Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Жасалма ПЧР-тест саткан экинчи учур катталды


Коронавируска карата ПЧР-тест алуу учуру.
Коронавируска карата ПЧР-тест алуу учуру.

Таласта айдоочулар үчүн жасалма ПЧР-тестин сатып жүргөндөр кармалды. Алар тесттерди Казакстанга каттаган айдоочуларга сатып жүргөн.

Ал арада парламентте ПЧР-тесттердин баасы кымбат болуп жатканы айтылып, Казакстанга каттаган айдоочулар үчүн анын баасын арзандатуу жагын карап көрүү өкмөткө сунушталды.

Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Буура жана Манас райондорунун аймагында белгисиз адамдар айдоочуларга мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн COVID-19 илдетинин жасалма ПЧР анализин 500 сомдон 1500 сомго чейин сатып жүргөн.

18-мартта шектүү иштетип жаткан “Чоң-Капка” өткөрмө пунктунун жанында жайгашкан тез тамактануучу жайды тинтүү учурунда жасалма ПЧР-тесттер табылган. Бул ишке тиешеси бар деген дагы бир 18 жаштагы тургундун үйүн тинтүү учурунда ноутбук жана түстүү принтерлер табылган.

“Шектүүлөргө "Документтерди жасалмалоо" (359-берене) менен кылмыш иши козголду. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө жүрүп жатат”, – деди облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева.

Облуста жасалма ПЧР-тест сатып жүргөн факты ушуну менен экинчи ирет катталды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жасалма документти коңшу Казакстанга кирип-чыгып оокат кылгандар байма-бай эле пайдаланып жүргөн.

Алар мунун себебин ПЧР-анализдин кымбаттыгына байланыштырып жатышат. Алардын арасында Таластан Жамбылга жүк ташыган Куттубек Солтоев да бар. Бирок ал документтин жасалма экенин билбегенин, баасы чөнтөккө чак болгондуктан сатып алганын билдирди:

“Санитардык-эпидемиологиялык станцияга 1600 сом төлөп аны бир күн күтүп отурганча 500 сом берип жасаткан оң болуп жатат. Ал алынган анализ болгону үч күнгө жарактуу. Жума сайын кайра-кайра алууга чамам жетпейт. Мамлекет тесттин баасын арзандатып койсо болмок”.

Ал арада облустук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыкованын айтуусунда, ПЧР-тесттин жасалма же аныктыгын айырмалоо кыйынга турууда:

"ПЧР-тестин жасагандар көп болууда. Биз текшерүүчү орган болбогондон кийин эки-үч жолу тийиштүү органдарга маалымат бергенбиз. Башында биздин департаменттин анализдерин көчүрүп жасачу экен, анан жеке компаниялардыкын жасап башташыптыр. Биз чыгарган анализ айырмалансын деп QR код коюп жасап баштасак, аны дагы жасап жатышат. Кээ бирлерин текшерсек, QR код туура келет бирок биздин базадан чыкпайт”.

Таласта 2020-жылдын май айынан тартып коронавирусту аныктоочу вирусологиялык лаборатория иштей баштаган. Бирок ал жерден чыккан жыйынтык ЕАЭБдин талаптарына жооп бербегендиктен, өлкө ичинде гана колдонулат.

Ал эми чет өлкөгө чыгуучулар үчүн анализ Бишкекке жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы бир суткада даяр болот. Казак өкмөтү өткөн жылдын октябрь айынан тарта чек арадан өтүү үчүн коронавирустун жоктугун аныктай турган анализ талап кыла баштаган. Мындай талап байма-бай каттаган айдоочулар үчүн кошумча чыгым жаратканы маалым.

Буга чейин Казакстанга жүк ташыган айдоочулар Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге кайрылышкан. Айдоочулар үчүн мамлекеттик лабороториялардагы анализдин баасын 50% арзандатып берүүнү биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдон суранганын айтты:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

“Мага оор жүк ташыган машинелердин айдоочулары кайрылган. Казакстанга дээрлик эки күн сайын кирип чыгабыз. 1500-2000 сомдон акча коротуп жатабыз, ошону жеңилдетип берсеңер дешти. Чынында, алардын тапкан акчасынын баары ПЧР-тестке кетип жатат. Бул өзгөчө Казакстандын талабы экен. Биринчи вице-премьер-министр болсо 10 күн сурады, штаб чогулуп, тактап жолун айтабыз деген. Ушул күндөрү жоопту күтүп жатам. Парламентте да көтөрүп аягына чыгарабыз деген үмүттөмүн”.

Кайрылууга Новиков 10 күн аралыгында тактап жооп берээрин билдирген.


Кыргызстанда коронавирусту аныктаган эки мамлекеттик жана төрт менчик лаборатория бар Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин анализге керектелүүчү реактивдер чет жактан алынып келгенине байланыштуу бааны арзандатуу мүмкүнчүлүгү жок экенин жарыялаган. Таластыктар коңшу Казакстандын Жамбыл облусуна соода-сатык кылуу үчүн байма-бай каттап турат.

"COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

XS
SM
MD
LG