Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Медведев орус элитасынын ниетин айттыбы?


Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев менен азыркы президенти Владимир Путин.
Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев менен азыркы президенти Владимир Путин.

Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин СССРдин чек арасын калыбына келтирүү тууралуу социалдык тармакка жарыялаган посту Казакстан менен Грузияда нааразылык жаратты.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин ВКонтакте түйүнүнө жазган билдирүүсү бардык постсоветтик мамлекеттерге коңгуроо катары кабыл алынды.

“Орус элитасынын ою”

2-августка караган түнү Медведевдин баракчасына чыккан билдирүүдө Орусия эми Украинадагы аракеттери менен токтобой турганы, СССРдин чек арасын толук калыбына келтирери жазылган.

Анда Грузиянын ордунда мурда мамлекет болбогону, Казакстандын аймагында жашаган орустар илгери “геноцидге” туш болуп, сүрүп чыгарылганы айтылган. Медведевдин атынан жазылган маалыматта, бул жана башка өлкөлөр Орусияга кайтарылары белгиленген.

Дмитрий Медведевдин жардамчысы Олег Осипов саясатчынын ВКонтакте желесиндеги бул билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берип, аны экс-президент жазбаганын, баракчаны белгисиз адамдар бузуп киргенин билдирди. Бирок ага көпчүлүк ишенген жок.

“Негизи бул жалгыз эле Медведевдин идеясы эмес. Бул бүткүл орус элитасынын ою. Анткени алар ушундай ыкма менен гана бийликти кармап тура алат. Сазга баткан мамлекетте мындан башка эч нерсе калган жок. Ошондуктан ал кедей жашаган Петербургдан Ыраакы Чыгышка чейинки элдин пикирин ушинтип өзгөрттү. Эми алар кара нан жеп, ичкени шылдыр суу болсо да өлгөн СССРди тирилтүүнү гана ойлошот. Орус бийлиги жөн эле сөз менен эмес, ишке өтүп жатат. Ал 2008-жылы Грузияда башталып, 2014-жылы Украинада уланган. Муну токтотпосо, артка кайтчудай эмес... Негизинен орус бийлиги өздөрүнүн бул кызыкчылыгын, ниетин жашырган жок. Ачык эле айтып, кээде форумдарда, конференцияларда жарыялап калууга аракет кылат. Ушундан улам тыянак чыгарыш керек”, - деп жазды казакстандык журналист Эсен Элейкен.

Дмитрий Медведевдин СССРдин чек арасын калыбына келтирүү тууралуу билдирүүсү ВКонтакте баракчасында 10 мүнөткө чукул турган. Ал өчүрүлгөнү менен скриншоттору башка баракчалар аркылуу тарап, талкууланып жатат. Эгерде анын баракчасына чын эле хакердик чабуул болсо, аны ким кылганы боюнча маалымат бериле элек.

“Азыр технологиялар заманы, телефонуна, смартфонуна видео тартып, техникалык себеп болду, хакердик чабуулга кабылдык деп кечирим сураса жарашат эле. Бирок андай билдирүүнү көргөн жокпуз. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү жасаган жок. Ошондуктан муну саясий-технологиялык тактика деп түшүнсө болот. Биринчиден, Казакстан сыяктуу КМШнын калган өлкөлөрүнө саясий кысым көрсөтүү, Кремлдин кабак-кашын байкап тургула деген эскертүүнү ишарат кылуу аракети болушу мүмкүн”, - деди саясат таануучу Шалкар Нурсеит.

Орус саясатында СССРдин ыдырашын катачылык болгон деп баалап, Советтер союзун кайра калыбына келтирүү идеясы утур-утур айтылып келет. Бул жолу ушундай эле пост Орусиянын экс-президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары, бийликтеги эки кишинин бири болгон Дмитрий Медведевдин баракчасына чыгышы коңгуроо катары бааланууда. Дагы бир саясат талдоочу Газиз Абишев мындай деди:

“Орусиянын миңдеген аскери согуш талаасында окко учуп, мамлекеттин өзүнө болуп көрбөгөндөй экономикалык санкциялар салынып, басым болуп жатат. Мунун баары бийликтегилерди азыркы реалдуу жашоо менен ойлонуудан алыстатып койду. Алар эми тарых менен “ойноп” басып алуу, мурдагы ураган нерсени калыбына келтирүү дегенди ойлонушууда”.

“Медведев Путиндин көңүлүн бургусу келет”

Дмитрий Медведевдин баракчасынан жарыяланган билдирүү Грузияда да сынга кабылды. Жергиликтүү саясат талдоочу Гия Нодиа талкууга түшкөн билдирүү тууралуу пикири менен бөлүштү:

“Бул Грузия үчүн да, Казакстан үчүн да кулак кагыш. Грузия Орусиянын агрессиясынын кийинки бутасы болуп калышы мүмкүн экени буга чейин эле белгилүү болгон. Мындай тобокелдиктен Казакстан да чочулап турат. Бирок жалпысынан андай деле чоң жаңылык болгон жок. Орусиянын мындай каалоосу андан ары кандай өнүгөт, ал Украинадагы агрессиясынын жыйынтыгына жараша болот”.

Президент кезинде либералдуу саясатчы имижин курган Дмитрий Медведев Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин риторикасын кескин өзгөртүп, агрессивдүү аскердик позициялар менен чыгып келатат. Ал буга чейин СССРди ачык сындаган бирден-бир жогорку аткаминер болчу.

“Дмитрий Медведев тырмакчанын ичинде алганда либерал саясатчылардын катарына кирген эле. Бирок азыр ал Путинге башкаларга салыштырмалуу катуу адам экенин далилдегиси келип атат. Ошондуктан бул бир адамга эле багытталган билдирүү да болушу мүмкүн. Медведевдин жазганында жаңылык деле жок. Алар чындыгында эле ушундай ойлонот жана бул - алардын эң башкы көйгөйү”, - деди Грузиядагы саясат талдоочу, конфликтолог Гела Васадзе.

1991-жылдын 26-декабрында Советтер Cоюзу расмий түрдө жоюлуп, дүйнөлүк картада 15 жаңы эгемен өлкө пайда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG