Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Түрк тилдүү мамлекеттердин жыйынында Кыргызстан Ооганстандагы азык-түлүк кризисин көтөрдү


Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин желеги.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин желеги.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

28-июндан 1-июлга чейин Түркияда өткөн жыйында Иманкулов Ооганстандагы гуманитардык маселени көтөрдү.

"Ооганстандагы коомдук-саясий кырдаалдын татаалдашы, анын ичинде гуманитардык жагы белгиленди. Буга байланыштуу кыргыз тарап ооган элине дүйнөлүк коомчулуктан каржылык жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүү зарылдыгын билдирди", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Иманкулов Ооганстандагы ар кандай террористтик, экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн активдешүүсүнө тынчыздануусун билдирген. Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен да жолугушкан.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчү катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн жыйында мүчө болгон. Венгрия байкоочу макамына ээ.

2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарындагы саммитте аталган кеңешти мындан ары Түрк тилдүү мамлекеттер уюму деп атоо чечими чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG