Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Чек ара жана талибдер. Тажикстанды Иранга жакындаткан жагдайлар


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси. 30-май, 2022-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси. 30-май, 2022-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тогуз жылдык тыныгуудан кийин Иранга иш сапар менен барды.

Тегеранга таарынычынан улам тажик лидери бул аралыкта ал жакка каттаган эмес. Ооганстандын башында турган “Талибан” менен чыңалган ымаланын жана Кыргызстан менен чек арадагы ири жаңжалдан кийинки бул жакындашуу түрдүү талкууларга жем таштады.

“Азаттыктын” тажик кызматынын макаласын Эрнист Нурматов кыргызчалады.

Тогуз жылдан кийинки сапар

Тажик президенти Эмомали Рахмон расмий иш сапар менен Тегеранга 29-майда келди. 30-майда ал Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи, Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана башка аткаминерлерге жолукту.

Президент Рахмон акыркы жолу иш сапар менен Тегеранга 2013-жылдын августунда Ирандын ошол учурдагы президенти Хасан Роуханинин инаугурациясына катышуу үчүн барган. Эки жылдан кийин расмий Дүйшөмбү менен Тегерандын ымаласы Тажикстандын Кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин Иранга кирүүсүнө уруксат берилгени үчүн муздап калган.

Кабири анда Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи менен кездешкен. Рахмондун бийлиги муну ал кезде тажик оппозициясын колдоо катары баалап, Тегеранды Тажикстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого жана жарандык согуш чыгарууга аракет кылып жатат айыптаган.

Өз кезегинде Тегеран айыптоону төгүндөгөн жана камакка алынган ирандык миллиардер Бабак Занджанинин Тажикстандагы активдерин кайтарып берүүнү талап кылган. Занджани мекенинде Мунай министрлигинин миллиарддаган долларларын уурдоого күнөөлөнүп, өлүм жазасына тартылган. Тергөө иштери ирандык миллиардер Тажикстандын Улуттук банкында 2,4 млрд. долларын сактаганын аныктаган. Тажик бийлиги акчага тиешеси бар экенин четке каккан.

Эксперттердин пикиринде Дүйшөмбү менен Тегерандын ымаласы кайрадан жакшыра башташы биринчи кезекте коңшу Ооганстандагы күтүүсүз кырдаалдарга байланыштуу. Тажик талдоочусу Абдумалик Кадыров буга мындайча жүйө келтирди:

Абдумалик Кадыров
Абдумалик Кадыров

“Ооганстан Тажикстанга дагы, Иранга дагы коркунуч жаратууда. Ошол эле маалда дагы башка маселе бар – ал Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжал. Каалайбызбы же жокпу, бул дагы тажик бийлигинин чечимдерине таасир этип жатат. Анүстүнө Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттердин, анын ичинде Түркиянын жардамы менен куралдануусун күчөтүп жатат. Тажикстан азыркы кырдаалда Москванын жардамын карап эле отура албайт. Орусия ансыз да мурдатан эле Дүйшөмбү менен Бишкектин ортосундагы жаңжалга аралашкысы келчү эмес. Ушул өңүттөн алганда Иран Тажикстанга болушчу жана колдоо көрсөтчү бирден бир өлкө болуп калып жатат”.

Бирок Тажикстандын бийлигине ыктаган башка серепчилер Дүйшөмбү менен Тегерандын ортосундагы “бири-бирине ишенбеген маанай” мурда эле эригенин билдиришет.

Тажикстандын президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун мурдагы орун басары Сайфулло Сафаров буларга токтолду:

Сайфулло Сафаров
Сайфулло Сафаров

“Тажикстандын Иран менен жакындашуусу түштүк тараптагы коркунуч менен же жаңы союздаш издөөгө байланыштуу эмес. Эки өлкө ортосундагы көп кылымдык кызматташтык убакыттын гана сыноосунан өттү. Бизде Ирандын калкы менен талашкан маселебиз эч качан болгон эмес жана болбойт дагы”, - дейт ал.

Быйыл 17-майда Тажикстандын борборунда Ирандын "Абабил-2" аскердик дрондорун чыгара турган ишкана ачылган. Бул чечим Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө Түркиянын учкучсуз учактары келип жаткан учурда кабыл алынды.

“Мындан аркы “оюндун” эрежесин тактап алышты”

Иран 1991-жылы декабрда СССР кулагандан кийин Тажикстандын мамлекеттик көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө. Тажикстан менен Иранды бир тил, бир маданият жана орток тарых да бириктирип турат.

Иран 2015-жылга чейин Орусия менен Кытайдын катарында Тажикстандын эң негизги өнөктөштөрүнүн жана башкы инвесторлорунун бири болчу. Кезинде Тегеран Тажикстанда “Истиклол” (мурдагы “Анзоб”) аттуу тоннелинин жана “Сангтуда-2” гидроэлектр станциясынын (ГЭС) курулуштары үчүн 220 млн. доллар бөлгөн.

Бирок 2015-жылкы бири-бирин айыптоолордон кийин Тажикстан Ирандан бардык товарлардын импортун токтоткон, ирандык компаниялардын баары тажик рыногун таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

2019-жылдын жай айынан тартып эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бир аз жылый баштаган. Эксперттер түшүндүргөндөй буга Дүйшөмбүнүн позициясынын жумшарышы себеп болгон.

Ошол жылдын июнь айында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Тегеранда Ирандын ал кездеги президенти Хасан Роухани жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолуккан. Иш жүзүндө бул акыркы жылдардагы достук маанайда өткөн алгачкы дипломатиялык кездешүү болуп калган.

“Тегеран менен Дүйшөмбү 2019-жылы коопсуздук тармагында кызматташуу тууралуу протокол кабыл алган. Анда мындан аркы “оюндун” эрежелери жана чеги так жазылган. Бул алкак жана эрежелер мындан ары катуу сакталат”, - деп эсептейт тажикстандык талдоочу Косим Бекмухаммад.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси. 30-май, 2022-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси. 30-май, 2022-жыл.

Ошол эле учурда эксперт Абдумалик Кадыров Тажикстан менен мамилени чыңдоого Ирандын бийлиги да кызыкдар экенин белгилейт. Себеби, биринчиден Иран өзү деле көп жылдан бери Батыштын санкцияларынан жабыр тартып келет, бул дагынан ага да өнөктөш керек. Экинчиден, кайрадан эле Тегерандын өзүнүн саясий кызыкчылыктары.

“Дүйнөлүк саясаттагы чукул өзгөрүүлөр Тажикстан менен Ирандын мамилеси көпкө чейин жакшы нукта улантууга негиз берет деп ойлойм. Орусиянын эл аралык позициясынын алсызданышынан улам Иран бул чөлкөмдө чоң оюнчуга айлангысы келет жана биринчи кезекте Тажикстанга таасирин жайылтуунy көздөйт”, - дейт талдоочу.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 30-майда Эмомали Рахмон менен Ибрахим Раисинин катышуусунда кызматташтык тууралуу 16 жаңы документке кол коюлду. Анын ичинде Тажикстан менен Ирандын 2022-2030-жылдарга чейинки соода-экономикалык кызматташтыгы тууралуу узак мөөнөттүү программа да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG