Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Наристенин өлүмү, сүннөткө отургузуудагы калпыстыктар


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Адистер Кыргызстанда уул балдардын жеке гигиенасына көпчүлүк энелер кам көргөндү билбей турганын айтышат. Ушундан улам алардын 70% фимоз оорусу кездешет. Бирок анын алдын алуунун жолу - сүннөткө отургузуу. Баланы канча жашынан отургузуу керек, канткенде денесинен жаракат албагыдай шарт түзүүгө мүмкүн?

Апрелде Бишкекте жети жаштагы бала сүннөткө отургузуу маалында чарчап калды. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда 2-апрелде наркоз (жалпы эмес) менен сүннөткө отургузулган. Кийин Платтер синдрому, жарааттан кан кетүү диагнозу менен балдардын 3-ооруканасына түшүп, эсине келбей үзүлгөн. Бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.

Сүннөткө отургузгандан кийин абалы начарлап, каза болуп калган учурлар буга чейин дагы катталган. 2019-жылы Ысык-Көл районунда сүннөткө отургузуу маалында үч жашар бала чарчап калган. Анда дагы балага наркоз бергенден кийин эсине келген эмес.

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайдан жети жашка чейинки 624 миңден ашуун уул бала бар. Калктын басымдуу бөлүгү ислам динин туткандыктан, дээрлик жарым миллиондон ашуун бала сүннөткө отурушу керек. Сүннөткө отуруунун белгилүү бир жаш өлчөмү жок. Ошентсе да адистер бала төрөлгөндөн тарта анын жыныс органдарына кам көрбөсө, ар түрдүү оорулар келип чыгарын эскертишет.

Өлкөдө чоңоюп калган баланы сүннөткө кыйнап отургузган учурлар да четтен чыгат. Айрыкча айыл жергесинде тааныш-билиштер аркылуу баланы үйдөн эле отургузгандар бар. Чүй облусунун тургуну Анаранын үч эркек небереси бар. Ал үчөөнү тең жети жашында өзү жашаган айылдагы ветеринар догдурга кестирген. Кенже небересин эки жыл мурда кантип отургузганын эскерди:

"Алгач көзүн таңган, өзүнүн атайын жанында алып жүргөн бычагы бар экен. Эч кандай наркоз деле колдонгон эмес. Ошол бычагын спирт менен тазалап туруп, "бала коркпосун" деп көзүн таңган. Анан туйлап жөн жатпай кыйкырып жибергенде жаактан ары бир чапкан. Колу-бутун жанындагы башка эркектер кармап берип турушкан. Мен жүрөгүм түшүп, аябай калчылдап сыртка чыга качкам. Баарын эле айылдан ошентип отургузганбыз".

Анара кичүү небереси көпкө чейин уктай албай, жарааты ырбап жүргөнүн, түшүндө уйкусунан чочуп, ветеринар дарыгер айылдан ары-бери өткөндө коркуп турарын белгиледи.

"Ымыркай кезинде эле отургуздук"

Анаранын неберелеринен айырмаланып, Дубайда жашаган Нурайым Исмаилованын бирге чыга элек уулу мындай орой мамилеге учураган эмес. Араб өлкөлөрүндө бала төрөлөрү менен эле отургузушат. Мындай шартта аны жарааты тез айыгып, психологиялык жактан да жабыркабайт. Нурайымдын уулун да бир айга толгондо эле дароо сүннөткө отургузушкан. Эгер баланын жашы үч айдан ашып кетсе, анда жалпы наркоз берилет.

"Биринчиден, баланы төрөлгөндөн көп өткөрбөй, бир жуманын ичинде эле сүннөткө отургузуп коюш керек экен. Мунун бир нече пайдасына күбө болдум. Бала жаңы төрөлгөндө сүннөт операциясы жасалса, ал ооруну азыраак сезет, ымыркайга локалдык наркоз беришет экен, башкача айтканда баланы толук уктатпай эле сүннөткө отургузуп коюшту. Жалпы наркоздун деле бир топ зыяны бар го, бул жагынан мага ымыркай кезинен отургузуунун логикасы жакты. Дубайда бала үч айдан өтүп калса, анда жалпы наркоз беришет. Экинчиден, ымыркайдын эти ырбаак болбой, бат эле айыгып кетет. Жаңы төрөлгөн баланын организми ооруга туруктуу, жакшы иштегендиктен, уулум тез эле айыгып кетти. Бала бир аз чоңоюп, оонап, буту-колун кыймылдатып калса, анда анын жарааты да көптө барып айыгат дешти. Биз баланы операцияга алып кирерде дарыгер, медайымдар кантип ага кам көрүш керек баарын майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берди. Буга кошумча ар түрдүү кызыктуу боршюраларды да колубузга карматты. Бизде деле ата-энелерге ушундай түшүндүрүү иштери жүрсө, балдарыбыз жаракат албай, ата-энелери кыйналбай сүннөткө отурмак да".

  • Отургузуу же сүннөт кылуу - хирургиядагы эң байыркы операциялардын бири. Эркек балдардын жыныс органынын башындагы ашыкча терини кесип салуу дегенди түшүндүрөт. Анын ар түрдүү максаты бар. Биринчи кезекте диний максатты көздөйт. Диний жөрөлгө катары мусулмандар менен еврейлер балдарын отургузат. Экинчиден, медициналык максатта, ар түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн ашыкча этти кесип салышат. Себеби ал жерге ар түрдүү инфекция чогула берет.

"Баласынын тазалыгын карабаган энелер толтура"

Дарыгерлер уул балдардын дээрлик 90% ашыгы төрөлгөндөн тарта эле жыныс органдын башындагы эттен жапа тартарын эскертип, Кыргызстанда энелердин көпчүлүгү ымыркай кезинен алардын жыныс органына кам көрүүнү биле бербейт дешет.

Ушундан улам отургуза элек балдардын көпчүлүгү фимоз оорусунан жабыркайт. Анын алдын алуу үчүн сүннөткө отургузуп, ага чейин баланын жыныс органын тазалап, кам көрүү керек. Кыргыз-орус славян университетитин "Балдар хирургиясы" кафедрасынын илимпозу, дарыгер Калыбек Мыкыев:

"Бала төрөлгөндөн тарта эле апасы анын жыныс органын таза кармап, башындагы этти тартып, учун тазалап майлап турушу керек. Бизде энелердин көбү муну билбейт. Ошого баланы отургузганы алып келгендердин дээрлик 70-80% фимоз менен жабыркайт. Фимоз бул жыныс органдагы ашыкча эттин тешикти бүтөп жабышып калуусу дегенди түшүндүрөт. Ал аябай оорутуп, баланы кыйнайт. Бизге жети жаштан 15 жашка чейинки балдарды алып келишет, өмүрү жыныс органын ачып, тешигин тазалап да коюшкан эмес. Жеке гигиенаны ата-эне өзү билбейт. Айла жок, биз балдарды бакыртып, ыйлатып ачышка туура келет. Болбосо заара кыла албай калышат. Уул бала төрөлгөндө эле апасы жуунткан сайын таза колу менен акырын жыныстык органынын майлап, ашыкча этти артка түртүп, ачып турушу керек. Сүннөткө отургузууда кыргызда эмнеге 3-5-7 жаш деп коюп алганын түшүнбөйбүз. Шариятты катуу туткан араб өлкөлөрүндө бала төрөлгөндөн кийин бир айдын ичинде эле отургузуп коет. Бул балага аябай пайдалуу. Еврейлер бир жуманын ичинде отургузат. Бала тез айыгып кетет. Чоңоюп калган бала, маселен баягүнү чарчап калган жети жаштагы баланы деле сүннөткө кеч алып келишкен. Азыркы балдардын баары сезимтал, ачуусу чукул. Үч жаштагы бала деле "кесет" дегенди билет. Анан эле чоңоюп калган баланы үчөө, төртөө эле ыйлаганына карабай наркоз берип, баса калып кесип жатса, албетте катуу стресс болот да. Мындайда кекеч болуп калгандар да көп. Өмүр бою психологиялык травма алышат", - деген ойдо.


Дарыгер Мыкыев ошондой эле айыл жеринде өз алдынча отургузуудан соң айыкпай, же ашыкча эт менен кошо жыныстык органдын учун да кесип салган учурлар болгонун эскерди. Ал ата-энеге баланы болушунча эрте, төрөлөрү менен сүннөткө отургузууну сунуштады.

Азыркы тапта бейтапканалардын баарында эле атайын адистешкен балдар хирургдарын табуу кыйын. Догдурлар бала өмүрү үчүн өтө жоопкерчиликтүү болгон сүннөткө отургузуу процедурасында "лазер менен оорутпай кесебиз" деген сыяктуу жарнамаларга ишенбей, кесипкөй балдар хирургуна гана кайрылууну эскертип жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун СПИД менен күрөшүү программасынын (UNAIDS) маалыматына караганда, дүйнөдө эркектердин 30% ашыгы, же болжол менен 700 миллиондой адам сүннөткө отурган. Алардын 68% мусулмандар, 13% еврейлер, калганы медициналык максатта жасаткандар. UNAIDSтин илимий кеңешчиси Кэтрин Хенкинс көп жылга созулган анализдин негизинде сүннөткө отургузуу эркектер арасында ВИЧ оорусунун жайылуу коркунучун азайтарын айткан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG