Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 07:51

"Таза суу тартыш аймактарда бөйрөк оорусу көп катталат"


Бишкектеги балдар ооруканаларынын бири.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда аптасына онго чукул баланын бөйрөгүнөн таш алынат. Балдардагы бөйрөк ооруларынын себеби эмнеде?

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүндө дарыгерге кезек күткөн ата-энелердин аягы кечке чейин үзүлбөйт. Бардык палаталар бейтаптарга толгон.

"Балам аябай кусуп, анан ооруканага келдик. Дарыгерлер анализге канын, заарасын тапшырдык. Жыйынтыгы чыкканда эле дароо урологго жиберишти. Уролог баламдын бөйрөгүндө таш бар экен деп ушул борборго жолдоду. Беш жаштагы кичинекей баланын бөйрөгүнөн таш чыгат деген оюма да келбептир", -деди баласынын бөйрөгүндө таш аныкталып, эми лазердик операция үчүн дарыгердин жолдомосун күтүп жаткан келин.

Ал Кара-Балтадан келгенин айтып, бирок ысымын атагысы келген жок. Уулунун оорусуна тамак-аш, ичкен суусу себеп болушу мүмкүн деп болжоп жатам дейт.

"Балким, ичкен суу, жеген тамактары себеп болдубу, билбейм. Суубуз таза эмес, хлор. Анан балам чипс, кириешканы көп жечү. Алар да туздуу да, ошондон болдубу дейм. Бөйрөгүндө эки сантиметрлик таш бар экен. Эми операция деп жатышат. Коркуп турам".

"Баткенден келген балдар көп"

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүндө Баткенден келген төрт жаштагы бейтапты операция болуп, бөйрөгүнөн 3-4 сантиметрлик таш чыккан. Анын атасы Шерзод өзүнүн деле бөйрөгү ооруп жүргөнүн, уулунун мындай дартка чалдыкканынан ичүүчү таза суу жоктугу себеп болушу мүмкүн деп ойлойт.

"Балам бир эки күн ыйлап, оң капталын көрсөтүп туруп алды. УЗИге салсак, бөйрөгүндө таш бар экен дешти. Азыр эле операция болуп, ташын алып чыгышты. Жакшы болуп кетсе экен деп отурам. Мен Баткендин алыскы айылдарынын биринде жашайм. Мындан башка дагы төрт балам бар. Ичүүчү суу жок, булактан ташып ичебиз. Булактын суусунун сапаты кандай экенин билбейм. Эми калган балдарымды да текшертет окшойм, коркуп калдым. Өзүмдүн деле бөйрөгүм ооруп турат. Шектенгеним эле ошол суу болуп жатат".

Дарыгерлердин айтымында, аймактардын ичинен Баткен облусунан кайрылган бейтаптар көп. Андан кийин Жалал-Абад, Ош облусунун тургундарынын көпчүлүгүндө, анын ичинде балдарда бөйрөк, табарсыгында ташы барлар катталган.

"Кыргызстанда балдардын бөйрөк жана табарсык оорулары боюнча Баткен облусу биринчи орунда турат. Бизге эң көп келген дал ушул облустун кичинекей тургундары болуп жатат. Таштын пайда болуусуна биринчи кезекте ичүүчү суу, ысык климат, жеген тамак-ашы, жашоо образы себеп болууда. Жаш бөбөктүн организминде зат алмашуу бузулса эле ушул сыяктуу көйгөйлөр келип чыгат. Анан Баткенде тамак-ашты аябай туздуу жешет экен. Бир эле курутту алалычы, туздун нормасы аябай көп",-дейт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Макеев.

Дарыгер балдарды ачык операция жолу менен эмес, аралыктан ташын талкалап дарылоо аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

Сапарбек Макеев.
Сапарбек Макеев.

"Дистанциялык литотрипсия деген аппарат менен ташты талкаласа болот. Бул жабдуу биздин ооруканада жок. Балдарды менчик жайларга аргасыз жиберип жатабыз. Бир жыл мурда Улуттук госпиталда чоңдор үчүн атайын ушундай жабдуу иштеп турган. Ошого балдарды жиберип, ташын талкалаткандан кийин бул жакта дарылоосун улантат элек. Азыр эми ал жабдуу да иштебей калып, каражаты барларга менчик ооруканаларды сунуштап жатабыз. Акчасы жокторду салттуу түрдө эле кесип, ташын алып чыгабыз, айла жок. Ушул жабдуу биздин борбордо болсо жакшы эле".

Дүйнөлүк статистикада заара бөлүп чыгаруучу органдардагы таш балдардын 1% эле кездешет.

Бөйрөк, табарсыктагы таштардын пайда болушу

Адистердин айтымында, бөйрөк, табарсыктагы таштардын пайда болушуна ичүүчү суунун сапаты канчалык таасирин тийгизет деген маселе изилдене элек. Республикалык оорулардын алдын алуу, санитардык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Гүлнара Сарыева бул атайын изилдөөнү талап кылат дейт.

"Бөйрөк, табарсык системасындагы таштын пайда болуусуна чындап эле таза суу тартыштыгы себеп болуп жатканын так кесе айтуу өтө кыйын. Бизде аныкталган маалыматтар жок. Чындыгында суунун сапаты, анын тыгыздыгы жана туздар, минералдардын көп болуусу адамдын бөйрөк, табарсык, өтүндө таш пайда болуусуна түздөн-түз таасир этет. Кыргызстандагы ичкен суунун тыгыздыгы жогору, минерал, туздар көп экени баарына маалым. Мурда каржы бөлүп беришкенде биздин илимий-өндүрүштүк бирикмебиз аймактардагы калк ичкен суунун сапаты кандай ооруларга жол ачарын улам аныктап, изилдеп бүтүм чыгарып турчу. Эсимде, мындан он жылдай мурда бөйрөк, табарсык, өттөгү таш ооруларына суудагы заттардын тийгизген таасирин аныктап чыгышкан. Тилекке каршы, ушул сыяктуу илимий иштерге каржы бөлүнбөй, маалыматты так билүү мүмкүн эмес болуп жатат".

"Жабдык жок, коңшу өлкөгө чыккандар бар"

Алыскы аймактагы клиникалык ооруканаларда да лазердик ташты майдалаган жабдык жок. Маселен, Жалал-Абад облусундагы бейтаптардын айрымдары Өзбекстандын Анжиян сыяктуу коңшу облустарына барып дарыланууга аргасыз.

Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын Урология бөлүмүнүн дарыгери Бектур Абдрахманов облустагы абал тууралуу буларга токтолду.

"Жалал-Абад облусу да таш оорулары көп кездешүүчү аймак болуп эсептелет. Жердин шарты, климат, суунун составынан улам биздин аймак эндемикалык да. Мурда деле балдар, чоңдор арасында табарсык, бөйрөгүнөн таш чыккандар кандай көп болсо, азыр деле абал өзгөргөн жок. Жылына көп эле операция жасайбыз. Азыр эми дарылоонун жаңы ыкмасы чыгып, лазердик талкалоого өтүп калган. Көпчүлүгү кеспей эле ташты лазер менен аралыктан талкалатып коёт. Бирок бизде андай жабдуу жок. Бейтап эгер кааласа Бишкек, Оштогу менчик ооруканаларга жиберебиз. Айрымдары кошуна Өзбекстандын Анжиян, Фергана облусундагы ооруканаларга барып жатышат".

Кыргызстанда эки миңден ашуун айыл бар, алардын 400дөн көбүнө таза суу кирген эмес. Ал арада өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккандар жылдан жылга көбөйүүдө. Эки бөйрөгү тең иштебей, гемодиализ жабдуусуна байлангандар 2,5 миңден ашуун.

Бөйрөк жана табарсыкта таш бар экени адамга билинбейт. Курч мүнөздө кармап, кусуп, жаш бала болсо тура албай калат. Адистер ар бир адам жаш өзгөчөлүгүнө карабай, жылына бир ирет заара анализин тапшырып,бөйрөк ооруларынын алдын алса болорун эскертишет. Ошондой эле тузу аз, туура тамактанууну сунушташат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG