Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

COVID-19: эмдөө ыргагы жай, өлүм токтогон жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 илдетинин курмандыктары кайрадан арбый баштады. Акыркы суткаларда өлкөдө вирустан улам үч-төрттөн же, беш-алтыдан киши каза болуп жатат.

Жагдайга байланыштуу эпидемиологиялык чаралар күчөтүлүүдө. Бирок ошол эле убакта коронавируска каршы эмдөө жай жүрүүдө.

Күчөгөн коронавирус

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб соңку суткаларда COVID-19 илдетин жуктургандар да, андан каза болгондор да көбөйгөнүн коңгуроо кагып жатат.

Март айында эле күн сайын 100дөй адамдан вирус жаңы аныкталып жатса, азыр бул көрсөткүч 200дөн ашууда. Мерт болгондор да анда бир-экиден катталып турса, бул күндөрү эки-үч эсе арбыды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Жылдыз Айгерчинова ыкчам штабдын атынан «Азаттыкка» маалымат берди:

Жылдыз Айгерчинова.
Жылдыз Айгерчинова.

«13-апрелге карата жаңы 227 учур катталды. Анын ичинен лаборатордук тастыкталганы 191, клиникалык-эпидемиологиялык, же башкача айтканда пневмония 36. Кечээ, 12-апрелге карата статистикада 6 киши каза болгонун кабарлаганбыз, бүгүн, 13-апрелге карата төрт киши мерт болду. Тилекке каршы өлүмдөр да көбөйүп жатат», - деди ал.

Мындай караганда бул көрсөткүчтөр мурдагы айга салыштырганда эле эмес, былтыр сентябрдагы сандарга караганда көп болууда.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алгандар 90 599, айыккандар 86 152 кишини түздү. 2020-жылдын март айынан бери андан коронавирустан улам каза болгондор 1532ге жетти.

Эпидемиологиялык кырдаал күчөгөндөн улам Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб күн мурун атайын жыйын өткөргөн. Өкмөттүн сайтында жазылгандай биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков отурумда жагдай тууралуу буларды билдирди:

Артём Новиков.
Артём Новиков.

«Республика боюнча, өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй облустарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорулады. Бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча стационарлар ачылган. Коомдук жайларда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлгөн. Коңшу өлкөлөрдө COVID-19 вирустун жаңы жугуштуу штаммдары менен ооругандардын саны жогорулап жатканы байкалууда. Биз өлкөгө кирүүдө коопсуздук чараларын күчтөндүрдүк, бирок тармактык түзүмдөр тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, келген жактардын ден соолугунун абалын андан ары көзөмөлдөөнү үзгүлтүксүз жүргүзүшү кажет. 8-апрелде мен стационардын ачылышына барып, “кызыл зонаны” көрүп, андагы жабдуулар жана дарылоо алгоритмдери менен таанышып чыктым. Коштоп жүрүүчү жактар менен иш алып барууда катуу тартип сакталышы керек. Бардык зоналар кант диабети, жүрөк кан-тамыр ооруларына, бөйрөк оорусуна кабылган өнөкөт оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармектердин запасы менен камсыздалышы керек», - деген ал 12-апрелде.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабаргандай, апрелдин башында Бишкек шаары «кызыл», Чүй облусу «сары» аймакка кирди. Бул деген ушул аймактарда вирус ыкчам тарап жатат дегенди түшүндүрөт.

Коронавируска байланыштуу кырдаал курчуганы өлкө аймагында кескин чектөөлөр киргизилген жок. Бирок Бишкек, Ош шаарларында, кафе-ресторандар жана башка коомдук жайлардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди аткаруусуна көзөмөл күчөгөн. Кара-Балта сыяктуу шаарларда той-аштарды өткөрүүгө да чектөө каралган.

Мындан сырткары бул аймактарда медициналык тез жардам кызматынын бригадалары көбөйтүлүп, call-борборлор күнү-түнү иш алып барууга өткөн.

Башка маселе, 13-апрелден тартып Рамазан айы башталды. Адатта бул айда өлкөдө жапырт ооз ачуу отуруштарын өткөрүү салты бар. Адистер той-аштардан сырткары бул көрүнүш да көбөйсө, ал оорунун жайылышын дагы күчөтпөйбү деп кабатыр болуп жатышат.

Медициналык эксперт Бермет Барыктабасова мындай дейт:

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

«Ооз ачарлар башталды. Эми бардыгы бири-бирин чакырып, чакан тойчук кылып катташууну күчөтөт. Адам өлүмү көбөйүп жатканын, жаңы катталгандар арбып жатканын улам кайталап айтып туруш керек. «Каргашалуу июлду» эскертиш керек. Ооз ачарды күнөөнү жууш үчүн, сооп алыш үчүн өткөрүп жатышабы, жарандар ошол жерде киши өлүмүнө себепчи болуп каларын да аңдашы шарт. Бирок биз кыргыздар өзүбүздү билебиз го, тыйса деле бара беришет го деп корком».

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу «Азаттыктагы» маегинде быйыл орозо маалында топтошуп ооз ачууларга чектөө болбой турганын кабарлады.

Эмдөөнүн жайбаракат жүрүмү

Албетте, вируска каршы негизги чара бул – эмдөө. Кыргызстан аны кыйла кечигүү менен быйыл 29-мартта баштаган.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда «кызыл зонада», бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделген. Кийин башка облустарга да пункттар ачылып, каалоочулардын баарын эмдөө жүрүп жатат. Бирок бул аралыкта болгону 2705 киши эмделди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Жылдыз Айгерчинова мунун себебин жарандардын аз келип жатканы менен түшүндүрдү:

«Негизи башында ар бир эмдөөчү пункттан күнүнө 60-70тен киши өтүп турса нормалдуу деп эсептелет деп айтып жатышкан. Биздин адистер азырынча эмдөө бир аз жайыраак жүрүп жатканын айтып жатышат. Бирок биз эч кимди мажбурлай албайбыз. Биз башынан эле эмдөө ыктыярдуу негизде болот деп айтып келатабыз. Ошентсе да бул жаңы оору, мунун дарысы жок. Бизде эле эмес, башка өлкөлөрдө деле. Ошондуктан азыр вакцина алуу COVID-19 вирусун токтотууда эң эффективдүү ыкма деп эсептелет. Ошол себептүү биз бардык жарандарды келип вакцина алууга чакырып кетебиз».

Кыргызстанда Кытайдын «Sinopharm» компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Расмий Бишкек COVAX программасынын алкагында «AstraZeneca» вакцинасын алмак. Бирок анын натыйжалуулугу боюнча талкуулар күчөп кеткендиктен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги алууну токтотуп койгону 18-мартта белгилүү болгон.

Ортодо Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасы келери жөнүндө да кеп болуп, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Ошентип өкмөттүн колуна акысыз тийген вакцина «Sinopharm» болуп жатат.

Эксперт Бермет Барыктабасова жарандардын эмдөөнү алууга ашыкпай жатышы тиешелүү органдардын ишинин чабалдыгынан көрөт:

Биринчи болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцина алган.
Биринчи болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцина алган.

«Жалпы эле дүйнөдө эмдөө шыр жүрбөйт. Өзгөчө постсоветтик өлкөлөрдө вакцина алгысы келгендер азыраак. Батыштын, Кытайдын вакцинасына карата ишенич толук калыптана элек. Ар кайсы өлкөдө ар кандай, маселен Британияда калктын бештен бир бөлүгүн эмдешсе, Израилде 90% калк вакцина алып бүттү. Украинада болсо болгону 1% эл эмделиптир. Бизде да жагдай ушундай болуп жатат. Анткени ар ким ар кандай түшүнүктөрдөн улам толук ишенбей жатат. Изилдөөнүн жоктугу, бийлик маалыматтарды ачык бербей жатканы да ушуга себеп болууда. Министрлик түшүнүксүз, кыска гана маалыматтарды берип чектелүүдө. Бир туруп «Спутник V», бир туруп «AstraZeneca» же «Pfizer» вакцинасын алабыз деп жатышты. Булардын бири да жок, ортодон эле кайдан-жайдан Кытайдын вакцинасын алып келип алышты. Бийлик эч нерсени мактабай, эч нерсени жашырбай, бул вакциналар тууралуу объективдүү маалымат беришкенде эл эмдөөгө көбүрөөк катышмак. Болбосо былтыр вирустун курмандыгы күчөгөндө бардыгы вакцина алууга даяр эмес беле? Азыр неге жок. Анткени бул боюнча өкмөт ишендире албай жатат. Же президент, же өкмөт башчы вакцина албаса, эл кантип ишенет? Бийлик башындагылар башы менен жооп берерин айтып жоопкерчилик алса, иш ыкчамыраак жылмак».

Жалал-Абаддагы эмдөө: элдин маанайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Кыргызстандын коңшуларынын ичинен Казакстанда COVID-19 илдетине каршы эмдөө башталганы менен эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда.

Бул өлкөдө аталган илдеттен соңку бир суткада эле 24 адам өлдү, жалпы курмандык - 3260. 13-апрелге карата коронавирус инфекциясы лабораториялык жактан тастыкталгандардын саны бул өлкөдө 273 825 адамды түздү. Бул жагдайга байланыштуу казак өкмөтү бир катар чектөөлөрдү киргизген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG