Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

5-июлдун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

5-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG