш жүзүндө Кремлдин риторикасын кайталады.

19-июлдагы кездешүүдө аятолла Батыш санкция салган шартта Иран менен Орусиянын узак мөөнөттүү кызматташуусун бекемдөөгө чакырды.

Аскерлери Украинага басып киргенден бери орус мамлекет башчысы ушуну менен үчүнчү чет өлкөгө барып отурат. Буга чейин ал Тажикстан жана Түркмөнстанда болуп кеткен. Дегеле Путин 2020-жылдын башынан бери Орусиядан сейрек чыгып жүрөт.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз өкүлү Жон Кирби Путиндин Тегеран сапары согуш башталгандан бери Орусия канчалык дүйнөдөн обочо калганын көргөзөт деп билдирди:

"Эми Орусия Иранга жардам сурап кайрылууга аргасыз. Бул Украинага жок жерден басып киргенден бери алардын аскердик-коргонуу базасына канчалык күч келип жатканын айгинелейт. Таамай атуучу курал-жарак, алдыңкы системалар, танктар, атүгүл учактар жетпей жатканын билебиз. Санкциялардан улам өзгөчө микроэлектроника тармагында кыйынчылыктар түзүлгөнүнөн кабардабыз. Менимче, бул сапар Путиндин согушту токтотуп, Зеленский мырза менен сүйлөшүү үстөлүнө отурайын деген ниетим жок деген ишараты".

Кирби Иран Орусияга пилотсуз учактарды бергени тууралуу азырынча маалымат жок экенин кошумчалады.

Өткөн аптада Кошмо Штаттар Тегеран Москваны жүздөгөн дрон менен камсыз кылууну, орус аскерлерин аларды пайдаланууга үйрөтүүнү көздөп жатканын билдирген.

Ислам жумуриятынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахиан украин башкы дипломаты Дмитрий Кулеба менен сүйлөшүүдө мындай кабарларды негизсиз деп атап, “кастыктын уланышына жана күчөшүнө алып келе турган аракеттерге каршыбыз. Орусия менен коргонуу жаатындагы макулдашуубуз бар, бирок бул жаңжалга кириптер тараптарга көмөктөшпөйбүз", - деп белгелеген.

Путин Тегеранга аттанар алдында орусиялык “Газпром” мамлекеттик компаниясы жана Ирандын NIOC улуттук мунай компаниясы 40 миллиард долларлык келишимге кол коюшту. Арасында газ жана мунай кендерин иштетүү долбоорлору бар.

Жаратылыш газынын кору жагынан Иран дүйнөдө Орусиядан кийинки экинчи орунда турганы менен америкалык санкциялар Ислам жумуриятына жаңы технологияларга ээ болууга, экспортту өнүктүрүүгө жол бербей келет.

Тегеранда Путин Иран жана Түркиянын президенттери Ибрахим Раиси жана Режеп Тайып Эрдоган менен кездешти.

Эрдоган жана Путин. Тегеран, 19-июль 2022-жыл
Эрдоган жана Путин. Тегеран, 19-июль 2022-жыл

Орус президенти түрк лидерине Украинанын эгинин экспорттоо маселесин жөнгө салуудагы арачылыгы үчүн рахмат айтты.

"Ортомчу аракеттериңизге, азык-түлүк, Кара деңиз аркылуу данды транспорттоо маселелерин чечүүдө аянтча түзүп бергениңизге рахмат айткым келет. Сиз арачы түшкөндүктөн алга жылуу байкалууда. Бардык маселелер чечиле элек, бирок жылыштардын болгону жакшы көрүнүш".

Бир нече күн мурда Стамбулда украин портторунда блоктолуп турган арпа-буудайды дүйнөнүн башка жерлерине чыгаруу маселеси талкууланган.

Маалыматтарга караганда, тараптар мунасага жакындашты, орус жана украин делегациялары шаршембиде дагы бир жолугушуу өткөргөнү жатат.

The Wall Street Journal геизити өз булактарына таянып жазгандай, буудай Украинанын үч портунан украин кемелеринин коштоосунда конвой менен алынып чыгышы мүмкүн. Мындан тышкары түрк деңиз күчтөрү украин портторуна келген бош кемелерди текшерип турат. Бул кемелер Украинага Батыштан курал-жарак ташып келиши ыктымал деген Орусиянын кооптонуусунан улам жасалмакчы.

Баса, Эрдоган менен жолугушуу алдында Путинге түрк лидерин бир мүнөтчө күтүүгө туура келди. Кабарчылар жана социалдык тармактардын колдонуучулары анын тынчы кетип, ыңгайсызданып, улам бир бутуна ооп, кабагын чытып турганына көңүл бурушту.

2020-жылы Москвада Сириядагы абалды талкуулаган жыйын алдында тескерисинче Путин Эрдоган менен жолугушууга эки мүнөт кечигип барган.

Сирия демекчи, Тегеранда да үч тараптуу саммитте лидерлер Астана процессинин алкагында биргелешкен билдирүү кабыл алды. Жетекчилер ал өлкөнүн суверенитетинин, биримдигинин жана аймактык бүтүндүгүнүн маанисин белгилешти.

Эрдоган Түркия террорчу топторго каршы күрөштү улантарын жана Москва менен Тегеран андай аракеттерди колдойт деп күтөрүн айтты.

Айрым аналитиктер президенттер Анкаранын Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына жана алардын өнөктөштөрүнө каршы операцияга даярданып жатканын талкуулашты деп боолголошот. Алардын айтымында, Эрдоган буфердик зона түзүп, кийин ал жакка миллиондой сириялык качкынды көчүрүүнү көздөөдө. Бирок бул планга президент Башар Асадды колдогон Иран менен Орусия каршы чыгууда.

Саясат талдоочулардын бир даары Тегеран сапары АКШ президенти Жо Байдендин жакында Израил жана Сауд Арабиясына жасалган визитине жооп иретиндеги саясий-идеологиялык кездешүү деп сыпатташат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG