Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

"Путин акылдан адаштыбы?" Орусия Украинадагы чабуулдарын күчөттү


Чугуев шаарынын 83 жаштагы тургуну Раиса Шаповал. 17-июль,  2022-жыл.
Чугуев шаарынын 83 жаштагы тургуну Раиса Шаповал. 17-июль,  2022-жыл.

Украинанын чалгын кызматы Орусия жаңы чабуулдарга даярданып жатканын эскертти. Анын алдында орус коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы операцияларды күчөтүү тапшырмасын берди. Соңку үч күн ичинде орус армиясынын Украинадагы аба соккуларынан кеминде 40 киши өлдү.

Украинанын түндүк-чыгышындагы Чугуев шаарынын 83 жаштагы тургуну Раиса Шаповал өзү жашаган аймакты орус күчтөрү эмне үчүн аткылаганын түшүнө албай отурат. Харьков облусундагы бул шаар ишембинин таңында орус армиясынын ракеталык чабуулуна кабылды. Андан Шаповалдын үч коңшусу мерт болуп, бир үй, бир мектеп жана бир нече административдик имарат кыйрады.

"Балдар жашашы керек. 19-20 жаштагы жаштар майып болуп калып жатат. Алар биздин балдарды өлтүрүп жатат. Ушундай да болобу? Мына бул жакта бир аял каза тапты. Үйүнөн чуркап чыга калганда болгон экен. Аны менен кошо күйөөсү да өлдү. Бул жакта батирди ижарага алып жашаган киши да мерт болду. Үч адамдын өмүрү кыйылды? Эмне үчүн? Путин акылдан адаштыбы?", - деп ыйламсырады Раиса Шаповал.

Расмий Киевдин маалыматына ылайык, соңку үч күн ичинде орус күчтөрүнүн Украинанын ар кыл шаарларындагы калктуу конуштарды бутага алган мындай чабуулдарынан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылды.

14-июлда Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан тарыхый Винница шаарында орус армиясынын аба соккуларынан 24 жайкын тургун мерт болгон. Алардын арасында төрт жаштагы Лиза жана дагы эки бала бар.

Жекшемби күнү Даун синдромуна чалдыккан Лизаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага наристенин жакын туугандары жана шаардын тургундары катышты.

Төрт жашар Лизаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 17-июль 2022-жыл.
Төрт жашар Лизаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 17-июль 2022-жыл.

Лизанын апасы Ирина Дмитриева учурда оор абалда реанимацияда жатат. Винницадагы чабуулдан 200дөй киши жаракат алган. Кеминде 39 киши дайынсыз.

Орусия Украинада калктуу конуштарды аткылаганын четке кагып келет. Орус армиясы далилдерге карабастан Винницада аскердик жайга гана сокку урганын билдирди.

Жекшемби күнү Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарындагы өндүрүштүк жайга Орусиянын бир нече ракетасы түшкөнү кабарланды. Азырынча жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.

"Орусия жаңы чабуулдарга камданууда"

Кантсе да соңку окуялар Орусия Украинанын чыгышында гана эмес, башка аймактарында да чабуулдарын күчөтүп жатканын айгинелеп койду.

Орус армиясы активдешип, чабуулдардын жаңы фазасына даярданып жатканын Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын расмий өкүлү Вадим Скибицкий да 16-июлда украин телеканалындагы маегинде ырастады.

"Бул бир гана абадан жана деңизден жасалган ракеталык соккулар эмес. Биз согуш тилкесинин бардык аймагында аткылоолорду көрүп жатабыз. Тактикалык авиация, чабуул коюучу тик учактар активдүү колдонулууда. Чынында эле бардык тилкеде душман кайсы бир деңгээлде активдешти. Азыр чабуулдун жаңы этабына даярдык жүрүп жатканы анык", - деди Вадим Скибицкий.

Орусия Украинанын түштүгүндө ээлеп алган аймактарда өзүнүн коргонуу позицияларын бекемдеп жатканын 17-июлда Британиянын Коргоо министрлиги билдирди. Британ чалгын кызматынын маалыматына ылайык, учурда Мариупол жана Херсон аймактарында орус күчтөрүнүн, аскердик техникасынын кыймылы активдешти. Ошондой эле Мелитопол шаарында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Донецк облусундагы украин күчтөрү.
Донецк облусундагы украин күчтөрү.

16-июлда Москва Украинадагы аскердик операцияларын күчөтөрүн жарыялаган болчу. Маалыматка ылайык, бул күнү орус коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы согушка катышып жаткан "Түштүк" жана "Борбор" аттуу орус күчтөрүнүн командирлери менен жолугуп, алардын маалыматын угуп, ташырмаларды берген.

"Орусиянын аскердик мекемесинин башчысы Киев режиминин Донбасстагы жана башка аймактардагы жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга жапырт ракеталык жана артиллериялык сокку уруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн бардык операциялык аймактарда аскердик топтордун иш-аракеттерин мындан ары да күчөтүү боюнча зарыл тапшырмаларды берди", - деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий маалыматында.

"Оккупацияланган аймактарды бошотобуз"

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Орус күчтөрү согуштун алгачкы күндөрүндө Украинанын батышынан башка дээрлик бардык аймактарын тынымсыз аткылаганы менен марттын аягында баш калаа Киев жайгашкан түндүк аймактарынан чыгып кеткен. Бирок орус армиясы Украинанын түштүгүндөгү жана түштүк-чыгышындагы аймактарга, анын ичинде Херсон жана Мариупол сыяктуу шаарларга көзөмөлүн орнотуп, чыгыштагы Донбасс аймагында чабуулдарын күчөткөн.

Ошентсе да украин күчтөрү орус армиясынын бир топ өрөөндөрдөгү чабуулдарынын мизин кайтарып, айрым учурларда HIMARS сыяктуу Батыштан келген курал-жарактардын жардамы менен орус күчтөрүн артка чегинтүүгө аргасыз кылууда.

HIMARS ракеталык системасы колдонулуп жаткан учур, 2022-жылдын 4-июлунда жарыяланган сүрөт.
HIMARS ракеталык системасы колдонулуп жаткан учур, 2022-жылдын 4-июлунда жарыяланган сүрөт.

Украин армиясынын башкы штабы 17-июлда билдиргендей, соңку суткаларда украин күчтөрү орус аскерлеринин Словянск шаарына жакындоо аракетин ийгиликтүү токтотуп калды. Бул шаар украин аскерлеринин Донецк облусундагы негизги чордону деп эсептелинип келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 16-июлдун кечиндеги кайрылуусунда Орусия "Украинада жапырт ракета чабуулдары болот" деген сыяктуу жалган маалыматтар аркылуу элди коркутуп-үркүтүүгө аракет кылып жатканын айтып, украин элин согуштун жүрүшү тууралуу маалыматты ишенимдүү булактардан алууга чакырды. Ал орус күчтөрү ээлеп алган аймактар бошотулат деп убада кылды.

"Украина Орусиянын ырайымсыз чабуулдарына туруштук берди. Биз 24-февралдан бери баскынчылар ээлеп алган аймактын бир бөлүгүн бошотуп алдык. Биз мамлекетибиздин учурда оккупацияда турган башка аймактарын да акырындык менен бошотобуз", - деди Зеленский.

Украинада согуш башталгандан бери Орусия экономикасы күчтүү ондогон өлкөлөрдүн санкциясына кабылганы белгилүү. Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды дагы күчөтүү маселесин 18-июлда талкуулаганы жатат. Бирок акыркы чечим дүйшөмбү күнү кабыл алынбай турганын "Франс Пресс" агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты.

"Чоң жыйырманын" каржы министрлеринин Индонезияда 16-июлда жыйынтыкталган саммитинде көп өлкөлөрдүн өкүлдөрү Орусиянын Украинага кол салганын айыпташты. Бирок орус күчтөрүнүн Украинага басып киргенине мүнөздөмө берүү маселесинде пикир келишпестиктер болгону үчүн саммитте жыйынтыктоочу коммюнике кабыл алынган жок.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG