Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Украина Орусиянын талабына көнбөйт


Украин аскерлери Харьковдогу майданда. 12-июль 2022-жыл
Украин аскерлери Харьковдогу майданда. 12-июль 2022-жыл

Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданган күндө да Украина алакандай жеринен баш тартпайт. Мындай билдирүүнү шаршембиде тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жасады.

Министр ошондой эле өлкө портторунда камоолдо калган дан эгинди дүйнөнүн башка жерлерине чыгаруу үчүн Орусия коопсуздук шарттарын аткарууга тийиш экенин белгиледи.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун, Түркиянын расмий өкүлдөрү катышкан жолугушууда украин арпа-буудайын коопсуз жакка алып чыгуу маселесин талкуулашты.

Стамбулда Украинанын жана Орусиянын аскердик делегациялары, Бириккен Улуттар Уюмунун, Түркиянын расмий өкүлдөрү катышкан жолугушуунун биринчи айлампасы аяктады.

Түркиянын Коргоо министрлиги сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулганын билдирип, мындан башка маалымат берген жок.

Интерфакс агенттиги кабарлагандай, орус делегациясы жыйын учурунда “маселени тезирээк чечүү жолдору камтылган сунуштар пакетин” ортого салды.

Жыйын төрт күнгө созулат деп күтүлүүдө.

Украинадагы буудай талаасы. 29-июнь 2022-жыл
Украинадагы буудай талаасы. 29-июнь 2022-жыл

Өткөн аптада жарыяланган спутниктен тартылган сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, Украинадагы айдоо аянттарынын 22 проценти согуш башталган 24-февралдан бери Орусиянын көзөмөлүнө өткөн.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар жыйындын катышуучулары "украин портторунда топтолуп турган буудайды эл аралык рынокко коопсуз жеткирүү маселесине басым жасашарын" буга чейин эле билдирген.

Киевдин баамында ушу тапта 25 миллиондой тонна дан порттордо блоктолуп калган.

Орусиянын басып алган облустарындагы украин дыйкандарынан уурдалган буудайды өз аймагына ташып кетүү аракети сынга кабылууда. Москва андай дооматтарды четке кагып келет.

Жыйын алдында, 13-июлда украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба кемелердин, порттордун, эгинди алган компаниялардын коопсуздугун камсыздоо маселесин чечүү керектигин белгилеген.

Дмитрий Кулеба. Киев, 12-июль 2022-жыл
Дмитрий Кулеба. Киев, 12-июль 2022-жыл

Ошол эле брифингде министр Орусия ээлеген позициясынан жана токтобой жаткан агрессиясынан улам эч кандай тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрбөгөнүн айтты:

"Украина тынчтыкты орнотуу үчүн Орусия баскынчылыгын токтотууга тийиш деген шартын айтып келет. Мындан башка шарт коюлган жок. Орусия Федерациясынын эң жогорку жетекчилери Украина согушка чекит коюу үчүн Москванын ультиматумуна көнүшү керек экенин айтышат. Сүйлөшүүлөр мындай жүргүзүлбөйт. Биз эркиндигибиз, аймактык бүтүндүгүбүз үчүн күрөшүп жатабыз, биз тынчтыкты каалайбыз".

Орусия Луганск жана Донецк облустарын камтыган Донбассты жана Кара деңиздин жээгин көзөмөлдөп калды.

2014-жылы Москва кошуна өлкөсүнүн Крым жарым аралын мыйзамсыз аннексиялап, орусиячыл жикчилдер Луганск жана Донецкинин айрым райондорун басып алышкан.

Соңку маалыматтарга караганда, москвачыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Луганск шаарынын ар кайсы жеринде шаршембиге караган түнү жарылуулар болуп, өрт тутанды. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары жана жергиликтүү жикчилдер украин аскерлери америкалык HIMARS системасы менен сокку уруп жатканын айтууда. Киев бул маалыматка реакциясын билдире элек.

Жаңылыктар | 13.07.2022 | Украинадагы согуш азык-түлүк кризисине алып келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:38 0:00

Акыркы жумаларда украин армиясы орустар ээлеп алган аймактарга чабуулун күчөттү. Атап айтканда ок-дары, курал-жарак сакталган кампаларды бутага алып жатат. Дүйшөмбүгө караган түнү Херсон облусунун Жаңы Каховка шаарчасына сокку урулган. Орусия дайындаган администрация бир нече адам каза тапканын, бир катар турак жайлар кыйраганын билдирүүдө.

Украин куралдуу күчтөрү конкреттүү соккуларга комментарий бербей, каршы тараптын аскердик кампалары гана аткыланып жатканын билдирген.

Британ чалгынчылары өз маалыматтарына таянып, жакынкы апталарда Орусия Славянск жана Краматорск багытында алга жылуу аракетин көрөрүн болжолдойт.

Ал арада шаршембиде эртең менен Часов Ярдагы көп кабат үйдүн урандыларынан дагы бир нече кишинин, арасында кичинекей баланын жасаты табылды. Муну менен курмандыктардын саны 47ге жетти. Куткаруу иштери уланууда. Донецк облусундагы бул шаарчаны өткөн ишембинин кечинде орус ариллериясы аткылаган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG