Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Казакстандын Кремлди ызаланткан чечими


Токаев менен Путин Санкт-Петербургдагы форумда. Орусия, 17-июль, 2022-жыл.

Апта ичинде жарык көргөн басылмалар Казакстан менен Орусиянын мамилесин, Тажикстандагы Ага Хан фондунун абалын, деңиздин ысышы экосистемага кандай таасир этерин жазышты.

Казакстандын Кремлге "карызы"

“Жыл башында Орусия өкмөткө каршы толкундоолорду басуу үчүн жардам иретинде узак жылдардан берки өнөктөшү Казакстанга 2 миңден көп аскерин жөнөткөн. Алты айдан кийин орус армиясы Украинага басып киргенде Казакстан кол салууну колдоо менен ошол карыздан кутулуу мүмкүнчүлүгүн алган. Бирок андай болгон жок”.

ЖККУ контингентинин курамындагы орус аскери. Алматы, 13-январь 2022-жыл
ЖККУ контингентинин курамындагы орус аскери. Алматы, 13-январь 2022-жыл

Wall Street Journal гезитинин 24-июлдагы макаласы ушундай сөздөр менен башталат. Эван Гершкович “Борбор Азиядагы шериктердин Путин күтпөгөн тоготпостугу” деген макаласында согуш башталгандан бери аймактын өлкөлөрү Москва менен мамилесин кайрап карап чыкканын айтып, Нур-Султандын позициясын талдаган.

Автор Борбор Азия бейтараптуулукту сактап турганын, ошентип Орусия мурдагы советтик жумурияттардын арасынан жалгыз Беларуска гана таянып калганын жазат.

Ал эми Казакстан Батыштын санкцияларын урматтай турганын билдирип, Орусияны кыйгап өткөн маршруттар менен Европага мунай экспортун арттырууга убада берди, америкалык жогорку делегацияны кабыл алып, коргонуу тармагынын бюджетин көбөйтүп жатат.

Журналист андан ары мунун бардыгы президент Путин үчүн күтүүсүз баш оору жаратып жатат деген оюн айтты. Эмне дегенде СССР ыдыраган 30 жылдан бери Москва аскердик жана экономикалык биримдик, альянстар аркылуу аймактагы таасирин сактап келген.

Гезит акыркы айлардагы бир катар окуяларга сереп салган. Анын ичинде казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Санкт-Петербургдагы форумда "Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбайбыз" деп айткандарына токтолгон. Ошол эле маалда Токаев Москва негизги өнөктөш бойдон кала берерин айткан.

Гершкович маектешкен казакстандык мыйзам чыгаруучу Саясат Нурбек Казакстандын логикасын эски тамсилдин мисалында түшүндүрүүгө аракеттенген. Анын мазмунун кыскача айтсак: “Аюу менен бурундук (тыйын чычканга окшош жаныбар) дос болот. Бир күнү жакшы маанайдагы аюу бурундукту кучактап, бооруна кысып туруп аркасын тытып салат”.

“Аюу менен достошсоң, артыңды карай жүр”, - деп айткан депутат.

Гезиттин кабарчысы Орусия 2014-жылы Крымды тартып алганда Путиндин "СССР кыйрагыча Казакстандын мамлекеттүүлүгү жок болчу" деп айткандарын эске салган.

Макалада чөлкөм менен Вашингтондун соңку кездердеги алака-катнаштары, америкалык жогорку өкүлдөрдүн визиттери баяндалган.

"Мындай көрүнүш Москвада суроо жаратууда", - деп эсептейт орусиялык талдоочу Андрей Грозин.

"Казак өкмөтү Орусияга кастарын тиксе, анда Украинага караганда кооптураак болот, себеби эки өлкө ортосунда чек ара сызыгы узун", - деп кошумчалады. Ошол эле маалда Грозин кырдаал андайга жетпейт деген ою менен бөлүшөт.

Материалда Орусия чөлкөмдүн негизги соода өнөктөшү экени, миллиондогон мигрантты жумуш менен камсыз кылып жатканы да белгиленет. Ошондой эле Москва Борбор Азиянын коопсуздугун көзөмөлдөсө, Бээжин экономикаларын өнүктүрүп келгени айтылат.

"Эми ролдорду бөлүшүү өзгөрүүдө", - деген журналист, Казакстандын Кытай жана Түркия менен аскердик тармактагы кызматташтыгын өрчүтүү аракеттерин мисал келтирген.

Тажикстанда Ага Хан фондуна басым болуудабы?

Eurasianet Тажикстанда Ага Ханга жакын компаниялар кысым-басымга туш болгону тууралуу макала 28-июлда жарык көрдү.

Ага Хан Төртүнчү Душанбеде. Архивдик сүрөт
Ага Хан Төртүнчү Душанбеде. Архивдик сүрөт

Басылма памирлик исмаилиттер Европада жашаган филантропту "руханий лидер" деп эсептешерин жазган.

Маалыматка караганда, Тоолуу Бадахшандагы окуяларга байкоо салган Pamir Daily News Телеграм-каналы тажик Билим берүү министрлиги фонддун Хорогдогу окуу жайынын лизенциясын алууну көздөп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле фонд каржылаган балдардын жайкы лагерлери быйыл уюштурулбай калды, Борбор Азия университетинин алдындагы бала бакчанын кызматкерлери мекеме улутташтырылганы жатканына камтама болууда.

Журналисттерге Ага Хан фонду да, тажик өкмөтү да бул маалыматтарга комментарий берген эмес.

Макалада фондго байланышкан Биринчи микрофинансылык банк жана телекоммуникациялык TCell компаниясы күтүүсүз текшерүүлөргө кабылганы айтылат. Мындай маалымат менен атын атабаган ички булак бөлүшкөн.

Eurasianet Тажикстанда президент Эмомали Рахмонго жакын адамдар же үй-бүлө мүчөлөрү компания-ишканаларды тартып алган учурлар болгонун эске салган. Жогоруда айтылган банк жана компанияда эмгектенген айрым кишилер аудит ошондой сценарийге жол ачуу үчүн жүргүзүлүшү ыктымал деп кооптонушат.

Андан ары айтылгандай, Тажикстанды өнүктүрүүгө миллиондогон инвестиция салган Ага Ханды бутага алуунун артында бийликтин Тоолуу Бадахшандагы көзөмөлүн күчөтүү аракети турушу мүмкүн деп чечмелесе болот.

Басылма кошуна өлкөнүн автономдуу облусунда май айында болгон кандуу окуялардын чоо-жайына учкай токтолгон. Жана Ага Хан фондунун Тажикстандагы ишмердигинин таржымалына кайрылган.

Исмаилиттердин лидери ал жерде өлкө көз карандысыздык алган 1991-жылдан көп узабай иш алып бара баштаган. Бадахшандыктар Ага Хан фонду аларды жарандык согуш маалында гуманитардык апааттан куткарып калганы үчүн ыраазычылыгын айтып келет. Фонд андан кийин ишмердигин билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика, айыл чарба, банк жана телебайланыш тармактарына чейин кеңейткен.

Басылманын жазганына караганда, азыркы Ага Хан – ханзада Шах Карим ал-Хусейни акыркы жолу Тажикстанда 2012-жылдын апрелинде болгон. Ошондон бери көптөгөн иш-чаралар өткөрүлгөнү менен, бийликтин ыктымал бут тосууларынан улам Тоолуу Бадахшанга бара элек.

Макаланын аягында май айындагы окуялардан кийин исмаилиттердин символикалары жана Ага Хандын атрибутикасы кээ бир жерлерде алынып салганы айтылат.

Деңиздин ысышы жана экосистемага таасири

Франциялык гезиттер быйылкыдай адаттан тыш ысык деңиз суусунун температурасынын кескин жылышына алып келип жатканын жана анын кесепеттери кандай болорун айтып беришти.

Франциянын түштүгүндөгү деңиздин түбү. Иллюстрациялык сүрөт
Франциянын түштүгүндөгү деңиздин түбү. Иллюстрациялык сүрөт

Le Figaro, мисалы, метеорологдор 24-июлда түштө Жер Ортолук деңиздин температурасы 30,7 градуска жеткенин, бул орточо көрсөткүчтөн 5 градуска ашарын жазды.

Франциянын Метеорологиялык изилдөөлөр улуттук борборунун кызматкери Самюэл Самонун айтымында, суунун температурасы 26-30 градустун айланасында кармалып келет.

Жер Ортолук деңиздин түбүндө температура 13 градуска жетүүдө. Адистер бул феномен 19-кылымдан бери уланып келаткан планетанын глобалдык ысышынын жыйынтыгы экенин айтышууда. Муну менен катар аларды ысыктын өзү эмес, аптаптын бир нече күнгө, атүгүл жумаларга созулганы тынчсыздандырат. Мындай көрүнүш өз кезегинде экосистемага, суудагы флора менен фаунага, биологиялык ар түрдүүлүккө терс таасир этүүдө.

Ал эми адам баласына суунун ысыганы кандай зыян алып келет? Бул суроого адистер балык улоо, деңиз азыктарынын өндүрүшү жабыр тарта турганын айтып жооп беришкен.

Мисалы, балыктын айрым түрлөрү эзелтен байырлаган аймактарда жок болуп кетүүдө, кээ бир түрлөрү тескерисинче, жаңыдан пайда болууда. Алар башка жандык, чөптөр менен азыктангандыктан, кайра эле экосистема жабыркайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG