Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Грузия: орусиялыктарга виза режимин киргизүү сунушу


Тбилиси аэропортундагы кезек.
Тбилиси аэропортундагы кезек.

Грузияда оппозициячыл партиялар Орусиянын жана Беларустун жарандарына виза режимин киргизүүнү сунуштады. Өкмөт азырынча бул демилгени четке кагууда. Ал арада Грузиядагы айрым тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар орус жарандарын киргизбей жатышат. Орусиялыктар 2012-жылдан бери Грузияга визасыз каттайт.

Орусия Украинага басып киргени Грузиядагы кафе-ресторандардын, барлардын көбүнүн ички жасалгасы өзгөрдү. Тактап айтканда, украин желектери илинип, Орусиянын президенти Путинди тилдеген жазуулар пайда болду. Алтургай айрым барлар орусиялыктарга кирүүгө чектөө киргизип салган.

Баш калаа Тбилисинин борбордук бөлүгүндөгү барлардын бири орусиялык кардарларына атайын анкета толтурууну сунуштайт. Ал жакта "Путинди колдобойм, ал диктатор", "Абхазия менен Цхинвали Грузиянын аймагы" деген сүйлөмдөрдүн жанына ооба же жок деп жооп бериш керек. Бардын негиздөөчүсү Дата Лапауринин айтымында, бул коноктор жана кызматкерлер үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында жасалган.

"Бул анкетаны толтуруу үчүн мотивация жана эки гана мүнөт талап кылынат. Биздин барга кирем деген кардар "Владимир Путинге эч качан добуш берген эмесмин, Украинанын жана Грузиянын аймактык бүтүндүгұн тааныйм" деген маанилүү суроолор боюнча өз позициясын белгилеш керек".

Бул кадамды орусиялыктар дискриминацияга теңеп, бардын социалдык тармактардагы баракчаларына онлайн чабуул жасашты. Бул кардарларына мындай талап койгон Грузиядагы жалгыз бар эмес. Айрым жерлерде Wi-Fi кошуу үчүн "Орусия баскынчы", "Украинага даңк" деген сыяктуу сыр сөздөрдү терүү керек. Грузиялыктардын өздөрү мындай чектөөлөргө түшүнүү менен карашат.

Орусиялыктарга виза режимин киргизүү сунушу

Грузиядагы оппозициялык партиялар орус жарандарына бир эле барларга эмес, өлкөгө киргизүүгө чектөө салып, виза режимин калыбына келтириш керек деп эсептешет. Парламенттеги оппозициячыл "Лело" либералдык партиясынын мындай сунушун башка күчтөр да колдоп чыгышты.

Азыркы миграциялык эрежелерге ылайык, орусиялыктар Грузияда бир жыл эч кандай документсиз жашай алышат. Бул мөөнөт аяктаганда өлкөдөн чыгып, кайра кирсе болот. Оппозициянын жүйөсүнө караганда орусиялыктардын агымын көзөмөлдөө кыйын болуп бараткандыктан бул кырдаал мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. "Лело" партиясы Украинадагы согуштун башталашына расмий Минскинин да катыштыгы бар деп эсептегендиктен, беларустар үчүн да виза киргизүүнү сунуштоодо.

Партия мүчөлөрү Орусия менен Беларустун жарандарына Грузияга бери дегенде 30 күнгө гана визасыз кирүүгө уруксат бериш керек деген пикирде.

Өкмөт бул демилгени кароого шашылган жок. Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын депутаты Анри Оханашвилинин пикиринде, оппозициянын сунушу "дестабилизацияга жана согушка" алып келиши мүмкүн.

Ушул эле партиянын дагы бир өкүлү Михаил Саржвеладзе бул кадамды ишке ашырууга бир топ жыл кеткенин белгилеп, кайра аны артка кайтаруу оңойго турбастыгын кошумчалады.

"2008-жылдын август айындагы согуштан кийин "Бирдиктүү улуттук кыймылдын" өкмөтү Орусия менен виза режимин жоюу боюнча бир тараптуу чечим кабыл алган. Тилекке каршы, ал чечим оңой эмес кырдаалда кабыл алынган жана бул демилгени сындагандар да көп болгон. Кийин бул системаны ишке киргизүү да бир топ жылга созулду, көп аракет жумшалды. Ошол себептен бул маселени азыр көтөрүүнүн кереги жок го".

Орусиялыктар үчүн виза режимин 2012-жылы президент Михаил Саакашвили туризмге шылтоолоп бир тараптуу жойгон. Андан бери Грузияга каттаган орусиялыктардын саны жыл сайын өсүп жатат. 2019-жылы Грузияга бир жарым миллиондой Орусиянын жараны кирген. Ал эми быйыл алгачкы алты айда эле алардын саны 247 миңге жеткен. Орусияга кириш үчүн грузиялыктар виза алыш керек.

Орус-грузин согушуна 14 жыл

8-августта орус-грузин согушуна 14 жыл болду. Москва Түштүк Осетия менен Абхазиядагы орус тилдүүлөр басмырланып жатат деген шылтоо менен өз аскерин киргизген. Беш күндүк согуштун жыйынтыгында Орусия эки аймакты көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган жана ошондон бери аскерлерин чыгарып кеткен эмес.

Согуш ондогон адамдын өмүрүн алып, миңдеген кишилер баш калкасыз калган. Ошел кезде Орусияны Дмитрий Медведев жетектеп турган. Анын жакында эле социалдык тармакка жарыялаган билдирүүсү Казакстан менен Грузияда нааразылык жаратты.

2-августка караган түнү Медведевдин баракчасына чыккан билдирүүдө Орусия эми Украинадагы аракеттери менен токтобой турганы, СССРдин чек арасын толук калыбына келтирери жазылган.

Анда Грузиянын ордунда мурда мамлекет болбогону, Казакстандын аймагында жашаган орустар илгери “геноцидге” туш болуп, сүрүп чыгарылганы айтылган. Медведевдин атынан жазылган маалыматта, бул жана башка өлкөлөр Орусияга кайтарылары белгиленген.

Дмитрий Медведевдин жардамчысы саясатчынын ВКонтакте желесиндеги бул билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берип, аны экс-президент жазбаганын, баракчаны белгисиз адамдар бузуп киргенин билдирди.

XS
SM
MD
LG