Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Прокуратура: Нукустагы башаламандыкта 18 киши мерт кетти


1-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста өткөн демонстрациядан алынган кадр.
1-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста өткөн демонстрациядан алынган кадр.

1-2 июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлда өткөн брифингде билдирди. Маалыматка караганда 243 киши жарадар болгон. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси Даврон Жуманазаров 1-2 июль күндөрү 516 киши кармалганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Буга чейин өзбек президенти карапайым тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн арасында жоготуулар бар экенин айткан.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду.

Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн. Анын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынган.

1-июлда бул өзгөртүүлөргө каршы республиканын борбору Нукуста миңдеген адамдын катышуусунда жапырт акция өттү. Социалдык тармактарга Каракалпакстандын башка аймактарында да нааразылык демонстрациялары өткөнү кабарланып, видеолор жарыяланды. Алардын айрымдарында митингге чыккандар күч менен таратылганын көрүүгө болот. Кээ бир тасмаларда күч кызматкерлери курал колдонуп жатканы да чагылдырылган. Бирок бул кадрлар канчалык реалдуу экенин бышыктоо мүмкүн эмес. Нукуста интернет өчүрүлгөн.

Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан республикасынын борбору Нукуска барып, жергиликтүү депутаттар менен жолукту. Ал Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG