Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:03

Путиндин кулагына "уу куйган шайтан” ким?


Николай Патрушев жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт
Николай Патрушев жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт

Апта ичинде дүйнөлүк медиага жарык көргөн макалаларга сереп.

Путин айткандарына кулак салган адам

The Washington Post гезити 13-июлда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин бейнесин ачып берип, анын украин согушундагы ролун, президент Путинге таасирин баяндаган.

Кэтрин Белтон 24-февралдан бери генерал милитаристтик Орусиянын "каардуу жүзүнө" айланганын жазат. Президент көпкө көрүнбөй калганда Патрушевди атүгүл Путиндин ыктымал мураскери деп атап жүрүштү.

Автор белгилегендей, кошуна өлкөгө кол салардын алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында катчы Украинанын чыгышындагы чыңалуу артында АКШ турганын, алар Орусиянын ыдырашын көздөгөнүн айткан.

"Биз өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин коргошубуз керек" - деген сөздөрү Путиндин согуш жүргүзүүдөгү ураанына айланды", - деп эсептейт журналист.

Патрушев Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян менен. Ереван, 16-июнь 2022-жыл
Патрушев Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян менен. Ереван, 16-июнь 2022-жыл

Андан ары орус президенти уруш башталгандан кийин бир топко эл алдына чыкпай калганда Патрушев тескерисинче Украинага басып кирүүнүн максаттарынан тартып, тарыхый салттарды жандандыруу, патриотторду тарбиялоо, экономикадагы саясатка чейинки маселелерде активдүү үн катып, сырт жактарга байма-бай каттаганы, чоң-чоң интервьюларды берип жүргөнү айтылат.

"Мунун бардыгы 20 жылдан бери көлөкөдө болуп келген адамдын Кремлдеги чыныгы таасирин ачыкка чыгарып койду", - деп эсептешет эксперттер.

Журналист сөзгө тарткан Карнеги фондунун изилдөөчүсү Андрей Колесниковдун айтымында, "Патрушевге президенттин ой-пикирлерин, көз караштарын түшүндүрүүгө уруксат берилген, андай укукка баары эле ээ боло албайт".

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Патрушевдин ролу өзгөрдү деген сөздөр "ойдон чыгарылган", ал дайыма "өзүнүн кеңири ыйгарымдар чөйрөсүндө" активдүү болуп келген деп The Washington Post гезитине билдирди.

Коопсуздук кеңешинин маалымат өкүлү Евгений Аношин дагы генерал азыркыдан чоңураак ролго көз артпаганын айтып, “Патрушев патриот. Орусия федерациясына жана Путинге көп жылдардан бери берилген мамлекеттик ишмер”, - деп сыпаттады.

Журналист Патрушевдин КГБдагы (Мамлекеттик коопсуздук комитети) карьерасына учкай токтолуп, Борис Ельцин Путинди өкмөт башчылыкка тандаганда ал Орусиянын атайын кызматын жетектеп калганын, 1999-жылкы жардырууларга мекеменин ыктымал тиешеси тууралуу маалыматтардын чоо-жайын баяндаган.

Макалада Лондондогу Университеттик коллеждин Славистика жана чыгыш европалык изилдөөлөр мектебинин ардактуу профессору Марк Галеоттинин да пикирине орун берилген. Ал Патрушевди жылдардан бери “Путиндин ийининде отуруп, кулагына уу куйган шайтан” деп атайт.

Бир кездери эки жетекчиге тең жакын болгон, атын атабоону каалаган орусиялык бир ишкер генералга “ал ашынган советтик чекист, дүйнөгө СССР тарабагандай эле карайт”, – деген мүнөздөмө берген.

Евро менен доллардын паритети

Deutsche welle 14-июлда жарык көргөн макаласында евронун кескин арзандашынын себептерин жана андан ким пайда таап жатканын талдап чыкты. Европанын бирдиктүү акчасынын девальвациясы энергетикалык кризистин фонунда болуп жатканы, Еврошаркеттин экспортерлору 20 жылдан берки биринчи паритетке кубанганы айтылат.

Бир АКШ доллары 2002-жылдын күзүндө бир еврого бааланчу. Ошондон кийин европалык бирдиктүү валюта дайыма кымбатыраак болуп келген. Автор дүйнөдөгү бул эки негизги резервдик валютанын жыл башындагы катнашы Орусия Украинага кол салгандан бери кескин өзгөргөнүн, доллар мындан ары да күчтөнүшү мүмкүн экенин жазат.

Макалада айтылгандай, евронун куну качканын көргөндө арзандоонун негизги себеби уруш деп ойлосо болот. Эмне дегенде согуш Европанын чордонунда жүрүп жаткандыктан, эл аралык инвесторлор активдерин долларга которууда. Анын үстүнө Москвага каршы катаң санкцияларды киргизген, салттуу экономикалык байланыштарын үзүп жаткан Еврошаркет газ кризисине дуушар болду.

"Бирок, - деп улантат автор, графикаларды анализдесек, евронун наркы былтыр жыл башында эле түшө баштаганы байкалган. Мунун себеби пандемиядан кийин инфляция болушу мүмкүн деген прогноздор АКШнын Федералдык резерв системасы үстөк пайызды тез жана кескин көтөрүүгө түртөт деген божомол менен түшүндүрүлөт. Мындай перспективадан улам капитал кайрадан доллар мейкиндигине агыла баштаган. Ал эми Европанын Борбордук банкы үстөк пайызды көтөрүүгө шашкан эмес".

Макалада айтылгандай, евронун төмөн курсу германиялык, франциялык, италиялык жана башка европалык экспортерлор үчүн ыңгайлуу. Бирок бул үчүн алар чыгарган продукция толугу менен өздөрүндө же Евробиримдикте жасалууга тийиш.

"Адеп-ахлакка туура келбеген" мультфильм

«Базз Лайтер» мультфильми
«Базз Лайтер» мультфильми

Казакстанда эки аял каарман өбүшкөнү үчүн балдардын «Базз Лайтер» деген мультфильмин көргөзүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу макаланы Eurasianet 15-июлда чыгарды. Алмаз Куменовдун жазганына караганда, маданият жана спорт министри Даурен Абаев Фейсбуктагы баракчасында бул чечимди “көптөгөн жарандардын жана маалымат каражаттарынын өтүнүчүнө жооп” катары түшүндүрдү.

Буга чейин Pixar Animation Studios компаниясы тарткан фильмди көрсөтүүгө Кытай, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираты, Индонезия жана башка мусулман өлкөлөрү тыюу салган.

Автор Казакстанда айрым консервативдүү жана диний активисттер бир жыныстагы адамдардын жакын мамилесин чагылдырган кадрлар казактардын адеп-ахлагына, үй-бүлөлүк баалулуктарына каршы келерин айтып келишкен деп улантат.

Мультфильмди көргөзбөө петициясына 34 миңден көп киши кол коюптур.

Муну менен катар макалада Казакстан Борбор Азия чөлкөмүндө эң светтик өлкө экени белгиленет.

"Адатта бийлик ЛГБТ топторун кысмакка албайт, бул теманы козгобоого аракеттенет. Бирок жыл башындагы саясий толкундоолордон кийин өкмөт элдин мүдөө-талаптарына кулак саларын көргөзгүсү келет", - деп жазат журналист.

Андан ары сөз болгон анимациялык фильм Тажикстандын ири шаарларында 14-июлда тартууланганы, Кыргызстан болсо казакстандык дистрибьюторлорго байлангандыктан, көргөзүлбөй калышы мүмкүн экени айтылат. Өзбекстандагы чектөө тууралуу маалымат жок.

Макала Алматыда жашаган ЛГБТ-активист Амир Шайкежановдун сөздөрү менен жыйынтыкталат. Ал “себепсиз цензураны кооптуу прецедент” деп атап, “бүгүн бир көз караш үчүн мультфильмге тыюу салып жатышса, эртең дагы бир нерсени негизсиз чектеп коюшат”, - деген камтамасы менен бөлүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG