Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:27

"Үндүктөн" качкан Түркия аталышын өзгөрттү


Түркиянын желеги.
Түркиянын желеги.

Апта ичинде дүйнөлүк басма сөзгө жарыяланган макалаларга сереп.

Талибдерге бут тоскон террордук уюм

Өткөн жайда бийликке кайтып келген “Талибан” кошуналарын Ооганстан бизнес жүргүзүүгө ачык, инвестициялар корголот деп ишендиргени менен “Ислам мамлекети” радикал уюму талибдердин бул убадасын аткарууну татаалдаштырып жатат.

Ушундай мазмундагы макала 6-июлда Eurasianet сайтында жарык көрдү. Макаланын автору Лукас Веббер бир нече мисал келтирген.

Ооганстан-Түркмөнстан газ кууру
Ооганстан-Түркмөнстан газ кууру

Алсак, Ташкент Өзбекстанды Пакистандын порттору менен туташтырган, Борбор Азияга жаңы рынокко чыгууга өбөлгө түзө турган темир жол курууну көздөөдө. Ооганстан аймагы аркылуу өтчү жолду салууну эки тараптын расмий өкүлдөрү талкуулаган. Кабарларга караганда, ага Дүйнөлүк банк дагы кызыгуусун билдирген. Автор талибдер курулуштун коопсуздугу камсыздаларына сөз бергени менен “Ислам мамлекети-Хорасан” террордук уюму долбоордо иштегендердин көзүн тазалайбыз деп касам ичкенин жазды. Уюм буга чейин ооган жергесиндеги карапайым адамдарды бутага алган теракттарды уюштурганы белгиленет.

"Апрелде өзбек тилиндеги Телеграм каналында алар “исламдын душмандарына арамза планын ишке ашырууга жол берилбейт” деп эскертишкен. Ошондой эле өзбек чек арасына болгон эки чабуулду кубатташкан", - деп айтылат макалада.

“Ислам мамлекети-Хорасан” талибдер менен 2015-жылдан бери күрөшүп келет.

Уюм Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия (TAPI) газ куурун салууга да каршы. Жихадчылардын пропагандалык Anfaal Media булагы өткөн ноябрда “Талибан” чет өлкөлүктөр менен кызматташып, “Алла Тааланын душмандарынын кызыкчылыктарын коргоодо” деп айыптаган.

Автордун айтымында, тобокелдиктен кабардар талибдер куурду кайтаруу үчүн 30 миң аскер бөлүүнү убада кылууда.

Макалада террордук уюмга таандык баракчаларда, пропагандалык каналдарда Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын лидерлерине акарат келтирген сөздөр көп жарыяланары айтылат. Мисалы 23-июнда “Тавхид Хабарлари” Ашхабаддын авторитардык бийлигин талкалаш керек деп опузалаган. Атүгүл "маскачан жихадчылар президенттин көзүн тазалап жатат" деген жасалма сүрөттү жайгаштырган.

Лукас Веббер гуманитардык кризиске туш болгон талибдер жаңы өнөктөштөрдү издеп жатканын, Кытай инвестициянын жакшы булагы болуп берүүгө кудуреттүү экенин, бирок Бээжин жана кытай компаниялары өтө этият иштей турганын белгилейт.

Андан ары “Ислам мамлекети-Хорасан” радикал уюму Кытайга каршы да үгүтүн күчөткөнү айтылат. Атап айтканда, алар Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын куугунтукталышына көңүл буруп, өч алышарын эскертүүдө. Журналист "Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кытайдын коопсуздук аппараты кубаттуу, анын үстүнө Ооганстанды ал мамлекет менен бийик тоолор бөлүп турат" деп жазды.

Өлкө аталышын өзгөртүү тил маселесиби же саясатпы?

Le Figaro 6-июлда Стамбулдагы кабарчысынын Түркия өлкөнүн англис тилиндеги аталышын өзгөрткөнү жөнүндө материалын чыгарды. Эмне дегенде "Turkey" англисчеден “үндүк” (күрп) деп которулат. Көчө тилинде (сленгде) колунан эч нерсе келбеген кишини ошентип мазакташат.

"Made in Turkiye" бренд жарлыгы. 06.12.2021
"Made in Turkiye" бренд жарлыгы. 06.12.2021

Орфографияны "Türkiye" деп алмаштыруу өтүнүчү менен январда президент Режеп Тайып Эрдоган кайрылып, 2-июнда БУУ арызды канааттандырды.

Гезиттин кабарчысы Делфин Мануи сөзгө тарткан аналитик Байрам Балжы бул лингвистикалык эмес, көбүрөөк саясий маселе деп эсептейт. Анын айтымында, Түркия дүйнөлүк сахнада өзүн кантип аныктоо керектигин, өлкө аталышын өзү чечерин көргөзгүсү келет.

Эрдоган демилгесин негиздеп жатып, бул сөз “түрк улутунун маданиятын, цивилизациясын жана баалулуктарын эң жакшы чагылдырат” деп түшүндүргөн.

Автор өлкө бийлиги "Hello Türkiye" деген өнөктүктү буга чейин эле баштаганын жазды.

Андан ары лингвистикалык түзөтүү үчүн убакыт бекер жеринен азыр тандалып отурган жок деген ою менен бөлүшөт.

"Келерки жылы Түрк жумуриятынын түптөлгөнүнө жүз жыл болот. Учурда июнда өтчү мааракеге даярдыктар жүрүүдө. Бул ошол эле 2023-жылга белгиленген президенттик шайлоо алдында экономикалык кризиске баткан өлкөдө улутчул маанайды көтөрүү мүмкүнчүлүгү", - деп улантат журналист.

Жаңы аталышты экспорт продукциясында, Тышкы иштер министрлигинин сайтында да көрсө болот. Эрдоган “Түрк аба жолдору” эми Türkiye Hava Yollari деп расмий аталарын билдирди.

Макалада дагы бир эксперт – Казакстандагы Назарбаев атындагы университеттин профессору Сөнел Босналынын пикирине орун берилген. Лингвист парадоксалдуу угулганы менен этимологиялык көз караштан алганда Türkiye деген сөз түрктөрдүкү эмес деп айтат. Себеби "iye" деген суффикс арабчадан келгенин түшүндүрүп, түрк тилинде араб, грек, армян, кавказ, орус тилинен алынган сөздөр көп экенин, бирок эч кимге анын ысык-суугу жок деп белгилейт.

Автор муну өзгөртүү улутчул дискурска көбүрөөк кызмат өтөөрүн далилдеген дагы бир аргумент катары сыпаттайт.

Тилчилер чет өлкөлөрдүн көбүндө “ү” деген тыбышка тил келбейт, андыктан Түркиянын түзөтүлгөн аталышын бары бир туура айтышпайт деп эсептешет.

Испания жана Португалиядагы кургакчылык коркунучу

Nature Geoscience журналынын жазганына караганда, климат өзгөрүп, атмосферанын басымы көтөрүлгөндүктөн, Португалиянын жана Испаниянын айрым бөлүктөрү миң жылдан берки эң кургак аймакка айланганын жазды.

Испаниядагы жүзүмзар
Испаниядагы жүзүмзар

Америкалык изилдөөчүлөр жогорку басымдын өрөөнү - Азор антициклону мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө туш болгонун аныкташкан. Антициклон Батыш Европадагы аба ырайына жана климатка чоң таасир этет.

Окумуштуулар жаан-чачындын көлөмү, башка көрсөткүчтөргө таянып, акыркы мезгилде Жер ортолук деңиз чөлкөмүндө кыш барган сайын кургак боло баштады деген жыйынтыкка келишти.

Изилдөөнүн авторлору жайкысын Азор антициклонунун таасири менен аптап жана кургакчылык өкүм сүрсө, кышкысын Батыштан келген шамал жамгырды Пиреней жарым аралынын түпкүрүнө айдап барарын, бул жаан-чачын региондун экологиялык жана экономикалык абалы үчүн өтө маанилүү экенин белгилешет.

Макалада айтылгандай, кылымдын соңуна чейин жаан-чачын дагы 10-20 процентке азайышы ыктымал. Натыйжада айыл чарба тармагы көп зыянга учурамакчы.

"Мисалы жүзүмзарлар 25 процентке азайып, суу тартыштыгынан улам 2050-жылга чейин Испаниянын түштүгүндө таптакыр жок болуп кетиши ажеп эмес", - деп эсептешет изилдөөчүлөр.

Зайтун өстүрүлгөн аймактарды да ушундай тагдыр күтүшү мүмкүн.

Окумуштуулар мунун баарын өнөр жай өнүккөн доордо атмосферага зыяндуу газдардын көп бөлүнүп чыгып жатканына байланыштырат.

Макалада дыйкандар жаңы шарттарга ыңгайлаша баштаганы да айтылууда. Мисалы шарап өндүрүүчүлөр жүзүмдү жогору жактарга тигип, ысыкка туруштук берген сортторго өтүүдө. Былтыр Францияда жүзүмдү үшүк алып кеткен. Окумуштуулар өсүмдүктөр бүчүрдү эрте байлап, аба ырайынын кескин өзгөрүп кетишине көбүрөөк кабылат деген тыянакка келишти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG