Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Токаев Январь окуясындагы “20 миң террорчу” тууралуу айтканын түшүндүрдү


Казакстан. 2022-жылдын 6-январы.
Казакстан. 2022-жылдын 6-январы.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-июнда Нур-Султан шаарында референдумда добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, Январь окуясындагы “20 миң террорчу” тууралуу айтканын түшүндүрдү.

Токаев бул маалыматты ага укук тартибин коргоо органдарынын ошол кездеги жетекчилери беришкенин, кеп жалпы өлкөдөгү абал тууралуу болгонун айтып, “бир учурда 13 шаарда бандиттер коомдук тартипти бузуу максатында бийликке каршы чыгышкан” деп билдирди.

Ал январдагы окуяны “жакшы даярдыктан өткөн кесипкөйлөрдүн мамлекетке жана мамлекеттик түзүлүшкө каршы дыкат даярдалган террордук чабуулу” деп атады.

Быйыл январда Казакстандын бир нече шаарында бийликке алгач экономикалык талаптарды коюп чыккан акцияларды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Токаев митингчилерди бандиттер жана чет жактан даярдыктан өтүп келген террорчулар деп атаган жана аларды эскертүүсүз атууга буйрук бергенин айткан.

Токаевдин террорчулар тууралуу билдирүүсүнөн улам бул өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) 2 миңден ашуун жоокери 250 аскердик техникасы менен барган. Кыргызстан Алматыга 150 жоокерин жөнөткөн.

Талдоочулар жана укук коргоочулар бийликтин бул версиясын четке кагып, сырттан кийлигишүү болбогонун, акцияга чыккандардын баары бийликке мыйзамдуу талаптарын айткан катардагы жергиликтүү тургундар болгонун айтып келе жатышат.

Соңку расмий маалымат боюнча, Январь окуясында 230 адам каза болгон, жалпысынан 5,5 миң кылмыш иши козголгон, бүгүнкү күнгө карата алардын 500ү сотко өттү, 23 адам соттолду.

Январь окуясы учурунда Казакстандын күч кызматкерлери кармап кеткендер арасында кыргызстандыктар да болгон, алардын экөө боюнча “кыйноо” беренесинин негизинде иш козголгон. Эки кыргызстандык каза болгону, бирөө Тараздагы абакта экени расмий айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG