Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

"Мата Хари" - аялзаттын зомбулукка каршы эрки


"Мата Хари" спектакли көрүнүш, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры. 14-июнь, 2022-жыл.
"Мата Хари" спектакли көрүнүш, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры. 14-июнь, 2022-жыл.
Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуган. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макаларарды жазып келүүдө.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Мата Хари"

14-июнда Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында журналист, акын-драматург Сайра Батыркулованын калемине таандык "Мата Хари" спектакли көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.

Сахна ачылганда санаага баткан ойлуу жаш келиндин (акт. Айнура Акылбекова) жан дүйнөсүндө алаамат болуп, кармаш жүрүп жатканы дароо көзгө урунду.

Тапыраган дабыш чыгып, күйөөсү кызуу кирип келип, келинди кекетип-мокотуп бийлегенге тыюу салат. Шараптан ичип алып, ачуусун аялынан чыгарып күч колдонуп, зөөкүрлүгүн көрсөтөт (күйөөсүнүн ролун актер Имаш Ажыкул аткарат).

Күйөөсүнүн кордугунан кийин назик келин баарына кол шилтеп, үйүнөн чыгып кетет. Көчөдөн бейтааныш эркектерге жолугуп алардын астында бийлеп, ызасын чыгарат. Алар назик келиндин ийкемдүү бийине, шыгына, талантына сулуулугуна баа берип: "Мата Хари! Мата Хари! Мата Хари!" деп сүрөйт.

Спектаклде үй-бүлөлүк зомбулук, өнөр баккан чыгармачыл асылзатка коомдогу терс мамиле чагылдырылган.

Чыгарманын өзөгү ХХ кылымдын башында Европага атак-даңкы таш жарган, белгилүү бийчи Мата Харинин (өз аты Маргарета Гертруда Зелле) өмүр таржымалынын негизинде коюлган.

Мата Хари аркылуу жалпы аялзатынын ички көйгөйлөрү, турмуштук татаал тагдыры, табияты жана эркиндиги чагылдырылат. Автордун белгилешинче, патриархалдык коомдогу гендердик теңсиздик, чыгармачыл аялга болгон коомчулуктун терс, ыксыз көз карашы, үй-бүлөлүк зомбулук темалары козголгон. Ар бир аял, инсан катары эркин жашоого укуктуу эмеспи.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры. 14-июнь, 2022-жыл.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры. 14-июнь, 2022-жыл.

Режиссер Шамил Дыйканбаев спектаклдин чечилишин бий кыймылдары, пластика аркылуу жөнөкөй (пафос жок), өтө кызыктуу чечип, мизансценалары так даана коюлган. Мата Харинин образын актриса Айнура Акылбекова ийкемдүү, ишенимдүү ички сезимин ачып берген.

"Мата Хари" спектакли көрүнүш, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры. 14-июнь, 2022-жыл.
"Мата Хари" спектакли көрүнүш, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры. 14-июнь, 2022-жыл.
Акын, журналист Сайра Батыркулова 2001-жылы Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунун актердук бөлүмүн ийгиликтүү аяктап, Чүй театрында иштеген. Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты. Кыргыз радиосунда иштеп, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү. “Деңиз дүйнө”, “Коргоол”, “ Сүйүү көктөмү” деген китептердин автору.
Сайранын акын жана журналист, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалына арналган "Жүрөктөгү бороон" аттуу поэтикалык драмасын 2021-жылы март айында "Учур" театры сахнага алып чыккан.
"Мата Хари" спектакли көрүнүш, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры. 14-июнь, 2022-жыл.
"Мата Хари" спектакли көрүнүш, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры. 14-июнь, 2022-жыл.
Спектаклдин режиссеру Шамил Дыйканбаев - чоң атасынын (Адылбек Дыйканбаев) жолун улаган таланттуу режиссер. Ал 1983-жылы Бишкекте төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 2006-жылы Бүбүсара Бейшеналиева мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино факультетин артыкчылык диплом менен бүтүргөн.
Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр жана Ш.Термечиков атындагы куудулдар театрында режиссер болуп иштеген. 2009-жылы Москвадагы МХТ жана ЦИМ студиясында окуп, режиссердук багытта магистратураны бүтүргөн.

Мата Хари деген ким?

Ал тарыхый инсан Маргарета Гертруда Зелле. 1878-жылы 7-августта Леуварден (Нидерланддар) шаарында төрөлгөн. Адам Зелленин төрт баласынын ичинен экинчи бала, жалгыз кыз.

Атасы Адам Зелле баш кийим (шляпа) саткан дүкөндүн ээси болгон. Гертруда 13 жашка чейин мектепте окуган. 1891-жылы апасы каза болуп, үй түйшүгүн моюнуна жүктөлгөн. Атасы аны өкүл атасынын колуна Сенек шаарына окууга жиберет. Ал окуусун Лейден шаарында улантып, бала бакчада тарбиячы болууну көздөйт. Бирок окуу жайдын жетекчисинин жаш кызга көзү түшүп, анын бузуку оюн туйган өкүл атасы кызды окуу жайдан чыгарып Гаагага алып кетет.

Ал жактагы жакыр жашоо, кедейликтен улам, кыз өз алдынча каражат табуу үчүн Парижге барып "Греша Мак Леод" циркине чабандес болуп жумушка орношот. Кичинекейинен жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген бий, чыгармачылыктын түйшүгүнө байланып чыгыш бийлерин үйрөнөт.

Ошентип XX кылымдын башында жылдызы жанат. Бий аркылуу аялзатынын ой кыялын көрсөтүүнү көздөп, ар кандай экзотикалык ыкмадагы номерлерди ойлоп таап, энеден туума болгончо бийлейт. Аны коомчулукта "Куртизанка" же жеңил-желпи, авантюристтик жашоо образындагы аял) катары сыпатташкан.

Маргаретта 18ге чыкканда 1895-жылы Амстердамда 39 жаштагы капитан Рудольф Мак-Леодго турмушка чыгып, Ост-Индия азыркы Индонезияга көчүп барышат. Ал жерде Норман-Жон деген уулду, - Луиза (Нон) деген кыздуу болот. Бирок Маргаретке бактылуу нике буюрбаптыр. Рудольф аракечтикке берилип, жеңил ойлуу кыз-келиндер менен көңүл ачууну адатка айлантат. Маргареттин бийлөөсүнө тыюу салып зордук-зомбулугун күчөтөт.

Мындайга чыдабаган Маргарет дагы бир нидерланддык офицер менен кетүүгө аргасыз болот. Индонезияда ал жергиликтүү каада-салтты изилдеп, бийин өздөштүрөт. Ысымын Мата Хариге өзгөртөт ("Мата-күн, Хари-күндүн көзү"). Ал бийге жан дүйнөсү менен берилип, эркин жашоосун улантат. 1899-жылы уулу Нормандын чарчап калганы келинге оор сокку болгон.

1903-жылы Нидерланддарга кайтып келип Рудольф менен ажырашат.
Рудольф кызын өзү багуу укугуна ээ болот. Маргарет убактылуу башка офицер Ван Ридес менен жашайт.

Биринчи дүйнөлүк согуш башталып, бүткүл Европаны кара туман каптайт. Маргарет Зелле согушта бейтарап турумду карманган нидерланд жараны катары Франциядан мекенине эркин каттай алган.

Европа өлкөлөрү согуш тилкесине өз-өзүнчө бөлүнүп, чек аралар катуу көзөмөлгө алынат. Ал Парижге келип 1917-жылы 13-февралда тыңчылыка шек саналып, француз чалгын кызматы тарабынан кармалат. 24-июлда сот башталып, ага "Германиянын тыңчысы" деген айып коюлуп, өлүм жазасына өкүм чыгат.

1917-жылы 15-октябрда Маргарет Зелле Венселе (Франция) аскер полигонунда атууга кеткен.

Ал өлгөндөн кийин анын таржымалы легендага айланат. Китеп жазылып, музыка чыгарылып, мюзиклдер коюлуп, кинолор тартылган. Туулган шаарында айкели тургузулган.

Жаш көрүүчүлөр театры койгон "Мата Хари" спектаклинде Маргарет Зелленин тыңчылыгы, өлүмү сыяктуу көрүнүштөр жок. Анда үй-бүлөлүк зомбулук, аруузатка коомдун мамилеси, өнөр даарыган асылзаттын азаттыкты, эркиндикти эңсөөсү камтылган.

"Аялдарга зомбулук жалпы дүйнөдөгү көйгөй болсо кыргыз коомчулугунда өзгөчө орой маанидеги маселе", - дейт пьесанын автору Сайра Батыркулова.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG